Гормондор
29.1.9 Гормондор ЭСТРОГЕН Синтетикалык эстроген малды күүгө келтирүү үчүн колдонулат. Бул жатындын өнөкөт инфекциясы (пиометра) менен ылаңдаган малга жана такыр күүлөбөгөн малдарга колдонулат. Ийне сайганда 3 күндөн кийин күүгө келет. Уруктандыруу үчүн табигый күүгө келүүсүн күтүү жакшыраак болот (3 жумадан кийин келет).
Эскертүү: Эстроген сайуу бала салууга жана жумурткалык бездердин кисталык ылаңына алып келиши мүмкүн. Алар кээ бир өлкөлөрдө мыйзамсыз деп табылган.
Доза: Сунуштаманы окугула!
ОКСИТОЦИН
Бул жатындын жыйрылышына жана сүттүн ийишине түрткү берет.
ОКСИТОЦИН малдын чөбү түшпөй калганда колдонулат. 153-бетти карагыла.
Бул чочколордун дистоциясын дарылоо үчүн колдонулат. 138-бетти карагыла.
Доза: Сунуштаманы окугула!
ПРОСТАГЛАНДИН
Бул дары ургаачы жаныбарды күүгө келтирүү үчүн колдонулат. Эстрогенге караганда колдонуу коопсуз, ошондуктан кээ бир өлкөлөрдө бул дары мыйзамдуу, бирок эстрогендер мыйзамдуу болбойт. Бирок баасы адатта, кымбатыраак болот.
Эскертүү: Бул дары бооз малдын бала салуусуна себеп болот. Ошондуктан аны этияттык менен колдонуу керек.
Доза: Сунуштаманы окугула!