Антидоттор

29.1.6 АНТИДОТТОР

АТРОПИН (атропин сульфаты)

Көрсөтмөлөр: Атропин инсектициддердин органофосфаттары менен ууланууда антидот катары колдонулат. 83-бетти карагыла. Көрсөтүлгөн дозалар болжолдуу болуп саналат. Атропин жетишээрлик жогорку дозада жана көп учурда органофосфат менен уулануунун белгилерин көзөмөлдөө үчүн берилиши керек.

Эскертүү: Жогорку дозалар дүүлүгүүгө, ооздун кургоосуна, кусууга, ичтин катуусуна, талмага, жүрөктүн тез-тез кагышына жана шокко алып келиши мүмкүн.

Доза жана берүү жолу:

Жылкыларга - 0.22 мг/кг, булчуңга, теринин астына Бодо малга - 0.5 мг/кг, булчуңга, теринин астына Чочколорго - 0.22 мг/кг, булчуңга, теринин астына Койлорго - 0.5 мг/кг, булчуңга, теринин астына Эчкилерге - 0.5 мг/кг, булчуңга, теринин астына Иттерге - 0.2-2.0 мг/кг, булчуңга, теринин астына Мышыктарга - 0.2-2.0 мг/кг, булчуңга, теринин астына Организмден чыгуу мөөнөтү: белгисиз ЭПИНЕФРИН (адреналин)

Көрсөтмөлөр: Эпинефрин экстремалдык аллергиялык реакцияны (анафилаксия) дарылоо үчүн тез жардам катары колдонулат. Бул капыстан, катуу, өмүргө коркунуч туудурган аллергиялык реакциялар курт-кумурскалардын чакканынан, эмдөө реакциясынан же пенициллиндин таасиринен болушу мүмкүн.

Cактык чаралары: Эпинефрин коркуу, толкундануу, кусуу, жүрөктүн кагышын тездетиши мүмкүн. Эпинефриндин таасири бир нече мүнөткө гана созулат, бирок көбүнчө дозасын кайталоонун кереги жок.

Дозасы жана берүү жолу: 1:1,000 эритмеге (1мг/мл)

Жылкыларга - 0,3-0,5 мл 45 кг, булчуңга, теринин астына Бодо малга - 0,5-1,0 мл 45 кг булчуңга, теринин астына Чочколорго - 0,5-1,0 мл 45 кг булчуңга, теринин астына Койлорго - 0,5-1,0 мл 45 кг булчуңга, теринин астына Эчкилерге - 0,5-1,0 мл 45 кг булчуңга, теринин астына Иттерге - 10 кг 0,1-0,2 мл көк тамырга, булчуңга, теринин астына Мышыктарга - 0,1 мл көк тамырга, теринин астына (1:10,000 эритмеси үчүн жогоруда көрсөтүлгөн көлөмдөн 10 эсе көп бергиле, анткени анын курамында 0,1 мг/мл бар)