Кошумчалар/колдоочу каражаттар (Витаминдер жана минералдар)

29.1.5 Кошумчалар / Колдоочу каражаттар (Витаминдер жана Минералдар)

Азык-түлүктүн жетишсиздиги өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, жогорку сапаттагы тоюттардын жетишсиздигинен жана мите инфекциялардан улам кеңири таралган маселе. Витаминдердин жана минералдардын жетишсиздиги өзгөчө көп кездешет. Бул үчүн мыкты дарылоо кымбат дарылары колдонуу эмес, жакшы тоют менен камсыз кылуу болуп саналат. Бирок кээ бир учурларда малдын тоютка табитин жана ден соолугун тез калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн дарылар да куюлат. Жакшы тоюттар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн 106-бетти карагыла.

ТЕМИР ДЕКСТРАНЫ

Көрсөтмөлөр: Темир декстраны көбүнчө чочколорго колдонулат. Ал ошондой эле жаракаттан же мителер каптап кеткенден улам көп кан жоготкон жаныбарлар үчүн керек болот.

Эскертүү: Дозаны кылдаттык менен эсептеп, балдардан алыс кармагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 500-1000 мг булчуңга (2-3 жерге бөлүп) 7 күн Чочколорго - 100-200 мг булчуңга, 1-4 күн; же 50-100 мг булчуңга, ар бир 7 күн Иттерге - 10-20 мг булчуңга бир жолу Мышыктарга - 50 мг булчуңга бир жолу Организмденчыгуу мөөнөтү: талап кылынбайт А ЖАНА D ВИТАМИНДЕРИ Көрсөтмөлөр:Тоюттун сапаты начар болгондо A жана D витаминдери жетишсиз болот. Концентрация жана колдонуу багыттары ар бир өлкөдө ар кандай болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн дозалар АКШнын товарларына тиешелүү, аларда ар бир миллилитрде 500 000 мл витамин А жана 75 000 мл витамин D3 бар.

Cактык чаралары: Ийне сайуу абдан катуу оорутат, малдын бекем маталышын текшергиле.

Дозасы жана берүү жолу:

Бодо малга - Жетилгендерге 2-4 мл булчуңга Бир жаштагыларга 1-2 мл булчуңга Музоолорго 0.5 - 1.0 мл булчуңга Чочколорго - чоңдоруна 1-2 мл булчуңга Жаштарына 0.5-1.0 мл булчуңга Торопойлорго 0.25-0.5 мл булчуңга Койлорго 1-2 мл булчуңга Бордолуп жаткан козуларга 0.5-1.0 мл булчуңга Козуларга 0.25-0.5 мл булчуңга Эскертүү: Алар оозу аркылуу да берилиши мүмкүн. Дарыдагы көрсөтмөлөрдү аткаргыла, бул витаминдер өтө көп убакыт берилсе уулуу болушу мүмкүн.

Организмден чыгуу мөөнөтү: Эттен 60 күндө.

В ВИТАМИН КОМПЛЕКСТҮҮ ИЙНЕ САЙУУ

Көрсөтмөлөр: В-комплексинин витаминдери - бул В жана башка витаминдер менен тыгыз байланышкан. Концентрациясы жана багыттары ар бир өлкөдө ар кандай болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн дозалар болжолдуу болуп саналат.

Cактык чаралары: Бул витаминдердин таасирин жок кыла турган жарыктан, күн нурунан жана ысыктан сактагыла. Териге же кийимге төгүлсө, так болушу мүмкүн. Ийне сайганда абдан оорутушу мүмкүн, жаныбардын бекем байланганын текшергиле.

Дозасы жана берүү жолу: Сунуштаманы жакшылап окугула.

Организмден чыгуу мөөнөтү: Талап кылынбайт.

КАЛЬЦИЙ (Калборал, Мифекс ж.б.)

Жогорку өндүрүмдүү жаныбарлар үчүн керек (мисалы, сүт безгеги, 270-бетти карагыла.) Бул жогорку өндүрүмдүү саан уйларга кышында сейрек талап кылынат. Толук кандуу тоюттанбаган малдарга ооз аркылуу берүү керек. Сүт безгегин дарылоо үчүн керек болсо, бөтөлкөдөгү сунуштаманы кылдат окугула. Эч качан кальцийди көк тамырга өтө тез куйбаш керек. Тескеринче акырындык менен тамчылатып куйгула.