Диуретиктер (фуросамид, ласикс, ридема):

29.1.4 Диуретиктер (Фуросемид, Ласикс, Ридема):

Диуретиктер организмди заара чыгаруу менен ашыкча, керексиз суудан (шишиктен) арылтат. Кээде оор тууттан кийин, диуретиктин жардамы менен, жыныс кынынын тегерегиндеги шишикти кетирүүгө болот. Шишип кеткен желин диуретик ийне сайуудан кийин азыраак шишип жана азыраак оорушу мүмкүн.

Эскертүү: Заара чыгара албай жаткан жаныбарларга эч качан диуретиктер колдонулбасын. Диуретиктер кымбат жана өтө кооптуу болушу мүмкүн. Алар керек болгондон ашыкча колдонулуп жатат.

Дозасы: Диуретиктердин түрүнө жараша айырмаланат. Сунуштаманы окугула.