Сезгенүүгө каршы дарылар

29.1.3 Сезгенүүгө каршы дарылар Сезгенүү - бул организмдин микробдук, химиялык же физикалык таасирге реакциясы. Сезгенүү дене табынын жогорулоосун (ысытманы), кызарууну, ооруну, шишикти жана функциянын бузулуусун пайда кылат. Жакшы мисал аарынын чагуусу болуп берет. Сезгенүү дененин каршы күрөшүүсү, зыянды көзөмөлдөөсү жана айыктырып баштоо аракети болуп саналат. Кээ бир учурларда сезгенүү процесси узак мөөнөттүү көйгөй болуп калышы мүмкүн. Мындай учурларда сезгенүүгө каршы дарыларды берүү жолу сезгенүүнү азайтуу үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Бул дарылар "стероиддер" жана "стероиддик эмес" деген эки чоң топко бөлүнөт. "Стероиддер", адатта, сезгенүүнү чектеген кортизон сыяктуу организмде иштелип чыккан гормондорго окшош. "Стероид эместер" - сезгенүүнүн белгилерин бөгөттөөчү аспирин сыяктуу синтетикалык дарылар. Ар бир топтун жакшы жана жаман таасирлери бар. "Стероиддер" организмдин жугуштуу ылаңдарга каршы коргонуусун төмөндөтөт, ашыкча табитти ачат, салмак коштурат, сууну көп ичирет анан заара чыгартат. "Стероид эместер" дүүлүктүрүп, ичеги-карын тутумунда жараларды пайда кылышы мүмкүн. Сезгенүүгө каршы дарылардын төмөндөгү тизмеси жаныбарлар үчүн эң кеңири таралган дарыларды камтыйт.

Стероиддер Эскертүү:

1. Эгерде эне малдын өмүрүн сактап калуу үчүн зарыл болбосо, стероиддерди бооз малдарга берүүгө болбойт. Алар, айрыкча, туутка аз калганда ийне сайылгандан кийин 2-4 күндөн кийин төл салуусу толук ыктымал.

2. Эгерде малдын жарааты болсо, ага бир эле учурда антибиотиктер менен стероиддерди эч качан бербеш керек, болбосо жаныбар инфекциядан өлүп калуусу мүмкүн.

ДЕКСАМЕТАЗОН

Көрсөтмөлөр:Дексаметазон - күчтүү жана узакка созулган сезгенүүгө каршы стероиддик дары. Ал артрит, аксактык жана булчуң жаракаттарын дарылоодо пайдалуу.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 0,02-0,2 мг/кг ооз аркылу, булчуңга, көк тамырга, 1 күндө Бодо малга - 5-10 мг/кг булчуңга, көк тамырга, 1 күндө Чочколорго - 1-10 мг булчуңга, көк тамырга, 1 күндө Иттерге- 0,25-1,25 мг-дан, суткасына 3-5 күнгө чейин; же 0,5-1 мг булчуңга, көк тамырга, күн сайын 3-5 күнгө чейин Мышыктарга - 0,125-0,5, булчуңга, көк тамырга, күн сайын 3-5 күнгө чейин Коёндорго - 2,6-4 мг/кг булчуңга, зарылчылыкка жараша Организмден чыгуу мөөнөтү: Белгисиз Cактык чаралары: Жогорудагы эскертүүнү карагыла.

ПРЕДНИЗОЛОН

Көрсөтмөлөр:Преднизолон - бул артрит, аксактык жана булчуңдардын жаракаттарын дарылоодо пайдалуу болгон орто мөөнөттүү стероид. Бул преднизон менен дээрлик бирдей.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - суткасына 0,25-1,0 мг/кг булчуңга Бодо малдарга - суткасына 0,2-1,0 мг/кг булчуңга Чочколорго - суткасына 0,2-1,0 мг/кг булчуңга Иттерге - 0,5 мг/кг, ооз аркылуу ар 1-2 күндө Мышыктарга - 1,2 мг/кг, ооз аркылуу ар 1-2 күндө Организмден чыгуу мөөнөтү: Белгисиз Cактык чаралары:Жогорудагы эскертүүнү карагыла.

Стероид эместер АСПИРИН – Бул бөлүмдө 29.2.5 Ичилүүчү дарыларды карагыла.

ФЛУНИКСИН МЕГЛЮМИН (Банамин, Финадин)Көрсөтмөлөр: Флуниксин меглюмин абдан күчтүү (аспирин сымал) сезгенүүгө каршы каражат болуп саналат, ал негизинен жылкылар жана бодо малда аксактыкты, жаталакты жана ич өтүүнү дарылоо үчүн колдонулат.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 1,1 мг/кг, булчуңга, көк тамырга, күнүнө 1-3 жолу Бодо малга - 2,2 мг/кг көк тамырга 12 саат сайын керек болсо, жалпы 3 доза Чочколорго - 2,2 мг/кг ар бир 12 саат сайын булчуңга терең сайуу керек Зарыл болсожалпы 3 доза (Австралия пакетинин тиркемесине ылайык)

Ламаларга - 0,5-1 мг/кг көк тамырга суткасына 1-2 жолу Иттерге - 0,5-1,0 мг/кг көк тамырга, бир же эки жолу гана.

Организмден чыгуу мөөнөтү: Бодо мал - эттен 14 күн, сүттөн 4 күн Эскертүү: Мышыктарга колдонууга болбойт. Бооз жаныбарларга этияттык менен колдонуу керек. Узакка созулган жогорку дозалар ичеги-карында жара пайда кылат. Дары ылаңды жакшы басаңдаткан үчүн, операция керек болгон жаталактын оорусун сездирбей койгону үчүн айыпталат. Кандайдыр бир сезгенүүгө каршы дары менен айкалыштырууга болбойт.

ФЕНИЛБУТАЗОН (Буте, Бутазолидин) Бул бөлүмдө ооз аркылуу берилүүчү дарыларды карагыла, 29.2.5.