Антигистаминдер (фенирамин мелает, хлорфенирамин мелает, прометазин)
29.1.2 Антигистаминдер (фенирамин малеаты, хлорфенирамин малеаты, прометазин)
Бул дарылар кайсы бир уулануу болгондо, айрыкча, дененин бир бөлүгү шишип кетсе, пайдалуу болот. Ошондой эле курт-кумурскалар чакканда да пайдалуу. Антигистаминдер мал ылаңдап калгандан кийин дароо колдонулса гана пайдалуу болот. Эгерде жаныбарды бир нече күн мурун тиштеп же чакса, анда бул дары пайдасыз болуп калышы мүмкүн. Аллергиялар боюнча 5-бөлүм, 84-беттен карагыла.
Дозасын жана нускамалардагы колдонуу эрежелерин аткаргыла.
Бир колдонуудан эч кандай пайда чыкпаса, кайра кайталоонун кереги жок. Эгерде биринчи дары жардам берсе, анда мал жакшырганга чейин күнүнө эки жолу сайылышы керек.