Антибиотиктер

29.1.1 Антибиотиктер • Антибиотиктердин милдети – ар кандай ылаңдарды пайда кылуучу бактерияларды өлтүрүү же алардын өсүүсүнө жол бербөө. Негизинен антибиотиктер бактериялардын айрым түрлөрүнө гана каршы натыйжалуу иштейт. Белгилүү бир ылаң көйгөйү үчүн туура антибиотикти тандоо МСККнүн милдети болуп саналат.

• Эгерде антибиотиктер туура колдонулбаса, анда антибиотик ошол бактерияга каршы иштебей калганга чейин бактериялар күчөйт. Бул "антибиотикке туруктуулук" деп аталат жана бул дүйнөдө өсүп жаткан көйгөй. Кээ бир ылаңдарга каршы жакшы иштеген айрым бир антибиотиктер азыр натыйжалуу болбой калды.

• Негизинен чөп менен тоюттанган чоң малга антибиотиктерди тоют менен бербегиле, анткени антибиотиктер карындагы пайдалуу микроорганизмдерди да өлтүрөт. Анын ордуна антибиотиктерди ийне сайып колдонгула. Бирок эгерде ийне сая ала турган киши болбосо, чоң малга (мисалы, бодо мал, буйвол ж.б.) антибиотиктерди тоютка кошуп берүү зарыл болуп калышы мүмкүн.

• Вирустардан келип чыккан ылаңдарга каршы антибиотиктерди колдонгонго болбойт. Ылаң вирус менен башталып, андан кийин бактерия көйгөйлөрү жаралган учурларда колдонсоңор болот. Маселен, малдын буту шарп ылаңынан (вирус) жараат алышы мүмкүн. Кийинчерээк бул жаралар инфекцияга айланат (бактерия). Пенициллин шарп вирусуна каршы эч нерсе кылбайт, бирок жарадагы бактерияларды жок кылууга жардам берет.

• Бул китепте антибиотиктердин 6 түрүнүн тобу жазылат. Ар бир топ организмде ар кандай иштейт жана ар бири ар кандай микроорганизмдерге каршы ар башка таасир берет. Антибиотиктердин ар бир түрү организмде ар кандай убакытка чейин сакталат. Туура убакытта антибиотиктерди “токтотуу” керек, болбосо антибиотиктер менен дарыланган малдын этин жеген же сүтүн ичкен адамдарга зыяндуу болушу мүмкүн. 348-бетти карагыла. Антибиотиктердин беш тобу:

-пенициллин жана цефалоспорин тобу;

-тетрациклин тобу;

-аминогликозиддер тобу;

-сульфа тобу;

-хлорамфеникол тобу, ж.б.

Пенициллин жана Цефалоспорин тобу Бул топко пенициллин, амоксициллин, ампициллин, цефалексин, цефтиофур жана башкалар кирет. Пенициллин азыркыга чейин малдын көптөгөн инфекциялары үчүн абдан пайдалуу антибиотик болуп саналат. Айрыкча ириң чыгаруучу инфекциялардын түрлөрүнө жакшы. Ошондой эле пенциллинди колдонуу коопсуз. Өтө көп колдонуу малды өлтүрбөйт, бирок өтө аз колдонулса, антибиотиктер. таасир бербей калат. Кээ бир малдар пенициллинге аллергия болуп, тери кызарып, кычышат. Башка малдарда кадимки дем алууга тоскоол болгон аллергиялык реакция пайда болушу мүмкүн. Мындай жаныбарлар абдан тез өлүмгө дуушар болот. 85-бетти карагыла. Мындай реакцияны эпинефрин менен дарылоого болот. Эгерде малда пенициллинге аллергиялык реакция болсо, анда ал малга пенициллиндин эч кандай түрүн кайра колдонбош керек. (Аллергиялык реакцияны пайда кылган бардык дары-дармектерди - ошол малдарга эч качан колдонбоо керек, болбосо ал өлүп калуусу мүмкүн). Төмөнкү таблицалардан көрүнүп тургандай, пенициллин малдын ар кандай инфекцияларын, айрыкча малдын терең жарааты болгон селейме ылаңынын алдын алуу үчүн абдан натыйжалуу. Пенициллиндер жана цефалоспориндер көбүнчө бактериянын түрү белгисиз болгон ылаңдарга колдонулган биринчи антибиотиктер. Алар аминогликозиддик антибиотиктер менен айкалышканда өзгөчө жакшы иштейт. Аларды тетрациклиндер, сульфалар же левомицетин менен айкалыштырууга болбойт. Пенициллиндер кыйла арзан, бирок цефалоспориндер абдан кымбат болушу мүмкүн.

Аминогликозиддер тобу Бул топко стрептомицин, гентамицин, канамицин, неомицин жана башкалар кирет. Аминогликозиддер бактериялардын ичиндеги химиялык механизмди бузуп, бактерияларды өлтүрүшөт. Алар кээ бир көп байкалган бактерияларга каршы абдан натыйжалуу, бирок кулак жана бөйрөк үчүн уулуу терс таасирлери бар. Ошондуктан этияттык менен колдонуу керек. Негизинен, бул дарылар ашказанга кирсе, алар ичегиде калат, ийне менен сайылган болсо, алар ички ткандарда калат. Көбүнчө жаш малдардын ич өткөк ылаңын жакшы дарылайт. Ийне менен куюлган аминогликозиддер денеден өтө узак мөөнөттө чыгат. Аминогликозиддерди тетрациклиндер, сульфалар же левомицетин менен айкалыштырууга болбойт.

Тетрациклин тобу Бул топко тетрациклин, окситетрациклин, хлортетрациклин жана башкалар кирет. Алар бактериялардын өсүүсүн токтотуп, натыйжада алар өсө албай калат. Алар боорго, дем алуу жолуна жана териге натыйжалуу. Тетрациклиндерди ооз аркылуу, ийне менен же териге көзгө колдонулат. Аларды жылкыларга колдонбогула, анткени жылкылар тетрациклиндерге өзгөчө реакциядан өлүп калуусу мүмкүн. Арзан жана жеткиликтүү. Башка антибиотиктер менен айкалыштырбоо керек.

Сульфа тобу Бул топко сульфаметазин жана сульфадимидин сыяктуу "сульфа" аты менен башталган көптөгөн антибиотиктер кирет. Антибиотиктердин бул классы 1930-жылдардан бери бар. Сульфаларды ооз аркылуу, укол менен же жарааттарды дарылоодо сыртка колдонсо болот. Сульфаларды башка антибиотиктер менен бирге бербегиле.

Кайсы антибиотикти колдонууну чечүү - кээ бир практикалык таблицалар Оорулардын көптүгү жана антибиотиктерге туруштук берүү көйгөйү, туура антибиотикти тандоону кыйындатат. Бирок төмөнү эрежелер натыйжалуу антибиотикти тандоого жардам бериши керек. Эгерде биринчи тандоо 3-5 күндөн кийин иштебесе, анда тизмедеги башкасына өткүлө. Башка антибиотике өткөндө, балким, башка топтогу антибиотикти тандаганыңар оң.

Мисалы, пенициллин жардам бербесе башка топтун антибиотиктерин колдонуп көрүү жакшыраак (Дарылар жана алардын колдонулушу).

(Байкоо: Пен = пенициллин жана цефалоспорин тобу, Тетр = тетрациклин тобу, Амин = аминогликозид тобу, сульф - сульфа тобу, хлор = левомицетин генитурар = уруктануу же заара чыгаруучу тутумга таасир этүүчү абал)

Жылкы жана эшектер үчүн антибиотиктердин таблицасы Абал (көйгөй) Биринчи тандоо Экинчи тандоо Пневмония Пен, Амин Сульфа Ич өтүү Пен, Амин (ооз ар-у) Сульфа Жыныс бези Пен Амино Башка жумшак тк-р Пен Сульфа Бодо мал жана буйвол үчүн антибиотиктердин таблицасы Абал (көйгөй) Биринчи тандоо Экинчи тандоо Пневмония Пен, Тетр Сульфа, Амин Ич өтүү Амин (ооз) Сульфа Жыныс без-и Пен Амин, Сульфа Мастит Пен Тет, Сульфа Башка жумшак тка-р Пен Тет Чочко үчүн антибиотиктердин таблицасы Абал (көйгөй) Биринчи тандоо Экинчи тандоо Пневмония Пен Тет Ич өтүү Амин (ооз) Сульфа, тилозин Жыныс без-и Пен Тет Тери Пен Амин Койлор жана эчкилер үчүн антибиотиктердин таблицасы Абал (көйгөй) Биринчи тандоо Экинчи тандоо Пневмония Тет Сульфа, тилозин Ич өтүү Амин Сульфа Жыныс без-и Тет Пен, Амин, Сульфа Мастит Пен Амин Башка жумшак тка-р Пен Тет Иттер жана мышыктар үчүн антибиотиктердин таблицасы Абал (көйгөй) Биринчи тандоо Экинчи тандоо Пневмония Пен, Сульфа Амин, Тет Ич өтүү Пен, Амин (ооз) Сульфа, Хлор Жыныс без-и Пен Сульфа Башка жумшак тка-р Пен Сульфа Тери Хлор Эритро, Сульфа Пенициллиндерди жана цефалоспориндерди колдонуу Пенициллин уколдорунун ар кандай түрлөрү: Пенициллиндердин кээ бир түрлөрү тез иштей баштайт, бирок андан кийин бактерияларды кыска убакытка гана өлтүрө алышат. Булар кыска же орто таасир берүүчү пенициллин деп аталат. Пенициллиндин башка түрлөрү иштей баштоосу үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынат (дээрлик бир күн), бирок алар бир нече күн иштешет. Булар узакка таасир берген пенициллин деп аталат.

Жыйынтыктоо: Пенициллин теринин, булчуңдардын жана жатындын инфекциялары үчүн тандалган дары болуп саналат. Айрыкча, селейме үчүн жакшы таасир берет. Прокаин же бензатин пенициллинди эч качан көк тамырга сайбагыла. Булчуңга же теринин астына гана сайгыла. Пенициллин флакондо (айнек бөтөлкө) майда дары түрүндө болушу мүмкүн жана аны дистирленген сууга же кайнап-муздатылган сууга аралаштыруу керек. Же алдын ала аралашкан, суюктук түрүндө болушу да мүмкүн. Дарыны сууга аралаштыргандан кийин 7 күндө күчүн жоготот, андан кийин колдонууга болбойт.

ПЕНИЦИЛЛИН G (бензатин)

Көрсөтмөлөр: Жогорудагы “пенициллин жана цефалоспорин тобун” карагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкылар - 10,000-40,000 мг/кг, булчуңга, 2-3 күндө бир Бодо мал- 40,000 мгкг, булчуңга, 2-3 күндө бир Чочко- 40,000 мг/кг, булчуңга, ар 2-3 күндө Кой - 15,000 мг/кг, булчуңга, ар бир 4-5 күндө Иттер - 40,000 мг/кг, булчуңга, ар бир 5 күн Мышыктар - 40,000 мг/кг, булчуңга, 5 күн сайын Коён - 40,000 мг/кг, булчуңга, эки күн сайын Чыгуу мөөнөтү: байкоо: натыйжалуу дозалар белгиленген дозадан кыйла жогору болот, ошондуктан денеден чыгуу мөөнөтү нускамада көрсөтүлгөндөн көбүрөөк болуш керек.

Мал - булчуң дозасы, эт 21 күн, сүт 13 күн Теринин астына берилүүчү дозасы, эттен 42 күндө Cактык чаралары: Бул узак мөөнөттүү пенициллин препараты, дозалардын ортосундагы убакытка өзгөчө көңүл бургула.

Пенициллин G (прокаин)

Көрсөтмөлөр: Жогорудагы “пенициллин жана цефалоспорин тобун” карагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкылар - 20,000-50,000 мг/кг, булчуңга, күнүнө 2-3 жолу Бодо мал - 20,000-54,000мг/кг, булчуңга, тери астына күнүнө 1-2 жолу Чочко - 20,000-54,000 мг/кг, булчуңга, тери астына күнүнө 1-2 жолу Кой - 6-16 мг/кг, булчуңга, күнүнө 1-2 жолу Лама - 40,000 мг/кг, тери астына, күн сайын Иттер - 20,000 мг/кг, булчуңга, тери астына күнүнө 1-2 жолу Мышыктар - 20,000 мг/кг, булчуңга, күнүнө 1-2 жолу Коён - 50,000-100,000 мг/кг, булчуңга, күнүнө 2 жолу Чыгуу мөөнөтү: Эскертүү: натыйжалуу дозалар белгиленген дозадан бир топ жогору. Ошондуктан чыгуу мөөнөтү нускамада көрсөтүлгөн мөөнөттөн көбүрөөк болуш керек.

Бодо малдан - булчуң дозасы, эттен 21 күндө,теринин астына сайылган дозасында, эттен 42 күндө чыгат АМПИЦИЛЛИН (Полифлекс, Альбипен)

Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "пенициллин жана цефалоспорин тобун" карагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкылар- 11-22 мг/кг, Булчуңга, көк тамырга, күнүнө 2-3 жолу Бодо мал- 5-12 мг/кг Булчуңга суткасына бир жолу Чочко - 5-12 мг/кг булчуңга суткасына бир жолу Лама - 11 мг/кг көк тамырга, күнүнө 3 жолу Иттер- 22 мг/кг, ооз аркылуу, күнүнө 3 жолу; же 11-22 мг/кг, теринин астына, булчуңга, суткасына 3-4 жолу Мышыктар- 22 мг/кг, ооз аркылуу, күнүнө 3 жолу; же 11-22 мг/кг, теринин астына,булчуңга, суткасына 3-4 жолу Коёндор- 10 мг / кг булчуңга, күнүнө 2 жолу, же 20 мг / кг теринин астына, күнүнө 2 жолу, же 20 мг/кг, күнүнө 2 жолу Организмден чыгуу мөөнөтү: Бодо малдан - эттен 6 күндө, сүттөн 2 күндө ЦЕФАЛЕКСИН (Кефлекс)

Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "пенициллин жана цефалоспорин тобун" карагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкылар- 10-30 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 3-4 жолу Койлор- 30 мг/кг. тери астына Иттер - 10-30 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 2-4 жолу Мышыктар - 10-30 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 2-4 жолу Коёндор- 15 мг/кг, тери астына, күнүнө 2 жолу Деңиз каманы- 15 мг/кг, булчуңга, күнүнө 2 жолу Тоок - 55–110 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 2 жолу КЛОКСАЦИЛЛИН (Орбенин, Дариклокс, Дриклокс)

Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "пенициллин жана цефалоспорин тобун" карагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Бодо мал - 500 мг цефапирин бензатин; же 200 мг цефапирин натрийин эмчектин ичине ар бирине куюлат Иттер - 10-40 мг/кг ооз аркылуу же булчуңга күнүнө 3-4 жолу Мышыктар - 10-40 мг/кг ооз аркылуу же булчуңга күнүнө 3-4 жолу Организмден чыгуу мөөнөтү:

Бодо мал - Цефапирин бензатин; эттен жана сүттөн чыгуусу 30 күн, цефапирин натрий; этти 10 күн, сүттү 2 күн (Канадада 2,5 күн) колдонбойт.

Cактык чаралары: Бензатин тундурмасын саалбаган уйларга гана колдонуу керек.

Пенстреп (Пенициллин G Прокаин + Дигидрострептомицин)

Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "пенициллин жана цефалоспорин тобун" карагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкылар - 10-12 млбулчуңга, күнүнө 1-2 жолу Кулундар - 1 мл/22 кг, күнүнө 1-3 жолу Бодо мал - 10-12 мл булчуңга, күнүнө 1-2 жолу Музоолор- 1 мл/22 кг, күнүнө 1-3 жолу Чочко - 1 мл/22 кг, күнүнө 1-3 жолу Кой - 1 мл/22 кг, 1 мл/22 кг, күнүнө 1-3 жолу Организмден чыгуу мөөнөтү: Эттен 30 күндө, сүттөн 3 күндө.

Аминогликозиддерди колдонуу ГЕНТАМИЦИН (гентоцин, гентамицин)

Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "аминогликозиддер тобун" карагыла. Гентамицин – бул оңой жеткиликтүү жана арзан баадагы аминоглицид, ал көбүнчө тери ылаңдарына (ич өтүүгө), ийне сайуу жолу менен, көздүн инфекцияларын дарылоо үчүн офтальмоликалык препараттарда, иттердин жана мышыктардын кулак инфекцияларын дарылоо үчүн колдонулат. Бодо малга жана чочколорго сайганда денеден чыгуу мөөнөтү узак болоорун көңүлгө түйгүлө. Оозу аркылуу берилгенде ичегиден сиңбейт.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкылар 2-4 мг/кг, булчуңга, тери астына, көк тамырга, күнүнө 1 жолу Бодо мал - 2.2 мг/кг, булчуңга, көк тамырга, суткасына 3 жолу Чочколор- 5 мг, булчуңга 1–3 күндүк чочколорго, же 1–3 күндүк чочколорго оозуна 5 мг; же 25 г / галлон ичүүчү суу менен 3 күнгө Ламалар - 2 мг / кг булчуңга, күнүнө 3 жолу Иттер- 2 мг/кг, тери астына, булчуңга, күнүнө 3 жолу Мышыктар - 2 мг/кг, тери астына, булчуңга, күнүнө 3 жолу Тооктор- 0,2–1 мг жалпы дозасы, тери астына, күнүнө 1 жолу Коендор- 4 мг/кг, булчуңга, күнүнө 1 жолу Күзөн - 5 мг / кг, булчуңга, күнүнө 1 жолу Гербил - 5 мг/кг, булчуңга, күнүнө 1 жолу Гвинея чочкосу - 5 мг/кг, булчуңга, күнүнө 1 жолу Хомяк - 5 мг / кг, булчуңга, күнүнө 1 жолу Организмден чыгуу мөөнөтү:

Бодо мал - эттен 180-360 күндө, сүттөн 5 күндө Чочко – ийне сайууда, эттен 40 күндө; ооз аркылуу берилсе, эттен 3-14 күндө Cактык чаралары: Узак мөөнөткө жогорку дозада берилгенде бөйрөк жабыркашы мүмкүн. Аминогликозиддер тобундагы дарыларды башка дарылар менен бирге колдонууга болбойт.

Тетрациклиндерди колдонуу Булар да кеңири спектрдеги антибиотиктер, анткени алар көп бактериялардын түрүн өлтүрүшөт. Алар базарда террамицин, оксистеклин, хостациклин ж.б. аттар менен кездешет. Базарда бул антибиотиктер ар кандай концентрацияда болот, мисалы 50 мг/мл же 100 мг/мл. Көбүнчө алар тез таасир берип баштайт, бирок күн сайын берилиши керек. Кээде узак убакытка таасир бере турган тетрациклиндерди чыгарышат. Кээ бир түрлөрүн көк тамырга сайса болот, ал эми кээ бир түрлөрүн сайганга болбойт. Андыктан сунуштамасын кунт коюп окуп чыккыла!

Cактык чаралары: Эч качан жылкыга, эшекке жана качырга колдонбогула, анткени ал сокур ичегидеги микроорганизмдерге зыян келтирет. Мүмкүн болсо, кепшөөчү малдарга оозу аркылуу бербегиле. Таблетка, майда, суюктук, укол, болус ж.б. түрлөр бар. Тетрациклинди иттер менен мышыктарга эч кандай көйгөйсүз колдонсо болот. Бирок ийне сайганга мүмкүнчүлүк жок болсо, аны кепшөөчү малдарга колдонууга болбойт.

ОКСИТЕТРАЦИКЛИН

Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "тетрациклин тобун" карагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Бодо мал - 4-11 мг/кг булчуңга, көк тамырга суткасына; же10-20 мг/кг, күнүнө 4 жолу Бодо мал - Узак таасир берүүчү дары (LA-200)20 мг/кг булчуңга бир жолу Чочколорго - 6-11 мг/кг булчуңга, көк тамырга суткасына; же Ооз аркылуу 10-20 мг/кг, күнүнө 4 жолу Чочколорго - Узак таасир берүүчү дары(LA-200)

20 мг/кг ар 2 күндө Койлорго - 10-20 мг/кг, күнүнө 4 жолу; же 6-11 мг/кг булчуңга, көк тамырга, күнүнө 1 жолу Койлорго - Узак таасир берүүчү дары (LA-200)

20 мг/кг ар 3 күндө Эчкилерге - 10-20 мг/кг, ооз аркылуу күнүнө 4 маал; же 6-11 мг/кг булчуңга, көк тамырга, күнүнө 1 жолу Эчкилерге - Узак таасир берүүчү дары (LA-200)

20 мг/кг ар 3 күндө Ламаларга - 11 мг/кг булчуңга, күнүнө бир жолу Ламаларга -Узакка таасир берүүчү дары (LA-200)

20 мг/кг ар 3 күндө Иттерге - 7-12 мг/кг булчуңга, көк тамырга суткасына 2 жолу; же 22 мг/кг, күнүнө 3 жолу Мышыктарга - 7-12 мг/кг булчуңга, көк тамырга суткасына 2 жолу; же 22 мг/кг, күнүнө 3 жолу Организмден чыгуу мөөнөтү:

Бодо малга ооздон берилгенде – эттен 5 күндө, сүттөн 4 күндө Бодо малга- булчуңга, көк тамырга - эттен 18 күндө, сүттөн 3 күндө Бодо малга - Узак таасир берүүчү дары эттен 28 күндө Чочкого – Эттен 21 күндө Койго - эттен 21 күндө Cактык чаралары: Жылкыларга колдонбогула. Сүт менен кошо же башка антибиотиктерди бербегиле. Бул ашказан ылаңына алып келиши мүмкүн. Эгерде укол чоң көлөмдө болсо, аны бир нече жерге бөлүп сайуу керек.

Сульфаларды колдонуу Бул дарылар адатта, ооз аркылуу берилүүчү дары катары сатылат, бирок кээде ийне менен сайылган учулары да болот. Алар антибиотиктердей эле иштейт, бирок карындагы пайдалуу микроорганизмдерге терс таасири азыраак болот. Ошондуктан, бул дарылар көбүнчө кепшөөчү жаныбарлардын инфекцияларын дарылоо үчүн ооз аркылуу берилет. Алар көбүнчө ич өткөктү, заара чыгаруу тутумундагы инфекцияларды, жара жана туяк инфекцияларынын кайсы бир түрлөрүн дарылоо үчүн колдонулат.

Бул дарылар көп суу менен берилиши керек. Эгерде жаныбар суу ичпесе, анда бул дарыларды бербегиле, болбосо бөйрөккө зыян келтирет.

СУЛФАДИАЗИН + ТРИМЕТОПРИМ (Трибриссен)

Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "сульфа тобун" карагыла. Бул дары сульфамет-оксазол менен триметопримдин айкалышы. Ал кеңири спектрдеги антибиотик сыяктуу иштейт жана ампициллинге караганда арзаныраак.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 30 мг/кг, ооз аркылуу күнүнө 2–3 жолу; же 15 мг/кг көк тамырга, күнүнө 2 жолу Бодо малга - 30 мг/кг, ооз аркылуу күнүнө бир жолу Чочколорго - суткасына 48 мг/кг булчуңга Койлорго - суткасына 75 мг/кг ооз аркылуу; же күнүнө 13-20 мг/кг булчуңга, тери астына, көк тамырга Иттерге - 15-30 мг/кгдан ооз аркылуу күнүнө 1-2 жолу Мышыктарга - 30 мг/кг, ооз аркылуу күнүнө 2 жолу Организмден чыгуумөөнөтү: Бодо мал - эттен 3 күндө,сүттөн 7 күндө Чочко - эттен 10 күндө Кой - эттен 14 күндө СУЛЬФАДИМИДИН (сульфамез)

Көрсөтмөлөр:Жогорудагы "сульфатобун" карагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Бодо малга - 110 мг/кг суткасына ооз аркылуу; же 150 мг/кг тери астына суткасына Чочколорго - 110 мг/кг суткасына ооз аркылуу, 150 мг/кг суткасына тери астына Койлорго- 110 мг/кг суткасына ооз аркылуу, 215 мг/кг суткасына тери астына Эчкилерге- 110 мг/кг суткасына ооз аркылуу, 215 мг/кг суткасына тери астына Организмден чыгуу мөөнөтү: Бодо мал - эттен 15 күндө, сүттөн 3 күндө Чочко - эттен 15 күндө Кой - эттен 15 күндө Эчки - эттен 15 күндө, сүттөн 3 күндө СУЛФАМЕТАЗИН Көрсөтмөлөр:Жогорудагы "сульфа тобун" карагыла.

Дозасы жана берүү жолу:

Бодо малга - 200 мг/кг бир күн ооз аркылуу, андан кийин 100 мг / кг күнүнө бир жолу Чочкого - 200 мг/кг бир күн ооз аркылуу, андан кийин 100 мг / кг күнүнө бир жолу Койго - 30 мл 12,5% эритме бир күн, андан кийин күнүнө 15 мл Иттерге - 50 мг/кг ооз аркылуу күнүнө 2 жолу Мышыктарга - 50 мг/кг, күнүнө 2 жолу ооз аркылуу Коёндорго - 2 г/л ичүүчү суу менен Тоокторго - 1 г/л ичүүчү суу менен Организмден чыгуу мөөнөтү: Бодо мал - эттен 10 күндө, сүттөн 4 күндө Чочко - эттен 14 күндө