Кеңири тараган минералдык жетишпестиктер
Кеңири тараган минералдык жетишпестиктер Кальций жана фосфор жетишсиздиги Кальций жана фосфор сөөктөр жана тиштер үчүн жана булчуңдардын жана нервдердин туура иштеши үчүн маанилүү. Алардын бооз, эмизген жана өсүп келе жаткан малдын рационунда болуусу өзгөчө маанилүү. Сүт кальций менен фосфордун жакшы булагы болгондуктан, сүт эмген малда бул минералдардын жетишсиздиги сейрек кездешет. Кальций жана фосфорду, адатта чогуу карайт, анткени тоютта эки минералдын бири бирине болгон катышы маанилүү.
Кальций жетишсиздиги: Кальцийдин жетишсиздиги көбүнчө дан эгиндери менен азыктанган чочко же тооктордо кездешет. Бул дандарда фосфор көп, бирок кальций аз. Мындай жетишпестиктин белгиси (арткы буттары иштебей) “ит отуруш” болуп эсептелет, мал кээде такыр тура албай калат. Тооктордо кальцийдин жетишсиздиги баса албай калууга, сөөктөрдүн жумшаруусуна, муундардын шишүүсүнө, начар өсүүгө, жүндөрү уйпаланып, жумурткалардын кабыгы жумшак болушуна алып келет. Кальцийдин жетишсиздигинен улам сүттүү саан уйларда, туут маалында шал болуп калуу коркунучу көп кездешет.


Кальцийдин жетишсиздигинен Кальцийдин жетишсиздигинен алсыз алсыз муундары шишип кеткен тоок Фосфордун жетишсиздиги көбүрөөк кездешет. Көп тропикалык топурактарда фосфор жетишсиз. Фосфордун жетишсиздиги көбүнчө өнөкөт көйгөй болуп саналат.
Белгилери жана диагнозу:
Тоютка табиттин жоктугу.
Арткы буттарынын алсыздыгы жана шал болушу, тукумсуздук, сүт берүүнүн азайышы.
Фосфордун жетишсиздигин толтуруу үчүн жыгачтарды, сөөктөрдү жана башка нерселерди чайноо.
Аксактык, жаш малдын муундары ооруп, шишип кетүүсү (“итий” деп аталат).

Кальций жана фосфор жетишсиздигин дарылоо:
Фосфордун жетишсиздиги курамында фосфор бар минералдык аралашмаларды берүү менен дарыланат. Дикальций фосфаты жана фторсуз фосфат фосфордун жакшы булагы болуп саналат.
Туз жетишсиздиги Бардык малдын жана адамдардын рационунда туз дайыма керек. Туз эки негизги минералдан, натрий жана хлоридден турат. Туз булчуңдардын жана нервдердин туура иштеши үчүн зарыл.
Туз жетишсиздиги мал катуу иштегенде жана көп тердегенде, же малдын рационунда туз жетишсиз болгондо пайда болушу мүмкүн.
Белгилери жана диагнозу: Туз жетишпеген мал тузга абдан муктаж болот жана аны табуу үчүн ар кандай нерселерди чайнап, жалайт. Алар табитин жоготуп, арыктап, титиреп калат. Акыры алар өлүмгө дуушар болот.
Туз жетишсиздигин дарылоо минералдык аралашмаларды колдонуу же малга жөнөкөй тузду берүү менен оңой эле ишке ашырылышы мүмкүн. Суу дайыма жетиштүү болсо, мал өтө көп туз жеши мүмкүн эмес.
Йод жетишсиздиги Малдын нормалдуу өсүүсү үчүн аз өлчөмдө йод керектелет. Бул бооз малдардын рационунда өзгөчө маанилүү болуп саналат.
Йод жетишсиздиги кээ бир аймактарда гана кездешет. Саламаттыкты сактоо же, Айыл чарба министрлиги өлкөдө йод жетишсиз аймактардын кайда экенин билип, алдын алуу программасын (жок дегенде, адамдар үчүн) түзгөн болушу мүмкүн.
Белгилери жана диагнозу:
Богок: Эгерде кайсы бир аймактагы адамдардын моюнунун капталдарында чоң дөмпөктөр (богок) болсо, анда ал жерде йод жетишсиз болуусу мүмкүн.
Йод жетишсиз болгон бооз мал көбүнчө алсыз же өлүү тууйт. Өлгөн төлдү союп караса, калкан бези кызарып, чоңоюп кеткени байкалат.
Йоддун жетишсиздигин дарылоо Йод жетишсиз болгон аймактарда йод кошулган туз сатылуусу мүмкүн (Ал "йоддолгон туз" деп аталат) же “минерал туз” берсе да болот. Эгерде йоддолгон туз жок болсо жана жаш малда йод жетишсиз болуп жатса, калий йодун кадимки тузга 10 килограммга 2,2 грамм кылып кошуп берсе болот.
Магний жетишсиздиги Магний, кальций сыяктуу, булчуңдардын жана нервдердин туура иштеши үчүн керек.
Магнийдин жетишсиздиги көбүнчө жогорку кунарлуу койлордо, эчкилерде жана уйларда жетилген тоюттан көк жайытка өткөндө байкалат. Аны көбүнчө "чөп тетаниясы" деп аташат.
Белгилери жана диагнозу Кээ бир мал күтүлбөгөн жерден мурда эч кандай белгилери байкалбастан өлүп калган учурлар болот. Башка мал бир нече күн өзгөчө абалда болуп, жээлигип, анан күтүлбөгөн жерден жыгылып, бир нече сааттын ичинде өлүшү мүмкүн. Өлөөр алдында денеси титиреп, буттарын тыбырчылатат.
Дарылоо:
Атайын ушул үчүн жасалган кальций/магний дарыны көк тамырга сайуу керек. Дарыдагы көрсөтмөлөрдү кылдаттык менен аткаргыла. Көк тамырга дары жаныбардын жүрөгүнүн кагышын көзөмөлдөө менен жай берилиши керек. Жүрөктүн согушу ылдам болуп калса, жүрөктүн согушу кайра калыбына келгенге чейин дарыны сайууну токтотуп, анан кайра жайдан уланткыла. Катуу ылаңдабаган малга кальций/магний дарысын теринин астына сайса болот.
Алдын алуу:
Минералдык аралашмага магний кошуу же жайыттарды жакшыртуу керек.
ВИТАМИНДЕРДИН ЖЕТИШСИЗДИГИНИН БЕЛГИЛЕРИ
А витамининин жетишсиздиги:
сокурдук, тунарган көз, ашыкча жаш агуусу;
баштын кыйшайып калуусу;
координацияланбаган абал, селт этип, эс-учун жоготуу;
тукумсуздук;
деформацияланган туяктар жана теринин, жүндүн абалы бузулуусу;
бузулган, көзү жок, сокур, алсыз же өлүү туулган төл;
-дем алуу органдарынын ылаңдары жана ич өткөктүк.
В витамининин жетишсиздиги:
(В витамининин жетишсиздиги кепшөөчүлөрдө жана жылкыларда сейрек кездешет, бирок тоок жана чочкодо болот.)
Биотин -чочколордо: буттун жаралары.
- Тооктордо: жүндөрү уйпаланган, буттары деформацияланган, бут, тумшук, жана көздүн айланасында терилер карт болуп калат.
Холин -чочкодо: кыймылында координация жок, ийиндер анормалду болуп калат;
Ниацин -чочкодо: ич өтүү, арыктоо, териси менен жүнү катуу болот;
Пантотен кислотасы -чочкодо: “каз басыш” жана кан аралаш ич өткөк болот;
-тооктордо: буттары жоонойуп, жүнү түшүп, көздүн кабактары бири-бирине жабышып, ооздун айланасында котурчалар пайда болот;
Рибофлавин - чочколордо: начар өсүү, тукумсуздук, табит болбойт, тери катуу, же торопойлор өлүү туулат;
- тооктордо: буттар буралып шал болот;
Тиамин - дан же силос менен багылган кепшөөчү малдарда: айланма жана сокурлук болот.
С витамининин жетишсиздиги - Гинея чочколорунан башкаларда кездешпейт.
Витамин D жетишсиздиги - эгерде мал күнгө чыгып жана кесек тоют менен тоюттанган болсо, өтө сейрек кездешет.
-тооктордо: сөөктөрү жана жумурткалардын кабыгы жумшак болот.
Е витамининин жетишсиздиги -булчуңдардын катып калуусу, төлдүн алсыз же өлүү туулушу;
- уйларда чөбү түшпөй калуу көп болот (адатта 5 же андан көп пайыз болот);
- тооктор алсыз болот - тез өсүп жаткан чочколор капыстан өлүп калат.
К витамининин жетишсиздиги - өтө сейрек кездешет; кээде таттуу бедеде оттоп жүргөн жаныбарларда байкалат, кан акканда уюбай калат.
А витамининин жетишсиздиги А витамининин жетишсиздиги малдын эң кеңири тараган витамин жетишсиздиги. Бул витамин сөөктөрдүн нормалдуу иштеши, тукумдоо, ылаңдардан коргонуу жана көрүү үчүн зарыл. Адатта, А витамини жаш, жаңы көк чөптө же сары же кызгылт сары түстөгү азыктарда, мисалы, ар кандай мөмө-жемиштерде болот. Эски тоюттарда А витамини аз болот. Узак мөөнөткө, өзгөчө ысыкта сакталган тоютта А витамини жоголуп кетиши ыктымал.
Белгилери жана диагнозу: А витамини жетишсиз болгон малда көздүн көйгөйлөрү болот. Алар түнкүсүн көрбөй калышы мүмкүн, же көздөрүнөн жаш агып, бүдөмүктөнүп же таптакыр сокур болуп калат. Ошондой эле аларда тукумсуздук, ич өткөк, дем алуу органдардын көйгөйлөрү, туяктардын бузулуусу, теринин жана жүндүн кургап калышы кездешет. А витамини жетишсиз болгон малдан туулган жаныбарлардын көзү жок, сокур, туура өспөй, алсыз же өлүк туулушу мүмкүн. А витамини жетишсиз чочколордун башы кыйшайып калуусу мүмкүн. Бодо мал калчылдап, эси ооп жыгылып калган учурлар болот.
А витамининин жетишсиздигин дарылоо: Жаңы, жаш көк чөп же сары-жашыл түстөгү жашылча-жемиштерди узак убакытка берүү керек Мисалы, бышкан мөмө же жашылчаларды малга берүүгө болот. Катуу жабыркаган жаныбарларга кыска мөөнөттүү чечим катары А витаминди 45 килограммга 2000 МЕ сайуу натыйжалуу болот.
В витамининин жетишсиздиги Чөп менен тоюттанган малдарда В витамининин жетишсиздиги сейрек кездешет, анткени бул витаминдерди тоют сиңирүү трактындагы микроорганизмдер иштеп чыгып турат. Тоют жебей калган малдарга табитин ачуу үчүн В витаминди сайса пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок чыныгы көйгөйдү аныктап, анан дарылоо керек. Силос жеген кепшөөчү мал тиаминдин жетишсиздигинен жабыркап, анын натыйжасында бир жерди айланып жана сокур болуп калышы мүмкүн. Бул жаныбарларга тиамин сайылышы керек. Чочколор менен тооктордо В витамининин жетишсиздиги, өзгөчө, эгерде бир түрдүү жем жеп, анын курамында В витамин жетишсиз болгондо болот. Алар ар түрлүү тоют менен азыктандырылса, мындай көйгөй сейрек кездешет. Бул көйгөйдү дарылоо жана алдын алуу үчүн малдын жемине же суусуна В витаминден кошуп берсе болот.
Е витамининин жетишсиздиги Витамин Е, адатта, табигый тоюттардын көпчүлүгүндө болот. Бирок эски чөп, саман жана дан эгиндеринде Е витамини жетишсиз болушу мүмкүн. Узак мөөнөткө сакталган тоюттар Е витаминин жоготуп коюшу мүмкүн. Е витамининин жана селендин (минералдык) функциялары бири-бири менен тыгыз байланышта жана көбүнчө чогуу каралат.
Белгилери жана диагнозу: Е витамининин жетишсиздиги жаш, сүт берген малдардын булчуңдарына таасир этет. Булчуңдарда ак түстөгү тактар пайда болуп, жакшы иштебей анан мал катып тура албай калат. Кээде жаңы туулган төлдүн жүрөк булчуңдары жакшы иштебей, төл алсыз туулуп же капыстан өлүп калышы мүмкүн.
Витамин Е жетишсиздигин дарылоо: Кыска мөөнөттүү дарылоо үчүн Е витамин менен Селендин аралашмасын бир нече күн сайуу керек болот. Сунуштамада жазылган дозаны кылдаттык менен сактоо керек. Мындан тышкары, узак мөөнөттүү дарылоо үчүн, Е витаминине бай тоют менен тоюттандыруу керек.
Жогору сапаттагы көк чөп Е витамининин жакшы булагы болуп саналат.
Эсиңерде болсун: Тоют начар болгондо, витамин саюу эч качан узакка таасир бербейт!