Минерал заттардын ашыкча болуусу
Минерал заттардын ашыкча болуусу Минералдык заттардын ашыкча болуусу - мал белгилүү бир минералды көп жеп, ылаңдап калган учур. Эң кеңири таралган көйгөй тузга тиешелүү.
"Туз менен уулануу" же "Уулуу туз"
Суунун жетишсиздигинен улам туздан уулануу Эгер ичүүгө суу жетиштүү болсо, мал туздуу тоюттарды эч кандай көйгөйсүз жей алат. Тоют аралашмасына ашыкча туз аралаштырылса да, дени сак малга зыяны тийбейт, анткени ал жеген туздун өлчөмүнө жараша суу ичет. Малга туз берилип, ичкенге суу жетпей калганда “туздан ууланат”. Көйгөй чындыгында туз көптүгүндө эмес, суунун жетишсиздигинде.
Тузду мажбурлап берүүдөн улам уулануу Жергиликтүү каада-салттарга ылайык, кээ бир аймактарда малдын тоютуна туз үзгүлтүксүз, “каалашынча” берилбейт. Анын ордуна ар бир малга айына бир жолудан бир ууч туз берилет. Туз малдын оозуна күч менен берилет. Бул, айрыкча, жумушка чегерилген же, суусу жетишсиз болгон малдарда көйгөйлөрдү жаратат.
Белгилери:
Жалпы белигилери болуп табиттин жоктугу жана малдын анормалдуу кыймылы эсептелет.
Тузга ууланган чочколор Тузга ууланган чочко сокур жана дүлөй болуп көрүнөт. Башкача абалда отуруп, башын чайкап, жыгылат. Акыры бир капталына жатып, титиреп, тырышып, буттарын алдыга-артка кыймылдатып, анан өлөт.

Тузга ууланып титиреп, тырышып калган чочко Тузга ууланган мал Бодо мал кусуп, тынымсыз ичи өтүп, заара чыгарышы байкалат. Арткы буттары чайпалып, мүдүрүлүп же сүйрөп калышы мүмкүн. Жумуш кылган малдар алсырап, жыгылып, иштей албай калат.
Тузга уулануунун диагнозу Диагноз белгилерине жана туз суусуз берилген же малга туз мажбурлап берилгендиги боюнча алынган анемнезге негизделип коюлат.
Тузга ууланууну дарылоо Жабыркаган малга таза суу бергиле. Бирок сууну дароо бербегиле, анткени мында белгилерди күчөтүшү мүмкүн. Тескерисинче, аз-аздан тез-тез бергиле. Мисалы өгүзгө аар бир жарым саат сайын бир литрден суу берип тургула. Белгилери өтүшүп кеткен мал дарылоого карабастан өлүмгө дуушар болот.

Туздун (жана башка минералдык заттардын) ашыкча берилүүсүн алдын алуу Ар дайым таза сууну "каалашынча" камсыз кылуу керек. Башкача айтканда, мал иче турган суу дайыма жеткиликтүү болсун же малга суткасына бир нече жолу каалашынча суу берилсин. Мал ээлерине тузду мажбурлап берүүнүн же суу берилбей калышынын кооптуулугун түшүндүргүлө. Адамдар туздун баарын бир эле жеп албайт да деп түшүндүрсөңөр, мал ээлери, адатта, түшүнүшөт; адамдар туз жегенден кийин суусашат, малдар деле ошондой болот.



26-бөлүм: Тиркеме – Тышкы мителерге каршы инсектициддерди колдонуу АкараЦИДДЕРДИ КОЛДОНУУ - кенелер менен күрөшүүнүн ЖАКШЫ мисалы Акарициддерди (кене дарылары) жана башка пестициддерди колдонуунун бир нече негизги ыкмасы бар:
Чачыратуу: Атайын жабдуулардын жардамы менен кээ бир пестициддер суу эритмеси менен аралаштырылып, малга чачылат.
Дуст (чаң) түрүндөгү дарылар / Дуст формасындагы дары салынган баштыктар: Кээ бир пестициддер дуст формасында түз колдонулат же Мал сүртүнгөн баштыктарга салынат Мал сөйкөнүүчү резина баштыктар: Кээ бир дуст формасындагы дарылар суюктуктар же майлар менен аралаштырылып, мал сөйкөнүүчү резина баштыктарга салынат.
Түздөн-түз колдонуу: Чүпүрөк же щетка менен кээ бир пестициддер теринин мите курттар жайгашкан жерине түздөн-түз колдонулат.
"Куюу": Бул инсектицидди малдын кыр аркасына аз өлчөмдө куйса болот. Алар канга сиңет, андан кийин дененин дээрлик бардык жеринде жайгашкан тышкы мителерди өлтүрөт.
Чөмүлтүү: Кээ бир дарыларды суу эритмесине кошуп, малды жуунтат же чөмүлтөт. Бул ыкма үчүн атайын чөмүлтө турган бассейн керек болот.
Дарылар: Ивермек сыяктуу ички жана тышкы мителердин көбүн жок кылган дарылар бар.