Минералдардын жетишсиздиги
Минералдардын жетишсиздиги Жалпы принциптер: Топуракта кээ бир негизги минералдар жетишсиз болушу мүмкүн. Мындай аймакта тоюттанган мал да ошол эле минералдардын жетишсиздигине дуушар болушу ыктымал. Тропикалык аймактарда топуракта фосфор көп кездешпейт. Кээде минералдар топуракта болот, бирок алар мал ала турган формада болбойт. Кээ бир жер кыртышында кандай кемчиликтер бар экенин билүү үчүн анализдер жасалат.
Эскертүү! Сатуучулар көбүнчө витамин-минералдык кошулмаларды, өзгөчө дарыларды сатууга аракет кылышат, анткени фермерлер малга дары каражатын оозу аркылуу бергенге караганда, ийне саюу жолу натыйжалуураак деп эсептешет. Көпчүлүк витаминдердин жана минералдардын ийне аркылуу сайылуучу түрү аз гана убакытка таасир берет. Алар малда минералдардын өтө жетишсиз белгилери байкалган учурда, тез жардам берүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок малды ар дайым витаминдер жана минералдар менен (тоюттун бир бөлүгү катары) камсыз кылуу арзаныраак жана узак мөөнөткө таасирлүү болот.
Көбүнчө маанилүү маселе – бул малда кубат менен белоктун жетишсиздиги. Дары куюу менен бул маселе чечилбейт! Анын ордуна малга кубат жана белок жетиштүү болгон тоют керек! Бул көйгөй чечилгенден кийин, өнөкөт минералдык жетишпестикти ийне саюу менен эмес, минералдардын жергиликтүү булагы менен тоюттандырып чечсе болот.
Эмне кылуу керек? Кымбат минералдык аралашмаларга акча коротоордон мурун төмөнкүлөрдү аткаргыла:
Малдын тоюту (мүмкүн адамдардын азыктануусу) боюнча билген жана минералдык аралашмаларды саткан ишканада иштебеген, ишенимдүү адамдан кеңеш алгыла.
Силердин аймактагы топурактын түрлөрү жана белгилүү болгон минералдык жетишпестиктер боюнча Айыл чарба министрлигинен маалымат алганга аракет кылгыла.
Малды тоюттандыруу үчүн жергиликтүү, арзан минералдардын булактарын издегиле. Эсиңерде болсун, көп минералдардын жетишсиздиги кымбат дарыларды саюуну талап кылбайт!
Талап кылган учур: Белгилүү бир жетишпестиктер малдын өмүрүн сактап калуу үчүн шашылыш дарыларды саюуну талап кылат, мисалы, тууттан кийинки кальций жетишсиздиги. (“тууттан кийинки парез”, 148, 270-беттерди карагыла).
Минералдык жетишпестиктердин алдын алуу Төмөнкү минералдык аралашмалар кымбат эмес жана дартты алдын алууга жардам берет. Бул аралашмалар менен тоюттандыруу, өзгөчө өсүп келе жаткан, бооз жана саан мал үчүн пайдалуу болот. Минералдык аралашмалар “каалашынча” данга же, силоско ылайыктуу өлчөмдө аралаштырылышы мүмкүн, эгерде малга бул тоюттар көп берилсе. Минералдарды эркин тандап жегенде минералдык жетишпестиктер же ашыкча көйгөйлөр азыраак болот. Минералдык аралашмалар малга жеткиликтүү, бирок жамгыр тийбегендей жашиктерге же башка идиштерге салынышы керек. Минералдарды "каалашынча" тоюттандырууда таза суу дайыма жеткиликтүү болушу шарт.
"Минералдаштырылган туз"
Минералдар жана суу кенен ичкен малда минералдык таңсыктык же ашыкча көйгөйлөр азыраак болот.
Минералдын жетишсиздиги көп кездешкен аймактарда “минералдаштырылган туздарды” берүү максатка ылайыктуу. Бул тузга ар кандай минералдар, анын ичинде йод дагы кошулат, бирок, адатта, фосфор менен кальций кошулбайт. Бул өзгөчө тузду кээде мамлекеттик мал чарба кызматтарынан арзан баада алууга болот. Минералдаштырылган туз топтому, йоддолгон туз же жөнөкөй туз 100 кг тоютка бир жарым кг өлчөмүндө үзгүлтүксүз берилиши керек, же “каалашынча” коюп койсо болот. Ошол эле учурда сууну көп берүүнү унутпагыла!
“Үй шартында даярдалган” минералдык аралашмалар Үй шартында жасалышы мүмкүн болгон төмөнкү минералдык аралашмалар өзгөчө (фосфор жетишпесе) пайдалуу болот. Минералдык жетишпестик көйгөйлөрүн азайтуу үчүн төмөнкү аралашмаларды үйдө жасап, малга берсе болот.
Аралашма №1 (Эң мыкты):
- 1 бөлүк фторсуз фосфат;
2 бөлүгү майдаланган сөөк (же бууланган сөөк уну);
2 бөлүк йоддолгон (же минералдаштырылган) туз.
Аралашма №2 (Мыкты):
- 1 бөлүк сөөк уну;
1 бөлүгү йоддолгон, минералдаштырылган же кадимки туз.
Аралашма №3 (Жакшы):
- 1 бөлүк йоддолгон, минералдаштырылган же кадимки туз - 4 бөлүк жыгач күлү.
Жогорудагы үч аралашманын ичинен биринчиси эң мыктысы; экинчиси мыкты; жана үчүнчүсү жакшы. Бирок үчүнчүнү даярдоо жеңил жана эч кандай минералдар менен тоюттандыруу зарыл эмес.
Минералдык заттар жок аймактарда жыгачтын күлүн суткасына 40 кг салмакка бир кашык (беш мл) өлчөмүндө аралаштырууга болот. Уулуу дарактардын күлүн колдонуудан этият болгула.