Белоктун жетишсиздиги

Белоктун жетишсиздиги Бул айрыкча жаш, өсүп жаткан малдын арасында эң кеңири кездешкен жетишпестик. Белоктун жетишсиздигин болтурбоо үчүн жаш малды сүттөн чыгаргандан жетилгенге чейин кошумча “белоктуу азыктарды” бергиле. Мал тууганга аз калганда 1/3 бөлүгүндөй жана сүт берип жаткандан көбүрөөк белок берүү керек.

Кубат жетишсиздиги Эне мал төлүн эмизген мезгилде көбүрөөк тоют жебесе, кубат жетишсиз (жана арык) болуп, өзгөчө кубатка бай тоютту организми талап кылат. Кубат жетишсиз болуп калган чочколор, торопойлорун сүттөн чыгаргандан кийин, бир нече ай бою уруктанбайт. Кубат жетишсиз болгон уйлар дагы музоолорун сүттөн чыгармайынча күүгө келип, уруктанбайт.

Жаш малда белок менен кубаттын жетишсиздиги көп учурда мите көйгөйлөрү менен бирге пайда болот, ошондо көйгөй алда жаман болот. Кайсы көйгөй негизги экенин айтуу кыйын болушу мүмкүн. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, чөп жеген мал жетиштүү жумшак, көк чөп менен азыктанса (жана мите курттарга каршы дарыларды үзгүлтүксүз берип турса), тез эле жакшы болуп кетет.