Азык заттардын жетишсиздиги

АЗЫК ЗАТТАРДЫН ЖЕТИШСИЗДИГИ

Канаттуулар негизинен абдан тез өсөт жана өзгөчө азыктарды талап кылат. Алардын тез өсүшүнөн улам тоюттун жетишсиздиги тез эле байкалат. Бул сапатсыз ингредиенттер колдонулганда, тоют чыгарган ишканадан катачылык кеткенде же тоют бир айдан ашык ысык жерде сакталып, витаминдери жоголгондо болот (тоюттун сапаты эки жумадан кийин начарлай баштайт). Канаттуулардын азыктануусунун жетишсиздиги тукумдуулукка, балапан чыгарууга, канаттарынын өсүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Кемчиликтерди болтурбоо үчүн сапаттуу тоют ингредиенттерин, анын ичинде витамин премикстерин туурааралаштырып, тоют витаминдерин жогото электе азыктандыруу керек. Ошондуктан жемди, сапаты жогору ингредиенттер менен ишенимдүү жана так иштеген жем ишканаларынан сатып алуу эң туура болот.

Кальций жана фосфор жетишсиздиги Кальций менен фосфордун жетишсиздиги, адатта, D витаминин жетишсиздиги менен бирге пайда болот. Бул үч витамин жемдин курамында керектүү өлчөмдө болбосо, тоок жакшы өспөйт. Сөөктөр жабыркап, натыйжада “итий” пайда болот. Жумуртка тууган тооктор тура албай калат, тууган жумуртканын кабыгы жумшак болот. Кальций менен фосфордун жетишсиздигине айрыкча капаста багылган тооктор сезимтал келет.

Белгилери:

Image undefined
Image undefined

Алсыз, сөөктөрү жумшак (резина сымал), аксак, басканда буттары катып калгандай, муундары шишиген, тумшуктары жумшак болот.

Айрыкча капаска багылган тооктор ордунан тура албай калган учур көп болот.

Буттары алсыз болгон тоок кабыгы жумшак жумуртка Жүндөр түшөт, өсүү начар болот, жумуртка берүү азаят, жумуртканын кабыгы жука жана жумшак болот.

Диагнозу:

Оорунун белгилери, союп текшергенде аныкталган белгилерге жана жемдин анализине (бар болсо) негизделет.

Дарылоо жана алдын алуу:

шал болгон тоокторду зым тордон чыгарып, жерге же полго койгула, тооктор өзүнө келгиче капастын полуна картон салып койгула;

жемге витаминдердин жана минералдык премикстердин тийиштүү өлчөмүн кошкон ишенимдүү адистерден тоют сатып алгыла;

ичүүчү сууга сууда эрүүчү витамин D3 кошкула;

ракушканын кабыгы кальцийдин жакшы булагы болуп саналат. Аны өзүнчө каалашынча жей тургандай кылып жем салгычка салып берсе болот, же 100 тоокко бир жарым килограммды жемге аралаштырып берет.

Эскертүү: Эгерде тоют бир айдан ашык ысык жерде сакталышы керек болсо, канаттуулардын витаминдерин көрсөтмөдө сүрөттөлгөндөй кылып сууга салып коюу туура .

Негизги азыктар жөнүндө көбүрөөк маалымат ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ Карап чыгуу: Малдын тоюттары боюнча негизги маанилүү нерселерди билүү үчүн биринчи кадам малды эки чоң топко бөлүү болуп саналат.

Чөп жегендер Буларга тоют сиңирүү тутуму чоң көлөмдөгү тоюттарды жана башка кесек тоюттарды жегенге ыңгайлашкан жаныбарлар. Алардын ашказанында жана ичегисинде тоюттун бул түрүн сиңирүүгө жардам берүү үчүн бактериялар жана протозалар бар. Чөп менен тоюттануучуларга бодо мал, буйвол, кой, эчки, лама, альпак, жылкы, качыр жана пони кирет. Кесек тоют жегенден тышкары, бул жаныбарлар данды жана башка кымбат тоюттарды да сиңире алышат.

Эске алуу: МСКК чөп менен тоюттануучулардын ашказанындагы жана ичегилериндеги пайдалуу бактерияларга жана протозаларга зыян кылбоо үчүн дарыларды (мисалы, антибиотиктерди) ооз аркылуу бербөө керек.

Чөп жебегендер Бул жаныбарлар аз өлчөмдө жумшак, көк чөп жана жашылчаларды жеши мүмкүн, бирок алар негизинен башка тоютту талап кылат. Аларга чочко, тоок, ит, мышык жана канаттуулардын көбү кирет (адамдар да бул топко кирет.) Чөп жебегендер кесек чөптөрдү сиңире алышпайт. Тескерисинче, дан, жашылча же этти талап кылат.

ТОЮТТАРДЫН КУРАМЫ

Тоютту суунун көлөмүнө жараша эки категорияга бөлүүгө болот.

Суу Бардык тамактардын курамында бир аз суу болот.

Кургак зат Лабораторияда тоюттан нымдуулукту жок кылгандан кийин “кургак зат” гана калат. Кургак заттын курамында калган төрт азык бар: белоктор, углеводдор, минералдар жана витаминдер, ошондой эле организмде иштелгенден кийин калган заттар (калдык). Калдыктар денеден тезек менен бөлүнүп чыгат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

КУРГАК ЗАТ

"Кургак заттын" көлөмү тоютка жараша өзгөрөт. Мисалы, жашыл тоюттун курамында 70% жакын суу жана 30% кургак зат бар.

Жүгөрүнүн кургатылган данында 15% гана суу жана 85% кургак зат болот. Кургак көрүнгөн жүгөрү же жүгөрүнүн унунда да 10% суу жана 90% кургак зат бар. Саманда 10% га жакын суу жана 90% кургак зат бар.

85% кургак зат 30% кургак зат Муну билүү эмне үчүн маанилүү? Тоюттагы кургак зат канчалык көп болсо, мал ошончолук көп суу ичиши керек. Эгерде малдын суусу жетишсиз болсо, тоют бар болсо да табити жоголуп, начар тоюттанат. Бул, өзгөчө саман же жем сыяктуу кургак тоюттар болгондо байкалат.

Кээ бир малчылар тоютта жетиштүү суу болот деп, малына суу бербей коюшат. Бирок мал дени сак жана кунарлуу болушу үчүн, күн сайын жетиштүү таза суу ичүүсү керек!

СИҢИМДҮҮЛҮК

Тоют сиңирүү – организм тоютту майда бөлүкчөлөргө бөлүп, канга өткөрүп анан кан аркылуу бүт денеге тарайт. Бул заттарда малдын өсүүсү, сакталышы жана өндүрүүсү үчүн керектүү беш негизги азыктын түрү болот.

Кээ бир тоюттар майда бөлүкчөлөргө бөлүнүшү кыйын, ал эми кээ бир тоюттар оңой бөлүнөт. Бул түшүнүк үчүн техникалык термин сиңиримдүүлүк болуп эсептелет. Тоют канчалык сиңимдүү болсо, ал организм колдоно турган негизги азыктарга ошончолук оңой бөлүнөт. Эски кургак чөп же саман сыяктуу клетчатка организмге аз санда сиңет.

Image undefined

Муну билүү эмне үчүн маанилүү? Мал көп өлчөмдөгү тоютту жеп, бирок арыктай берет. Мунун себеби, тоют кесек, чөп эски болуп жакшы сиңимдүү эместигинде. Анын көбү сиңбей, малдын денесинен тезек менен чыгып кетет.

Image undefined

Чөптөрдүн организмге сиңимдүүлүгү: Жалпысынан алганда, чөп гүлдөй электе же жаңы гүлдөп баштаганда чаап жыйналса, азыкка эң бай жана сиңимдүү болот. Чөп гүл ачканга чейин малдын организмине оңой сиңет жана витаминдерге бай болот. Бирок ал гүлдөгөндөн кийин өсүмдүк кургап, жакшы сиңбей, витаминдерин жогото баштайт. Оңой сиңүүчү компоненттер "лигнин" сыяктуу оор сиңүүчү заттар менен алмаштырылат.

Ошондуктан тоюттар жетилгенге чейин берилиши керек. Чөп өз убагында орулса, чөп жеген малга керектүү азыктардын көбүн (туздан башкасын) камсыздайт. Эсиңерде болсун: Чөп даярдап жатканда да, тоют даамдуу жана сиңимдүү болушу үчүн чөп көк кезинде жана ката электе чаптырыш керек.

Малдын тоюттары боюнча адистер тоюттарды жалпы эки түргө: кесек тоюттар жана концентраттар деп бөлүшөт.

Кесек тоюттар көп клетчаткаларды жана аз өлчөмдөгү азыктарды камтыган көлөмдүү тоюттар. Кесек тоюттар чөп жеген мал үчүн тоют сиңирүү тутумун стимулдаштыруу жана анын туура иштешин камсыз кылуу үчүн маанилүү. Кээ бир кесек тоюттар (мисалы, жумшак, көк жана жакшы даярдалган чөп) өтө аш болумдуу, анткени алар сиңимдүү. Жетилген кургак өсүмдүктөрдөн алынган кесек тоюттар негизинен клетчаткадан турат жана сиңимдүү же аш болумдуу эмес. Бул начар сиңирилген кесек тоюттарга саман, жетилген чөп, жүгөрү сабагы, начар күрүч кебеги жана начар силос кирет.

Концентраттар аз өлчөмдөгү тоют көп өлчөмдөгү пайдалуу заттарды камтыйт. Кубат концентраттары бар (көп сандагы кубат камтыган), мисалы, дан эгиндери же дан, кошумча заттар, жогорку сапаттагы күрүч кебеги, же горчица уругунан жасалган концентрат. Ошондой эле соя уну, балык уну же кан уну сыяктуу белок концентраттары (курамында белок көп) бар.

Концентраттарда көбүнчө витаминдер жана минералдар аралашкан болот. Чөп менен тоюттанбагандар (чочко, канаттуулар, иттер, мышыктар жана адамдар сыяктуу) концентраттарды талап кылат.

АЗЫК ЗАТТАРДЫН ЖЕТИШСИЗДИГИ

Карап чыгуу: Малга белгилүү бир азык зат жетишсиз болсо, ал азык заттын жетишсиздиги байкалат. Мисалы, пайдалуу минералдар жетишсиз болсо анда “минералдык жетишпестик” болот. Белок жетишсиз болсо, анда "белок жетишсиздиги" бар. Малга бир азык жетишсиз болсо, көп учурда башка азыктар да жетишсиз болот.