Бруцеллез
БРУЦЕЛЛЕЗ
Бруцеллез боюнча 10-бөлүмдө камтылган. 161-бетти карагыла.
Дарылоо:
Бруцеллезго кокусунан кабылган адамдар 500 миллиграмм тетрациклинди эки жума бою күнүнө төрт жолу ичүүсү шарт.
Алдын алуу жана көзөмөлдөө:
Чөбү түшпөй калган малга эч качан резина кол капсыз тийбегиле. Ар дайым иштен кийин колду жуу зарыл.
Көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик бийлик органдары канды текшерүүнү талап кылат. Ылаңдаган малды союу туура болот.
Кээ бир өлкөлөрдө бодо малдарга бруцеллезго каршы вакцина лицензияланган жана резина кол кап/узун жең


жеткиликтүү, бирок аны дарыдагы көрсөтмөлөргө ылайык туура колдонуу керек жана өлкөдөгү эрежелерди сактоону унутпоо зарыл.
Түшүп калган төлдү жана малдын чөбүн көмүү же өрттөп салуу шарт. Башка адамдар же малдар тийбеш керек.
Сүт пастеризацияланбаса, аны ичердин алдында, жок дегенде, кайнатып Бруцелла жана башка зыяндуу микробдорду өлтүрүү керек.