Кутурма

КУТУРМА

Кутурма ылаңы 17-бөлүмдө камтылган. 251-253-бетти карагыла.

Дарылоо:

Эгерде мал же адам кутурма оорусуна дуушар болгон болсо, эң зарыл жана маанилүү нерсе бул булганган жерди самын жана суу менен жакшылап жуу керек. Кутурма вирусу самын бар жерде оңой эле өлөт.

Кутурма оорусуна кабылган адам үчүн кезектеги эң шашылыш кыла турган нерсе – кутурмага каршы бир катар дары сайдыруу болуп саналат. Дарылар көп өлкөлөрдө Саламаттыкты Сактоо Министрлиги тарабынан камсыздалат.

Кутурмага каршы эмдөө

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Алдын алуу:

Көпчүлүк өлкөлөрдө кутурманын кеңири тараган жолу болуп иттер саналат. Эгер силер иштеген аймакта кутурма көйгөйү болсо, иттерге эмдөө иш чаралары жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле, бош жана жапайы иттерди чогултуп, камап же өлтүрүү керек. Бул көп жерлерде кутурмага каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу эки стратегиясы болуп эсептелет.