Листериоз

ЛИСТЕРИОЗ

Листериоз малдын нерв тутумунуна байланыштуу айланма баш ылаңы катары талкууланган, 256-бетти карагыла. Ал адамдарда бойдон түшүрүүчү жана өлүмдүн себеби катары да айтылган.

Листериозду көбүнчө малдын жана адамдардын тамак сиңирүү тутумунда кездешүүчү бактерия (Listeria) пайда кылат. Көбүнчө бул бактерия бир айлык ымыркайларда ооруну пайда кылат, ар кандай себептер менен алсырап калган улгайган адамдарда кездешет. Кээде кош бойлуу аялдардын ооруп калышына алып келет, алардын балдары өлүү төрөлүшү же төрөлгөндөн көп өтпөй чарчап калышы мүмкүн. Бактериялар дени сак адамдарда кездешсе да, листериоздун учурлары кээде пастеризацияланбаган сүттү ичүү же ылаңдаган малдын сүтүнөн жасалган быштакты жегенине байланыштуу болот.

Белгилери жана диагнозу:

Ымыркайлар өлүү төрөлөт же төрөлгөндөн көп өтпөй чарчап калат. Рак оорусунан алсырап калган чоңдордо же башка жагдайлар сасык тумоого окшогон олуттуу ооруну жаратышы мүмкүн.

Диагноз канды же жүлүн суюктугун (б.а. жүлүндү жана мээни курчап турган суюктукту) текшерүү жолу менен коюлат. Анализ алуу үчүн атайын жабдык керек.

Дарылоо:

Эгерде листериозго шек болсо, адамдарга антибиотиктер берилиши керек. Ампициллин жакшы жардам берет.

Көзөмөл:

Сүт жана сыр азыктарын санитардык тазалоо жана пастеризациялоо өтө маанилүү болуп саналат. Бала салган малды башка малдан бөлүп алуу керек. Өлгөн төлдү жана анын чөбүн көмүп же өрттөп, адамдар төлдү жана суюктуктарды кармабашы керек (б.а. целлофан кол кап кийүү керек).