Лептоспироз
ЛЕПТОСПИРОЗ
Лептоспироз малды бала салдыруучу ылаң катары бул китепте буга чейин айтылган. 162-бетти карагыла. Лептоспирозду пайда кылган (Лептоспира деген) бактерия адамдарда дагы ооруну пайда кылат. Ылаңдаган мал менен иштеген же ылаңдаган малдын заарасы менен булганган суу менен байланышта болгон адамдар лептоспироз менен ооруп калуу ыктымалдыгы жогору. Касапкананын жумушчулары, мал багуучулар жана МСКК, ошондой эле күрүч талааларында, канализацияларда, шахталарда жана кант камыш талааларында иштеген адамдар тобокелде болот. Лептоспироз ошондой эле ылаңдаган иттер, келемиштер же башка жаныбарлар заара кылган суудан ичкен же сууга жуунган адамдарга жугушу мүмкүн.
Белгилери:
Капыстан дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, конъюнктивит, булчуңдардын оорушу, жүрөк айлануу, кусуу жана ич өткөк байкалат. Оор учурларында сарык, теринин канашы жана/же өлүмгө коркунуч алып келүүнү туудурган бөйрөк көйгөйлөрү болушу мүмкүн.
Диагноз:
Атайын лабораториялык изилдөөлөр талап кылынат.
Дарылоо:
Өтүшүп кеткен учурларда жардам көрсөтүү керек. Буга регидратацияны, дене табынын жогорулашын көзөмөлдөө, ошондой эле бөйрөктү жана кандагы электролиттердин тең салмагынын бузулушун дарылоо керек.
Ооруп калган адам эс алып, сууну көп ичиши керек. Жалпы белгилери (дене табынын жогорулашы, булчуңдардын оорушу) биринчи ооругандан кийин 1–2 айга чейин уланып же кайра белгилери пайда болушу мүмкүн.
Антибиотиктер (мисалы, доксициклин) берилиши керек, бирок кээде антибиотиктер өздөрү дене табын (лептоспира организмдеринин талкаланышынан улам) жогорулатат.
Алдын алуу жана көзөмөлдөө:
Малдын ээлерине жана касапкананын кызматкерлерине ылаң жөнүндө жана тийиштүү чараларды көрүү (коргоочу кийим кийүү) жөнүндө эскертүү керек.
Лептоспироздун пайда болушу белгилүү болгон аймакта, көлмөлөрдө жана сууларда, ылаңга жол бербөө керек (б.а. ичүү, жуунуу, же сууда сүзүү).
Ичкен суу булактары жаныбарлардын заарасынан корголушу керек.
Мүмкүн болсо, саз жерлерди кургатуу керек.
Келемиштерге каршы күрөшүү, тамак-ашты жакшы сактоо жана таштандыларды тазалоо керек.
Кээ бир өлкөлөрдө адамдар жана малдар үчүн вакцина жеткиликтүү.
Эхинококк Эхинококк гранулоз тасма курт, ал иттин ичеги-карынында жашайт, бирок ит өзү ылаңдабайт. Жалпак курт жумуртка тууйт, алар иттин заңы менен чыгат. Эгерде бул жумурткаларды жайыттагы кой-эчки, чочко, буйвол же бодо мал жесе, анда бул малда киста пайда болот. Адамдар кокустан иттин заңына тийип, анан колун оозуна тийгизгенде да жугат.








Эхинококк кистасы / Эхинококкоз Бул кисталар чоңоюп, алар айланасындагы ткандарды жок кылышы мүмкүн.
Мисалы, киши өпкө же боор ылаңдары менен жабыркашы мүмкүн. Рентген нурлары өпкөнүн же боордун ичинде же ага жакын ткандарда чоң кисталарды көрсөтөт. Бул учурда кистаны алып салуу жана бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн оор операция талап кылынат. Бул ылаң табиятта кистасы бар малдан улана берет. Эгерде бул кисталар жок кылынбаса жана аны ит жесе, цикл кайрадан башталат.
Бул кисталар кээ бир өлкөлөрдө негизги коомдук саламаттыкты сактоо көйгөйү болуп саналат. Мындай абал "эхинококк", эхинококкоз же эхинококк киста ылаңы деп аталат. Эхинококк көбүнчө чабандар койлор жана иттер менен да тыгыз байланышта болгон жерлерде кездешет.
Белгилери жана диагнозу:
Дарттын адамдардагы белгилери кисталардын жайгашкан жерине жараша (көп учурда өпкө, боор же мээде) болот. Диагноз рентген изилдөөлөрүнө жана аймактагы ылаңдын анамнезине негизделип коюлат.
Дарылоо:
Операция эң кеңири таралган дарылоо болуп саналат. Айрым бир жаңы мителерге каршы дарылар да бар.
Алдын алуу жана көзөмөлдөө:
Бул ылаң менен күрөшүү үчүн бир нече ыкма бар:
Адамдар иттерди же иттердин заңын кармагандан кийин колдорун жууш керек.
Жалпак курттарга каршы дарылар менен иттерди дайыма дарылап туруу зарыл. Бул иттердин заңында жалпак курттарынын жумурткаларынын же сегменттеринин жайылышынын алдын алат. Празиквантел – бул жаңы дары, ал коопсуз, натыйжалуу жана ар бир 6 жумада берилиши абзел. Бирок ал заңдагы жумурткаларды өлтүрбөйт. Ошондуктан дарылоодон кийин дагы заңды кылдаттык менен жок кылуу керек.
Мал союлганда кисталарды ит жебеш керек. Алар көмүлүшү же өрттөлүшү шарт.
ТРИХИНЕЛЛЁЗ
Ылаңды Трихинеллёз деп аталган кичинекей курт козгойт. Трихинеллёз жапайы жаныбарлардын жана малдын (айрыкча чочколордун) ылаңы жана адамдарга да жугушу мүмкүн. Инфекция трихинелла кистасы бар жакшы бышырылбаган этти (же таштандыны) жегенде пайда болот. Организмде кисталар сырткы катмарын таштап, жумурткаларды чыгарган чоң куртка айланат. Жумурткадан курт чыгып, канга кирип, булчуңдарда жана органдарда кисталарды пайда кылышат. Кисталар кичинекей (узундугу 1 милиметрге чейин), ак, лимон сымал капсулалар түрүндө болот.
Белгилери:
Курттар ичегиде жүргөндө кустуруп, оорутуп жана ич өткөрөт (белгилери ылаңга чалдыккан малдын этин жегенден кийин болжол менен 4 күндөн кийин пайда болот).
Курттар булчуңдарга жана ткандарга киргенде (инфекция болгон этти жегенден 7-10 күн өткөндөн кийин) булчуңдарды, башты оорутуп, чыйрыктырып, дене табын көтөрүп, көздүн кабактары шишип кетиши мүмкүн. Кээде исиркектер, ошондой эле дем алууга байланыштуу жана неврологиялык белгилер пайда болот.
Белгилер, адатта, болжол менен 10 күнгө созулат, бирок кээде булчуңдардын оорушу сакталып калышы мүмкүн.
Диагноз:
Чийки же туура эмес бышырылган этти жеген анамнездин негизинде коюлат.
Трихинозду аныктоо үчүн атайын лабораториялык анализдер бар.
Дарылоо:
Симптоматикалык дарылоодон башка жакшы дарылоо жолу жок (мисалы, ылаңды көзөмөлдөө).
Алдын алуу жана көзөмөлдөө:
Бул ылаң кээ бир өлкөлөрдө таштандыны чочколорго бышырып берүү, чочколордун бошоп кетишине (чийки таштандыларды жешине) жол бербөө менен натыйжалуу көзөмөлдөнөт.
Этти текшерүү да көйгөйдү азайтууга жардам берет. Кээ бир өлкөлөрдө этти трихинелла инфекциясына текшерүү үчүн атайын микроскоп колдонулат.
Адамдарда оорунун алдын алуу үчүн бардык этти 70°Cдан кем эмес температурада бышыруу керек. Этти тоңдуруу да трихинелла куртун өлтүрөт.
