Чочконун жалпак курт ылаңы

ЧОЧКОНУН ЖАЛПАК КУРТ ЫЛАҢЫ

Чочконун жалпак курту боюнча 27-бөлүмдө камтылган. Бул ылаң цистицеркоз деп аталат. 339-бетти карагыла.

Кайталоо: Жетилген жалпак курт адамдын ичегисинде жашайт (алып жүрүүчү), алар ич өткөрүп, ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн. Жалпак курттун бүт бөлүмдөрү бөлүнүп, заң менен чыгып кетет. Бул жалпак курттун мүчөлөрүнүн ар биринде көптөгөн жумурткалар болот. Эгерде чочко жалпак курттун жумурткалары менен ооруган адамдын заңын жесе, чочконун ашказанынан жана ичегисинен курт чыгат. Бул курттар чочконун денесиндеги ар кандай булчуңдарга барып, көп жылдар бою сакталып кала турган кичинекей “ыйлаакчаларды” же “кисталарды” пайда кылышат. Кийинчерээк чочко этке союлганда, бул кисталарды эт менен адамдар жешет. Эт жакшы бышса, кисталар өлүп, эч нерсе болбойт. Бирок этти жакшы бышырбай же чийки бойдон жешсе, анда бул кисталар адамдын тамак сиңирүү тутумунда өсүп жетилип, жалпак курттар пайда болот. Ошентип, цикл кайра башынан башталат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

жалпак курт бар адамдын Киста бар чочко эти. Киста болгон чочконун этин заңын жеп алган чочко. адамдар жеп жуктуруп жатат.

Дарылоо:

Жалпак курттарга каршы натыйжалуу дарылар менен дарылагыла.

Көзөмөлдөө жана алдын алуу:

Чочколорго адамдын заңын жегенге жол бербегиле. Ажатканаларды колдонуу жана чочколорду сыртка чыкпагандай кылуу керек.

Image undefined
Image undefined

Чочколордун сыртка чыгуусуна жол бербегиле. Ажаткана колдонгула Чочконун этин жакшылап бышыруу керек. Этти 50 градуска чейин ысытууда эттеги кисталар өлөт. Этти жакшы бышыруу үчүн майда кылып тураш керек.

Лабораториялык иштер МСКК ылаңды аныктоо үчүн үлгүлөрдү чогултуп лабораторияга жөнөтүүсү керек же айрым жөнөкөй лабараториялык текшерүүлөрдү өздөрү жасаса да болот. Лабораторияны колдонуу диагнозду тастыктоого жардам берет, ошол убакытка чейин ылаңдап калган малды дарылоо ыкмаларын тандоодо жакшыраак жол көрсөтөт. Ошондой эле, ылаңга дуушар болушу мүмкүн болгон, бирок али ылаңдай элек мал үчүн алдын алуу иш-чараларын иштеп чыгууга жардам берет. Мүмкүн болсо, кайсы үлгүлөрдү алуу керектигин, аларды кантип алууну, лабораторияга кантип жөнөтүүнү,,ошондой эле лабораторияга үлгүлөр качан келиши мүмкүн экенин аныктоо үчүн ар дайым алдын ала лаборатория менен байланышта болуу керек.

Лабораторияга үлгүлөрдү жөнөткөндө же малдын өлүгүн текшерүүгө жөнөткөндө, дайыма коштоочу катты кошо жөнөтүү керек. Коштоочу кат төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

Малдын түрү, тукуму, жашы жана жынысы

Image undefined

толук анамнез эмдөөлөр сырткы текшерүүлөрдүн негизги жыйынтыктары малдын чөйрөсүн изилдөөнүн негизги жыйынтыктары (мисалы, уулуу өсүмдүктөрдүн же заттардын мүмкүн болуучу таасири)

белгилери, алгач башталганда малдын багылган жери акыркы айда малдын багылган жери (таасирлерди аныктоо үчүн)

бирдей белгилер болгон малдын саны жана түрлөрү дарылоо (качан, эмне жана канча) жана дарылоого реакция кандай болгон.