Чочколордогу гематурия (кан аралаш заара)

Чочколордогу гематурия (кан аралаш заара)

Чочколордо гематурия көйгөйү көбүнчө ургаачы чочколордо куудургандан кийин үч жуманын ичинде байкалат. Кан аралаш заара табарсыктагы жана бөйрөктөгү Corynebacteriumsuis деген инфекциядан келип чыгат. Көпчүлүк камандарда (болжол менен 80%ында) жыныстык мүчөсүнүн тегерегинде бул микроорганизмдер жашайт. Эгерде жупташуу учурунда ургаачы чочко бир аз жаракат алса же жабыркаса, микробдор табарсыгына жана бөйрөктөрүнө кирип, инфекция жана кан аралаш заара пайда кылат.

Image undefined

Дарылоо: Антибиотиктердин бир жумалык курсу чочконун ургаачысына берилген тетрациклин же пенициллин, көбүнчө, көйгөйдү убактылуу чечет. Бирок бир нече жума же ай өткөндөн кийин, көйгөй кайталанышы мүмкүн. Мал акырындап арыктай баштайт. Малды бул ылаңдан дарылагандан кийин (б.а. этинде антибиотик калдыктары жок болуп калгандан кийин, көйгөй кайталана электе же арыктап кете электе) союу керек.

Өнөкөт гематуриядан кийин Алдын алуу: Бул көйгөйдү алдын алуунун эч кандай далилденген ыкмалары жок. Өнөкөт гематурия көйгөйү бар үйүрлөрдүн бардык асыл тукум камандардын жыныс мүчөсүнүн каналчасын жарым граммдан тетрациклин менен жууп турууга болот. Муну бир нече тетрациклин капсуласын (мисалы, 250 миллиграммдык төрт капсуланы же 500 миллиграммдык эки капсуланы) 100 мл сууга аралаштырып, шприцтин жардамы менен (ийнеси жок!) жыныс мүчөнүн айланасындагы суюктукту акырын жууп салса болот. Бул дарылоо көзөмөлгө алынган клиникалык сыноодо изилденген эмес, бирок тажрыйбалуу ветеринарлар үйүрдөгү көйгөйдү азайтуу үчүн натыйжалуу деп эсепейт.

Бабезиоз (пироплазмоз, малдын дене табынын жогорулашы)

Бабезиоз – кандагы кызыл клеткаларда жашаган “бабезия” деп аталган майда мителер козгогон ылаң. Бабезия эритроциттин жарылуусуна себеп болот жана жарылган клеткадан улам заарада кызыл түс пайда болот.

Бабезиоз кене чакканда жугат. Кене канында бабезиоз бар малдын канын сорот. Анан ошол кене башка малды чакканда, бабезиозду жуктурат.

Белгилери:

Мал күтүлбөгөн жерден дене табы көтөрүлүп ылаңдап, тоют жебей калат. Дем алуу тездеп, жүрөктүн кагуусу ылдамдайт.

Кээде кутурма сыяктуу белгилер мал ачууланганынан улам байкалат.

Көпчүлүк малдын (жылкылардан башкасынын) заарасы кызыл түстө болот.

Эритроциттер жарылгандыктан, малда аз кандуулук пайда болот. Кабактары жана тиштери аз кандуулук менен ылаңдаган малдардыкындай кубарып калат. Эгерде мал дене табынын жогорулашынан жана инфекциядан өлбөй калса, кийин аз кандуулуктан өлүшү мүмкүн. Өлгөн малды текшергенде, көк боор чоңоюп жана канга толуп калган болот.

Диагноз: Болжолду диагнозду белгилерине жана бабезиос аймакта көйгөй экенин билип, ошого жараша коюуга болот. Ылаң белгилүү аймактагы көйгөй болуп саналат.

Image undefined

Жөнөкөй текшерүү катары зааранын үлгүсүн идишке куюп, бир сааттай убакыт тийбей коюп коюу керек. Гематурия менен ылаңдаган малда идиштин түбүндө кызыл кан клеткалары уюп калат. Бирок бабезиос болгон малдын идишинин түбүндө кан клеткалары пайда болбойт (анткени клеткалар жарылып кеткен). Тескерисинче, кандагы “гемоглобин”, кызыл клеткалар аркылуу бүт заара бирдей кызыл түстө болуп калат. Ошондуктан бул абал "гемоглобинурия"деп аталат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Диагнозду кандын бир тамчысынан алынган мазокту изилдөө менен ырастоого болот. Башкача айтканда, кандын мазогу лабораторияга жөнөтүлүп, микроскоп астында каралышы мүмкүн. Бабезия организмин кызыл кан клеткаларынын ичинен көрүүгө болот. Диагнозду тастыктоо үчүн лабораторияга текшерүү мүмкүнчүлүгү болбосо, баары бир малды бабезиоздун белгилерине жараша дарылоо шарт.

Дарылоо: Бабезиозду дарылоо үчүн атайын препараттар (мисалы, Беренил) бар. Мал жакшы багууда (мисалы, жакшы тоют, суу жана баш калкалоочу жай) болушу зарыл.

Башкаруу: Кенелерди көзөмөлдөө бабезиоздун жайылышын азайтууга жардам берет. Мал бабезиозго каршы эмделиши мүмкүн (бирок бул вакцина көп өлкөлөрдө жок). Кээде МСКК ылаңды алдын алуунун жакшы жолун таппайт.

Эскертүү: Бабезиоздон айыккан малда, адатта, ага каршы иммунитет болот.

Бирок иммунитети жок малды бабезиоз ылаңы болгон аймакка алып келсе, өлүп калуусу мүмкүн. Эгерде жаңы малды сатып алсаңар, биринчи белгилери байкалганда тез арада дарылоого даяр болгула, болбосо ал катуу ылаңдап, өлүп калышы мүмкүн.

Башка себептери Папоротниктен тышкары, заараны кызарткан башка жергиликтүү өсүмдүктөр да болушу мүмкүн. Аймактагы уулуу өсүмдүктөр боюнча, башка МСКК жана мал доктурлардан сурагыла.

"ЗААРАНЫН ЧЫКПАЙ КАЛУУСУ!" - АНУРИЯ

Мал ээси малынын “заарасы чыкпай калганын” айтышы мүмкүн. Силердин милдет - уретранын бүтөлүп калганын (ошондуктан заара чыкпай жатканын) же мал заара бөлүп чыкпай калганын аныктоо.

Дегидратация

Image undefined

Зааранын азаюусунун эң көп таралган себеби – малдын суу ичпей калуусу. Тийиштүү анамнезди кылып, малдын суу ичпей калуусун (мисалы, диарея) пайда кылган кандайдыр бир абал бар же жок экенин тактагыла. Эгерде мал суу ичпегенден заара бөлүп чыгарбаса, анда негизги дары суюктук берүү болуп саналат, 268-бетти карагыла. Эскертүү: Cуу ичпеген малга “диуретикалык” (б.а. заара чыгаруучу дары) бербегиле. Бул малдын ого бетер суусузданышына гана эмес, ал тургай өлүп калышына да алып келиши мүмкүн.

Ич өтүп (жана заара чыкпай)

cуусузданган жаныбар Бөгөттөлүп калган уретра (таш, уролития)

Кээде малдын табарсыгында катуу “таштар” пайда болот. Алар буурчактай чоң болушу мүмкүн, же кум сыяктуу кичинекей да болушу мүмкүн. Таштар кээде заара чыгаруучу каналга тыгылып, зааранын өтүшүнө тоскоол болот. Заара түтүгү көбүнчө эркек малда кездешет, анткени уретра, айрыкча жыныс мүчөнүн ичиндеги уретра бөлүгү кичинекей болот. Таштан улам заара чыгаруучу каналдын жабылышы көбүнчө жаш кезинде бычылган эркек малда кездешет.

Дарылоо: Тосулган уретраны дарылоо кээ бир атайын аспаптарды талап кылат. “Катетер” деп аталган ичке пластикалык түтүк, катетер таштарга жеткенге чейин жыныстык мүчөдөгү уретрадан өйдө өткөрүлөт. Андан кийин катетерди акырын түрткөндө таштар чыгып кетиши мүмкүн. Катетер жок болсо жыныс мүчөгө акырын массаж жасаса болот. Бул таштардын чыгып кетишине жана уретрадан өтүп кетишине жардам бериши мүмкүн. Эскертүү: Кээде диуреттикти заара көбөйүп, таш чыгаруу үчүн жетиштүү басым болсун деп беришет. Бирок иш жүзүндө дайыма эле натыйжалуу эмес. Бул абалды оорлотуп жана табарсыктын жарылуусуна алып келиши мүмкүн.

Бука күүгө келген уйга секирип жыныстык кошулууга аракет кылат. Буканын секирүүсүндө жаңылыштык болгон учурда ал жыныстык мүчөсүн жабыркатып, көгөртүп, ошондой эле сындырып алышы да мүмкүн. Айгырдын же өгүздүн жыныс мүчөсү башка мал тээп жибергенде же башка жаракаттардан да жабыркайт. Шишик жыныс мүчөгө кан келишин кыйындатып, ткандарды өлүмгө алып келет.

Эгерде жыныстык мүчө узартылганда шишип кетсе, анда кээде кайра тартылбай калат. Бул парафимоз деп аталат. Эгерде тартылып ичинен шишисе, анда кээде сыртка узарталбай калат. Бул фимоз деп аталат.

Белгилери жана диагнозу: Жыныс мүчөсү жана анын тегерегиндеги ткань шишип кетет. Кээ бир учурларда, малга заара чыгаруу кыйынга турат. Малдын курсагы толук шишип кетиши мүмкүн. Эгерде жыныстык мүчөнүн тканы өлүп калса, инфекция башталышы мүмкүн, кээде курттар менен жабыркоосу да кездешет.

Дарылоо: Дарылоо оңой эмес. Хирургиялык ыкма адатта мүмкүн эмес.

Жыныс мүчөсү жана анын тегерегиндеги ткандарды кылдат жууш керек. Өлгөн кара ткандарды алып салуу керек.

Малга антибиотиктер берилиши керек. Узак мөөнөттүү пенициллин жакшы тандоо, анткени ал ошондой эле селеймеден да коргойт.

Ар кандай курттарды алып салуу жана жабыркаган жерди натыйжалуукаражаттар менен дарылоо туура болот.

Парафимоздо жыныс мүчөсү дененин сыртына тыгылып калып, кайра кире албай калганда, шишикти басаңдатып, жыныс мүчөсүн ичине акырын түртүп киргизгиле. Шишик болгон жерди муздак сууга жууп, муз же магний сульфатына чыланган чүпүрөк менен жана малга Ласикс берүү менен азайтса болот. Эгерде жыныстык мүчө кайра чыгып кетсе, андан кийин аны акырын түртүп, жыныс мүчөнүн бир нече күн бою тартылып турушу үчүн сыртына тигиш салгыла. Малдын абалы жакшыргандан кийин, тигишти алып салууга болот. Эгерде жыныс мүчөсүн ичине кайра түртүү мүмкүн болбосо, анда ткань кургап калбашы жана шишиктин азайышы үчүн аны үзгүлтүксүз жуу зарыл.

Фимоздо жыныс мүчөсү дененин ичине тыгылып калганда, жыныс мүчөнү узартуу үчүн акырын тарткыла. Кээде жыныстык мүчөнү жана айланасын ушалоо да жардам берет.

Кээде заара каналы таштар же шишик менен бүтөлүп калгандыктан, мал такыр заара кыла албайт. Ошондо табарсык чоңоюп, мал кыйналат. Заара кылганга аракет кылат, бирок кыла албайт. Акыры табарсык айрылып, заара курсак көңдөйүнө, ашказан жана ичегинин айланасына агат. Мындай абалда көпчүлүк мал өлүмгө дуушар болот.

Диагноз: Мал заара чыгарууга аракет кылат, бирок заара ушата албайт. Мал кыйналат. Дарылоо: Буга ылайыктуу дарылоо жок. Ошондуктан, текенин же буйволдун заара каналы бүтөлүп калса, табарсыгы жарыла электе этке союу туура болот.