Цистит

ЦИСТИТ

Цистит – табарсыктын сезгенүүсүн билдирүүдө колдонулган жалпы термин.

Белгилери: Малдын дене табы көтөрүлүп, тез-тез заара кылат, заарада ириң же кан болушу мүмкүн. Мал ошондой эле заара чыгарууга аракет кылып жатканда чыңалып, оорушу мүмкүн. Заарадан ириң көрүнсө, анда туура анализден өтүү керек. Себеби жатындын инфекциясы бар малдын кынында да ириң болот (ал заарада да пайда болушу мүмкүн).

Диагноз: Белгилерине негизделет. Же болбосо, заара үлгүсүн алып текшере аласыңар, ак кан клеткаларын аныктоо үчүн микроскоп жардам берет.

Дарылоо, көзөмөлдөө: Антибиотиктерди жана малга сууну көп берүү керек. Кээ бир адамдар сууга бир нече грамм магний сульфатын же башка туз салып, малга берет. Мындай учурда мал суусап, сууну көп ичет, анан кадимкиден көп заара кылат. Бул организмди тазалоого жардам берет, табарсыкта болушу мүмкүн болгон жараларды айыктырууга түрткү болот. Ласикс жана ушул сыяктуу башка жергиликтүү дарылар да малдын заара кылуусуна жардам бериши мүмкүн.

Организмдин тутумдары жана аны менен байланышкан ветеринардык көйгөйлөр