Зааранын кызыл түстө болуусу
ЗААРАНЫН КЫЗЫЛ ТҮСТӨ БОЛУУСУ
"Кызыл түстөгү заара" заара чыгаруу тутумуна байланыштуу жалпы көйгөй болуп саналат. Дарылоо үчүн кымбат баалуу дарыларды колдонуудан мурун кызыл түстүн себебин аныктоо зарыл. Кызыл түстөгү зааранын кээ бир себептерин аныктоого жардам бере турган жөнөкөй тест бар.
287-бетти карагыла. Заарадагы кан клеткалары "гематурия" деп аталат.
Бодо малдын жана буйволдун гематуриясы

Заара чыгаруучу органдардагы жарааттар. Заара чыгаруу жолдорунда кан агууга себеп болгон бардык нерсе кызыл түскө алып келиши мүмкүн. Узак убакыттын ичинде (мисалы, 2-3 ай) көп өлчөмдө папоротникти жесе, айрыкча, бодо мал жана буйвол (жана көбүнчө койлор) өнөкөт ылаңга чалдыгышы мүмкүн. Брокен папоротниги дененин ичинен кан кетүүнү пайда кылат. Бул белгилер мал папоротникти жебей койгондон көп убакыт өткөндөн кийин пайда болушу мүмкүн, ошондой эле табарсык рагы менен да байланыштуу болушу ыктымал.
Эскертүү: Мал, адатта, папоротникти жебейт, бирок алар аябай ачка болгондо (мисалы, кургакчылыкта тоют аз болгондо) жешет.
Белгилери: Негизги белгиси – кызыл түстөгү заара. Малдын дене табы да жогорулашы мүмкүн. Абал өнөкөт болуп, мал бара-бара арыктайт. Кээде мал айыгып жаткандай көрүнүшү мүмкүн, бирок кийинчерээк кайра ылаңдайт.



Диагноз: Гематурия диагнозу микроскоп менен заарадагы эритроциттерге байкоо жүргүзүүгө негизделип коюлат. Микроскопсуз деле болот, ал үчүн идишке заара чогултуп,аны жок дегенде, бир саат коюп, идиштин түбүндө кызыл клеткалардын пайда болушун издегиле. Папоротник менен уулануу диагнозу малдын папоротник жеген анамнезине негизделет.
Заара куюлган тунук идиш Кан клеткалары түбүнө уюду Дарылоо: Дарылоо мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Малга таза сууну көп берип, эс алдыруу туура болот. Эгер көйгөй өнөкөт болсо, малдын айыгып кетүү ыктымалдыгы азыраак. Эгерде малдын дене табынын бир аз эле жогоруласа (абалды татаалданткан инфекция деп болжолдонууда), пенициллин жардам бериши мүмкүн. Жергиликтүү чөптөрдүн диуретиктери (б.а. малдын заарасын көбөйтөт) да пайдалуу болушу мүмкүн.
Алдын алуу: Айрыкча кургакчылык маалында (мал уулуу өсүмдүктөрдү жеп алуу ыктымалдуулугу жогору болот) малды папоротник сыяктуу уулуу өсүмдүктөр өскөн жерлерде жайбай этият болуу керек.