Зааранын түсү
16.1 ЗААРАНЫН ТҮСҮ
Мал сууну көп ичсе, көп заара бөлүп чыгарат жана заара суюк болот. Тескерисинче, сууну көп ичпеген малдын заарасы азыраак болот, ал көбүрөөк концентрациялуу (б.а ачык сары түстө) болот.
Демек, малдын заарасынын түсү анын канчалык суюк экендигин көрсөтө алат. Заара ачык сары болсо, анда мал жетиштүү суу ичкен эмес. Заара ачык сары болбосо, анда сууну жетишсиз ичкен болот.
Зааранын түсүн өзгөрткөн ылаңдар да бар. Мисалы, малда гепатит болсо, анда заара ылай күрөң түстө болушу мүмкүн (бирок гепатит малда жана жылкыда өтө сейрек кездешет). Кээ бир уулуу өсүмдүктөрдү жеген же заара чыгаруу тутумунда инфекциясы бар малдын заарасы кызыл (б.а. кан аралашкан) болушу мүмкүн.
ЫЛАҢДАГАН МАЛ ДА СУУ ИЧИШИ КЕРЕК
Кээ бир элдин салттарында ылаңдын кээ бир түрлөрү бар малга суу берилбеши керек деген ишеним бар. Бирок ылаңдаган мал соо малдай эле заара чыгаруусу керек. Болбосо организмде токсиндер чогулуп, малды ого бетер ылаңдатып, бөйрөктөрү иштебей калат, ал тургай өлүмгө да алып келет. Ошондуктан мал жакшыбы же, ылаңдап жатабы, айтор, малга таза сууну жетиштүү берүү зарыл.