Дене табынын эфемералдык жогорулоосу

12.4.11 Дене табынын эфемералдык жогорулоосу:

Бул бодо малдын вирустук курч, сейрек кездешүүчү ылаңы, кээде бир нече мал бир убакытта ылаңдап калышы мүмкүн. Бул ылаңды дагы башкача 3 күндүк ылаң деп атап коюшат. Бул жамгыр көп жааган маалда байкалат, курт-кумускалардан тарайт деген божомол бар. Көпчүлүк мал дарыланбай, өздөрү эле жакшы болуп кетет.

Белгилери: Ылаңдаган малдын дене табы тез көтөрүлүп кетет, дем алышы оор болуп калат, тоют жебейт, ошондой эле аксап, катып калат (кээде мал ордунан турбай коёт). Саан малдын сүтү таптакыр азайып кетет. Башка белгилери - калтыроо, көздөн, мурундан суу агуу, шилекейдин көп агуусу, жута албоо, теринин алдында ашыкча суунун пайда болуусу, өзгөчө муундарда байкалат.

Диагнозу: Белгилерге карап диагноз коюу кыйын болот. Белгилери катары аксоо, дене табынын жогорулоосу жана кыйналып дем алуусу байкалат. Көпчүлүк мал өздөрү эле жакшы болуп кете алат.

Дарылоо/көзөмөлдөө/алдын алуу: Дарылоо жолу жок. Малга болушунча жакшы шарт түзүп берүү, дене табын түшүргөн аспирин же башка дары бериш керек. Эгерде мал тура албай калса анда жаткан жерине суу, тоют даярдоо керек. Ошондой эле ысык болсо, көлөкө жерге багуу керек, ал эми суук болсо шамалдан коргоо шарт.