Сако
12.4.12 Сакоо Бул жылкынын жугуштуу курч ылаңы. Ооруну бактерия козгойт, стрептококк, көбүнчө жаш жаныбарларга жугат. Моюндун лимфалык түйүнүндө шишик пайда кылат, анан ал жарылып тери аркылуу же мурундан агып кургайт. Чыккан ириңде бактериялар болот, алар тоютка түшүп башка жылкылар жесе аларга да жугат.
Белгилери: Ылаңдаган жылкы тоют жакшы жебей калат, дене табы жогору болот, мурдунан ириң чыгат. Тамактын айланасы шишип аябай оорутат, жылкы ооруну басаңдатыш үчүн мойнун созо берет. Тамактын шишиги жарылып,,сыртынан жана мурдунун ичи аркылуу агат. Шишик жарылып кургагандан кийин жылкы тез жакшы болуп баштайт.

Диагнозу: Диагноз оорунун белгилеринен улам оңой коюлат.
Дарылоо: Белгилерди көрөр замат эле пеницилинди жылкы айыкканга чейин колдонуу керек. Ысык компрессти шишик эртерээк жарылыш үчүн койуш керек (этият болуу керек, айланасы абдан оорутат). (Шишиктер 220-бет).
Алдын алуу: Ылаңдаган жылкыны башка жылкылардан өзүнчө бөлүү керек.
Организмдин тутумдары жана ага байланыштуу ветеринардык көйгөйлөр