Уулануу
12.4.7 Уулануу Уулануунун кээ бир түрлөрү дем алууга байланыштуу ылаңдарды козгойт, 81-бетти карагыла. Мисалы, кээ бир чөптөрдө цианид болот, ал дем алууну оорлотот. Малдын шилекейи агып бат-бат дем алып калат. Уулуу чөп жегенин же жебегенин мурунку ылаңдарына карап билсе болот.

Кээ бир мал чөптүн айрым бир түрүнө, же курт кумурска же жылан чакканда реакция жүрөт. Мындай реакция болгондо баш толугу менен шишип, мал дем ала албай калышы мүмкүн. 82-бетти карагыла.
Гемморагиялык Септицемия (ГС) дагы бир аты “септикемиялык пастереллез”. Бул курч инфекциялык ылаң, көбүнчө бодо мал жана буйволдор ылаңдайт. Буйволдор бул ылаң менен оңой эле ооруп калышат, жаштары тез эле өлүп калат. ГС бүт денени алсыратат, дем алууну оорлотот. ГСны пастерелла мультоцида деген бактерия козгойт. Бактериялар ылаңдап айыккан малдын тамагында жашайт. Бактериялар шилекейге жана мурундун суусуна тарайт. Пастерелла мультоцида организмде уулу заттарды бөлүп чыгарып, денеге таратып, аябай катуу ылаңга алып келет.

Узак жолдон ташылып келинген же стресс болгон жана башка себептерден улам алсыраган мал ГСга көп кабылат. Мунун дагы бир аты “ташуу ылаңы” деп коет, анткени бул ылаң көбүнчө алыстан кыйналып ташылып келингенден кийин козголот.
Белгилер:
- капыстан өлүп калышы.
- жогорулаган дене табы (104-107 F).
- тамактын шишиши (кээде баш шишип кетет).
- кыйналып дем алуусу жана жута албоосу.
- ооздон шилекейдин агуусу.
- кыйналып дем алгандыктан ичи көөп кетет.
Ичи өтөт, кээде кан аралаш.
Диагнозу: Диагноз белгилерге жана ГСга каршы вакцина сайылбаганына карап коюлат. ГСны кээде күйдүргүдөн (Сибирь жарасынан) айырмалаш өтө кыйын болуп калат. Бирок күйдүргү болгондо көбүнчө ооздон, мурундан же түз ичегиден кара кан чыгат, анан өлгөн малды сойгондо көк боор чоңоюп кеткенин көрүүгө болот.
Ылаң абдан жугуштуу болгондуктан көбүнчө көп мал ылаңга чалдыгат, анан айылдын бүт малына да жугуп кетүүсү мүмкүн.
Өлгөн малды текшерүү: Көп учурда теринин алдында, ичегилерде жана жүрөктө кан чекит-чекит болуп уюп калат. Тамактын шишиген жеринде сары жабышчаак суюктук болот. Ошондой эле суулар жүрөктүн, өпкөнүн, ичегилердин айланасында да болуп калат. Жүрөктөгү же көк боордогу кандан мазок алып, лабораторияга текшертиш керек.
Дарылоо: ГС очогу орун алганда, дарылоо ийгиликтүү болбой калышы мүмкүн. Тетрациклиндин жогорку дозасын сайса жардам болушу мүмкүн, өзгөчө ылаңдын баштапкы учурларында. Тетрациклин жок болуп калса, анда башка антибиотик да сайса болот.
Эмдөө (вакцина) /көзөмөлдөө: Ылаңдаган малды башка ылаңдабаган жаныбарлардан тез арада бөлүп чыгарыш керек. Ошондой эле бул ылаңга чалдыгуу тобокели жогору болгон, бактерияларды алып жүргөн малдын баарын өзүнчө кармоо керек (ушул себептен ГС менен ылаңдап айыккан малдарды союп жок кылуу сунушталат).
Көп мамлекеттерде ветеринардык кызмат ГСга каршы эмдөө жүргүзүшөт (ГСга каршы бир нече вакциналар бар). Вакцина иштеп малды коргоп баштаганга чейин бир жума убакыт керек. Ошондуктан малды алдын ала эмдөө керек, ылаң башталгандан кийин эмдөөгө болбойт.
МСКК фермерлерге вакцинага ылаңдан сактоого 2-4 жума керек экеинин жакшылап түшүндүрүшү керек болот. Ошондо фермерлер вакцина сайылгандан кийин бир жуманын ичинде мал өлсө, вакцина күчүнө кире электе өлгөнүн түшүнө алышат.
Бул жугуштуу өнөкөт ылаң, жаныбарлардын бардык эле түрлөрүндө жана адамдарда да кездешет. Анткени бул малдан малга, малдан кишилерге жугат, ошондуктан “коомдук саламаттык оорусу” деп аталат. Туберкулезду микобактериялар козгойт. Микобактериялардын негизги 3 түрү бар: бодо малдардагы түрү (уй, буйвол), адамдардагы жана канаттуулардагы түрлөрү. Үй жаныбарларына жана адамдарга үч түрү тең жугуштуу.
Өпкөсүнөн ТБ болгон адамдарда жана жаныбарларда өнөкөт жөтөл өөрчүйт, арыктайт анан акырындап өлөт. ТБ организмдери дененин башка органдарында да жашай алышат, анын ичинде тамак сиңирүү органдарында, урук бөлүп чыгаруу органдарында жана желинде. Туберкулездун белгилери кайсы органда болгонуна байланыштуу ар башкача болот. Бодо малдын өпкөсүнө, канаттуулардын болсо ичеги-карынына жабышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө канчалаган малдарда ТБ бар экенин эч ким билбейт. Башка мамлекеттерде болсо жаныбарлардын да, адамдардын да статистикалары так жазылып турат.
Ылаңдын жайылышы:
Аба аркылуу: Инфекция ооруган адам же жаныбар жөтөлгөндөгү шилекейдин тамчылары, дем алуу аркылуу денеге киргенде жугат. Суук өлкөлөрдө кышында малды узак убакытка жабык сарайларда кармоо - чоң көйгөй. Аба алмашып турбаса булганып, мал ошол булганган абадан дем алып калат.
Тоют же суу аркылуу: Кээ бир учурларда ылаң бактерия бар тоюттан жегенде жугат. Мисалы ылаңдаган уйдун сүтүн ичкен чочкого, музоого жана адамга жугат. Ылаңдаган мал суу ичкенде, шилекейи менен сууну булгап коёт. Анан ошол суудан ичкен башка мал ылаңдап калат.

Белгилер: Белгилери ылаң дененин кайсы бөлүгүндө болгонуна байланыштуу байкалат. Билинер-билинбес же такыр белгисиз болушу мүмкүн. Мал акырындап арыктайт, өнөкөт жөтөл пайда болот, саан мал болсо, аз сүт берип калат. Ылаң ичегикарынга таасирин тийгизген болсо, малдын ичи өтөт.
Малды союп изилдөө: Ылаң кайсыл жерге токтосо ошол жерде шишиктер пайда болот. Ошол шишиктерди туберкулдар деп аташат. Туберкулдар кичинекей кумдай же чоң жумурткадай болушу мүмкүн. Кээде туберкулдарда коюу ириң болот, кээде таштай катуу дагы болот. Акырындап туберкулдар ткандарды жабыркатып органдарды иштен чыгарат.
1. Өпкө кургак учугу: Туберкулдар өпкөдө өсүп баштайт, мал жөтөлүп арыктайт.
2. Ашказан кургак учугу: Туберкулдар тоют сиңирүү органдарынын айланасына топтолушат (ичеги-карын), малдын ичи өтөт.
Диагнозу: Белгилерди байкагыла, өлгөн малды союп ичин текшерүү учурунда туберкулдардан жана жанындагы ткандардан кичине алып 10% дык фармалинге же 50 %дык глицеринге сактап койгула. Туберкулдун айланасындагы лимфа суюктугунан дагы сактап койсо, изилдөөгө жакшы материал болот. Чогултулган материалдарды ветеринардык лабораторияга жөнөтүш керек. Мамлекеттик ветеринарлар да ылаңдаган мал менен болгон башка малдарды текшерип, канчасында дагы ылаң бар экенин аныктоосу зарыл.
Дарылоо: Туберкулез менен ылаңдаган малды дарылоо сунушталбайт. Ылаңды жайылтпаш үчүн аларды союп жок кылуу керек.
Көзөмөлдөө: Кээ бир мамлекеттердин мыйзамдары боюнча бардык үй жаныбарлары туберкулин менен текшерилиши керек. Жаныбарлардан ылаңдар аныкталса, сатылбаш керек. Тескерисинче, малды союп, ылаңдын жайылуусун токтотуу зарыл. Катуу текшерип,,көзөмөлдөө аркылуу жана ылаңдаган малды союп жок кылып туруу аркылуу бул ылаңдан арылса болот. Кургак учук чоң көйгөй болгон өлкөлөрдө Дүйнөлүк Саламаттык Уюму жаңы төрөлгөн бардык наристелерге БСЖ вакцинасын саюуну сунуштайт. Ошондой эле өнөкөт жөтөлү бар адамдардын шилекейинен кургак учука карата анализ текширүү керек. Ооруну жугузбаш үчүн сүттү жакшылап кайнатып жана этти жакшылап бышырып жеш керек.