Өпкө курту

12.4.5 Өпкө курту Өпкө курту бар болсо, көбүнчө пневмонияга же бронхитке окшош болот, бирок дене табы жогору болбойт. 332-333 беттерди карагыла. пкөнүн курттары өпкөнүн башка ылаңдарын оңой кабыл алышына жол ачат, мисалы пневмонияны.

Бул өпкөгө зыян келтирүүчү өнөкөт көйгөй. Мындай учурда өпкө сезгенип туура иштебей калат. Эмфизема бодо малда, жылкыларда жана буйволдордо көп кездешет. Себептери ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы боордун өнөкөт ылаңынан келип чыккан көйгөйлөрдөн, туберкулездон же пневмониядан кийин болушу мүмкүн. Жылкыларда болсо аллергияга да байланыштуу болот.

Белгилери/диагнозу: Дем алуу тездеп, бирок дене табы жогору болбойт. Мал баскан учурда бат алсырайт. Өпкө бүртүктөрү жумшак болбой калгандыктан, дем чыгаруу кыйындайт. Муну малдын дем чыгарып жатканда ичтин же кабыргалардын үстүндөгү булчуңдардын кошумча күч менен кыймылдаганынан байкаса болот. Ошондой эле малдын дем чыгаруусуна жардам берип жаткан булчуңдар ашыкча иштегендиктен, кабыргалардын үстүнөн узун сызык пайда болуп калат.

Дарылоо: Мындай учурда дарылоо кыйын болот. Курттарга каршы дарылоо керек. Сүт берип жаткан мал болсо, тоюту менен суусун алдына коюп, көп бастырбаса, сүт бере берет. Кээде жылкы малдарды антигистамин менен дарылап, таза аба кирип турган жерде кармаса айыгып кетет.