Бронхит
12.4.3 Бронхит Бул өпкөнүн жугуштуу ылаңынын жеңилирээк түрү. Бронхит көбүнчө курч көйгөй, бирок туура дарылабаса, өнөкөт ылаңга айланып кетет.
Белгилери/Диагнозу: Көбүнчө дем алуу тездейт жана малдын дем алуусу башкача болуп калат. Бир аз жөтөлүп, чүчкүрүп, мурундан суу агат. Дене табынын жогорулоосу дагы байкалат.
Дарылоо: Малга антибиотик сайыш керек болот. Тетрациклин дем алуу органдарындагы ылаңдарды козгогон микроорганизмдерди жок кылуучу эң жакшы антибиотик. Малга катары менен 3-5 антибиотик сайыш керек болот.
Бул дем алуу органдарынын ылаңдарынын оор түрүнө кирет. Бул дагы өпкөнүн сезгенишинен келип чыккан жугуштуу, курч ылаң. Малды дарылабаса тез өлүп калышы мүмкүн.
Белгилери/диагнозу: Дем алуу аябай тез-тез болот, малдын көрүнүшү начар, дем жетпейт, дене табы көтөрүлөт. Жөтөл да болушу мүмкүн, тамагы шишигендей көрүнөт.
Дарылоо: Антибиотиктер менен дарылоо керек. Тетрациклин эң жакшы жардам берет. Бирок ийне сайган киши жок болсо, тетракциклиндин таблеткасын берсе дагы болот. Мал жакшы болуп калганына карабастан, дарылоону 3-5 күн улантуу керек.