Тамактын шишиги
12.4.1 Тамактын шишиги Себептери:
- өнөкөт курт көйгөйлөрү. 9-бөлүмдү карагыла.
- жугуштуу ылаңдар:
Геморрагиялык септицемия 205-бетти карагыла.
Сибирь жарасы 96-бетти карагыла.
Жылкыдагы буума ылаңы 208-бетти карагыла.


- тамактын жабырланышы, бир нерсе туруп калуусу же жугуштуу ылаңдар 183-бет Белгилери:
- көп учурда жөтөлүү менен коштолот.
- дене табы жогору болот (эгер жугушту ылаң болсо).
- жугушту ылаң болсо, дем алуу ылаңдарынын башка белгилери дагы байкалат.
- малды тамагынан кармаганда жөтөлсө, анда бул тамакта жугушту ылаңдын белгиси бар.
Дарылоо: 1. Эгер дене табы жогору болбосо, анда жөн эле курттарга каршы дарылоо керек (мисалы, боор курту, жумур курттарга, өпкө курттарына карата).
2. Эгер жугушту ылаңдарга байланыштуу болсо, анда ошол ылаңга каршы дарылоо керек.
3. Эгер малдын тамагына бир нерсе такалып калса, аны алып анан антибиотик менен дарылоо керек.
Кээде малдын таноосу же оозунун айланасы кан болуп калат. Бул көбүнчө малдын тамагы же мурду канагандыктан болот. Бирок ошондой эле кан өпкөдөн жөтөл аркылуу чыгып жатышы да мүмкүн (мисалы: өпкөдөгү көптөн бери жүргөн шишиктин жарылышынан улам). Белгилери/диагнозу: Кан мурундун бир таноосунан чыгып жатабы же экөөнөн тең чыгып жатабы караш керек. Эгер бир эле таноосунан чыгып жатса анда курттар, жара же шишик болушу мүмкүн. Шишиктерди карагыла, сүлүк курттар силер жашаган жерде көп кездешкен көйгөй бекен сураштыргыла.
Эгер кан мурундун эки таноосунан тең агып мал кыйналып дем алып жатса анда кан өпкөдөн чыгып жатат. Бул өтө олуттуу ылаң, бул учурда МСКК көп нерсе кыла албайт.
Дарылоо:
Курттарга каршы. 118-119 бетти карагыла.
Мурундун сүлүктөрүнө каршы 112 бетти карагыла.
Өпкөдөн кан чыкканда: малды тынч жерге кармап, алдына сууну каалашынча ичкидей кылып коюу керек.
Көзөмөлдөө/алдын алуу: Курттарга жана сүлүктөргө арналган бөлүмдөн карагыла.