Аргындаштыруу
10.9.2 Аргындаштыруу Кээ бир малды жакшыртуу боюнча иштеген долбоорлор аз сандагы малды сырттан алып келип, жергиликтүү малды уруктандырышат. Мисалы, жакшы породадагы эркек чочкону бир айылга ал жактагы көптөгөн ургаачы малды куудурууга алып барышат. Андан туулган төлдөрдү “аргындашкан мал” деп аташат, анткени жарымы сырттан келген порода, жарымы жергиликтүү болот. Аргындаштыруунун артыкчылыктары - мал жергиликтүү шартка көнөт жана жергиликтүү малга караганда өндүрүмдүүлүгү жогору болот.





Таза кандуу (порода) Таза жергиликтүү Аргындашкан Аргындашкан малды кайра таза кандуу сыртан келген мал менен уруктандырса (инбридинг болбош керек) болот. Анын төлү “чейрек аргындашкан” болот, башка сөз менен айтканда, үч бөлүгү таза кандан бир бөлүгү жергиликтүү породадан болот. Бул багытта иш алып баруу көп долбоорлордо жакшы натыйжа берген.
| x | = | |||
|---|---|---|---|---|
| Жарымы аргындашкан | Таза кан (сырттан келген порода) | 3/4 аргындашкан |