Малдын тукумун жакшыртуунун башка жолдору
10.9.3 Малдын тукумун жакшыртуунун башка жолдору Сырттан башка породадагы малды алып келбей жергиликтүү малды кандай жолдор менен жакшыртса болот?
Жаш малды ата-энесинин көрсөткүчтөрүнө карап, тукум алуу үчүн тандап алып, породаны жакшыртууга болот. Муну “селекция” деп аташат. Эгерде ата-энеси тез өсүп, жакшы өндүрүм берген болсо, анда алардын тукуму дагы ошондой болот. Селекция жолу менен жакшыртуу сырттан даяр, жакшыртылган малды алып келгенге караганда жай болот. Бирок тобокелчиликтер аз болот, себеби аргындашкан төлдөр жергиликтүү шартка жакшы ыңгайлашат.
Жакшы өндүрүм бербеген же кемтиги бар мал тукум алууга жарабайт. Анданкөрө, андай малды чоңойуп жупташканга чейин, бычып же тукумсуз кылып коюу керек.Үйүрдөгү начар малды жок кылууну “иргөө” деп атайт. Иргөө мал өстүрүүчүлөрдүн жаман сапаттагы малга кете турган чыгымдарынын алдын алат.
Инбридинг деген бул качан ургаачы малды жакын кандаш эркек мал куудурганда болот. Сейрек учурда гана, төлдө бир сапатты иштеп чыгууда муну атайын кылышат. Бирок инбридинге негизинен жол бербөө керек, анткени төлү кемтик менен туулат же алсыз, кичинекей жана жакшы өндүрүмдүү болбойт. Инбрдингди болтурбоонун үч жолу:
Кандаш малды бири бири менен куудурбагыла Бир жерде көп убакыт колдонулган эркек мал кандаш энелерин, ургаачы бир туугандарын, кыздарын же алардын тукумдарын бири-бири менен уруктандырып калат. Мунун чечүү үчүн бул эркек малды башка жерге алып кетип, ордуна жаңыларын алып келүү керек.

Бул бука жарабайт



Бир тууганы менен Энеси менен Кызы менен Малды бош же кароосуз калтырбагыла. Бош же кароосуз калган мал кандаш же сапаты начар мал менен аргындашып кетүүсү мүмкүн. Ошондой эле, бош же кароосуз жүргөндө уруктанып калган малды, кимден уруктанып калганын билүү мүмкүн болбой калат. Муну чечүү үчүн малды бош койбогула же кароосуз калтырбагыла.
Тукум албай турган эркек малдын баарын бычуу керек Кээ бир эркек малдын жыныстык жетилүүсү эрте болот, эрте бычып салбаса, энеси же бир тууганы менен жупташып коюшу мүмкүн. Муну чечүү үчүн тукумдукка колдонулбаган эркек малды бычып салуу керек.