Малды сырттан алып келүү

10.9.1 Малды сырттан алып келүү Малды жакшыртуу долбоорлору жергиликтүү породалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн уруктандыра турган малды сырттан алып келишет. Мунун артыкчылыгы да, кемчилиги да бар.

Артыкчылыктары: Өндүрүмдүүлүк бир нече муундун аралыгында эле жакшырат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Кемчиликтери: Малды сырттан алып келүү кымбат жана чоң тобокелчилик. Сырттан келген мал жергиликтүү ылаңдарга туруштук бере албай, шартка, тоютка, багууга көнбөй ылаңдап, же өлүп калуу тобокелчилиги бар. Ошондой эле таза кандуу мал каражат жагынан чыгашалуу, жумушчу күчүн, тоютту, дарылоону жана багууну көбүрөөк талап кылат. Малды жакшыртуу боюнча болгон долбоорлор буга чейин ийгиликке жеткен эмес. Себеби жергиликтүү фермерлер таза кандуу мал талап кылган багууну жана тоютту камсыз кылганга даяр эмес болушкан.

Image undefined
Сырттан мал алып келүүнүн, ошондой эле порода жакшыртуунун башка жолдорунун артыкчылыктары менен кемчиликтерин кылдат талдагыла.