Куутка даярдалган малдын тынчын албагыла жана ашыкча тердетпегиле

10.8.5 Куутка даярдалган малдын тынчын албагыла жана ашыкча тердетпегиле Ургаачы да, эркек да малды жупташа турган учурда стресс кылбагыла же ашыкча тердетпегиле, анткени мындай учурда уруктандыруу болбой калат. Эгерде ургаачы малды эркек малга алып баруу керек болсо, анда ал күүлөп баштай электе алып баруу керек. Күүлөп калган болсо, күндүн салкын маалында, чуркатпай жетелеп баруу керек. Ашыкча ысыганда эркек чочколордун уругу 2 айга чейин жараксыз болуп калат.