Өтө арык же ылаңдаган малды уруктандырбагыла

10.8.2 Өтө арык же ылаңдаган малды уруктандырбагыла Арык же ылаңдаган мал (эркек же ургаачы) тукумсуз болуп калуусу же бала салып коюусу, ошондой эле төлү алсыз болуп калышы мүмкүн. Мындай малды ирдентип же айыгып оңолгонго чейин уруктандырбай күтүү туура болот.

Ургаачы малды “күүгө” келгенде уруктандыруу керек. Күүгө келгендин белгилери малдын түрүнө жараша айырмаланат, 135-беттеги таблицаны карагыла. Кээ бир малды бир эле жолу уруктандыруу жетиштүү болот (мис. уй, буйвол, кой жана эчки), ал эми башка малды (мис. жылкы жана чочко) күүлөгөн маалында көп жолу уруктандыруу керек.135-беттеги таблицаны карагыла. Малдын жупташуусун мажбурлаганга аракет кылбагыла. Ургаачы мал күүлөбөй турган болсо эркек малды жабыркатып коюшу мүмкүн.

Бир күндө, жок дегенде, бир жолу күүнүн белгилерин кароо керек. Көбүнчө мал күүлөнүн белгилерин таң заарда жана күүгүмдө активдүү көрсөтөт. Бооз деген малды текшерүүнү унутпагыла, алар күүлөөнүн белгилерин көрсөтсө, анда алар бооз болбой калган, кайра уруктандыруу керек. Уруктандырылган малга, эмки күүгө келе турган убактысында (көпчүлүк мал 18-23 күндөн кийин) жакшылап байкоо салуу керек. Эгерде ургаачы бооз болбой, же кайра-кайра бала салып жатса, анда аны этке кетирүү керек, же анын тукумунан урук албоо керек, анткени тукумсуздук көйгөйү анын тукумуна дагы өтүүсү мүмкүн.