Туугандык аргындашууга жол бербегиле
10.8.6 Туугандык аргындашууга жол бербегиле Эки жакын туугандардын аргындашуусу “инбридинг” деп аталат. Мындайга жол бербөө керек, анткени бул төлдүн ден соолугун начарлатат жана өндүрүмдүүлүгүн азайтат, 167-бетти карагыла.
Эркек мал тез-тез куудуруп, ашыкча колдонулбашы керек. Мындай кылуу уруктардын кыймылсыздыгына алып келет. Ашыкча куут, көбүнчө сезондук уруктануучу буйвол сыяктуу жаныбарларда чоң көйгөй болушу мүмкүн, анткени көп ургаачы мал кыска убакытта күүгө келет. Негизги эреже эркек чочколорго бир күндө бир жолу, айгырларга эки күндө бир жолу уруктандыруу жетишет. Кой-эчкилерге ар 50 башка, жок дегенде, бирден кочкор, теке болуш керек. Буйволдун букаларын бир күндө бир жолу эле куудурткула.
Куудурганга, жок дегенде,,эки эркек мал болушу керек, бирөө тукумсуз болуп калса, экинчисин колдонсо болот. Эгерде куудурулган ургаачы мал кайра күүгө келсе, тукумсуздуктан шек саноого болот.
Уруктун жарактуулугун тастыктоо үчүн урукту үйрөтүлгөн адиске текшертсе болот.
Уруктандырган күндөрдү так жазып тургула. Эстеп калам деп ишенбегиле!