Жыныс тутумуна байланыштуу ылаңдар
10.7 ЖЫНЫС ТУТУМУНА байланыштуу ЫЛАҢДАР Оор тууттар “дистоция” деп аталат. Дистоциянын көптөгөн себептери болот:
эне мал алсыз болуп ыйына албай калганда;
жатын моюнчасы ачылбай калганда;
төл туура жайгашпай калса;
төл ичинде өлүп, шишип кеткенде;
төл деформация болуп калганда;
төл өтө чоң болуп калганда (кичинекей уйларды чоң бука менен куудурганда ушундай көйгөй болуп калат).
Төлдү чыгаруу үчүн керектүү жабдуулар Таза суу жана самын. Дезинфекциялык самын болсо эң жакшы, болбосо жөнөкөй самын деле жарайт.
Узундугу 1.3 метр 3 жип керек. Нейлон жиптери тазалаганга эң оңой.
Мүмкүн болсо кол кап.
Белгилөө: Өзгөчө чочко, кой жана эчки сыяктуу кичирээк малдын туутуна, аял кишилер эң жакшы жардам бере алышат. Аялдардын колу кичинекей болуп, туут маалында ыңгайлуу болот жана жаңы төлгө жакшы кам көрүшөт.
Дистоцияны кантип башкаруу керек 1-Кадам. Анемнезди каттоого алуу керек: Анамнезди жазып төмөнкү суроолорду сөзсүз сурагыла:
Качан (кайсы күнү) туушу керек эле? Эртеби же кечпи?
Туут канча саатка созулуп жатат?
Кимдир бирөө кол салып малга жардам бердиби?
Оор туутта кандай ишчараларды кылуу керек 1. Анамнезди жазуу 2. Клиникалык текшерүү жүргүзүү 3. Ички органдарды текшерүү 4. Көйгөйдү оңдоо жана төлдү кабыл алуу -жатын моюнчасы ачык, туура жайланышкан -жатын моюнчасы ачык, туура эмес жайланышкан -жатын моюнчасы жабык -жатын буралган -өлүк жана шишиген күмөн 5. Малда жана күмөндө табылган башка абалдарды да оңдогула Эгерде мал бир нече күндөн бери тууй албай жатса, анда ичиндеги төл өлүп калышы толук ыктымал жана өзү да өлүп калуусу мүмкүн. Ошону үчүн малдын ээси күнөөнү сизге койбошу үчүн, алдын ала эскертүү керек. Ошондой эле, эгерде бирөө төлдү тартып чыгарууга аракет кылган болсо, жатынды жабыркатып койгон болуусу мүмкүн.
2-Кадам. Сыртынан текшерүү жүргүзүү:
Малды текшергиле. Өзгөчө, арык жана алсыздыгын карагыла (ошондуктан төлдү ыйынып чыгара албай жаткан болушу мүмкүн), ошондой эле кындан тон же сасык суюктук чыгып жаткан жокпу, карагыла.
3-Кадам. Ички текшерүү жүргүзүү:
Эгер мал кыймылдай алса, аны таза, кургак жайга койгула. Эгер уй, буйвол, же жылкы болсо, бирөөгө куйругун карматып (же байлап) койгула. Самын, суу менен кындын айланасын жакшылап жуугула. Колдорду ийинге чейин самындап жуугула. Эгер колдо кесилген жер болсо же, музоо өлүк болсо, бруцеллез сыяктуу инфекциялардан коргонуу үчүн полиэтилен кол кап кийгиле. Жуугандан кийин, колду (же полиэтилен кол капты) жылмакай кылуу үчүн самындагыла. Андан кийин колду акырын кын аркылуу жатынга (төл каналына) салгыла.

Куйрукту бирөөгө карматкыла же капталына байлап койгула

Куйрукту кандай байлоо керек

Малдын кынын жана айланасын жуугула

Өз колуңарды жуугула. Полиэтилен кол кап болсо кийгиле

Малдын жатынына акырын колуңарды салгыла.
Колду жатындын ичине салгандан кийин төмөнкү нерселерди аныктагыла:
Жатын моюнчасы жабыкпы?
Төл туура эмес жайгашканбы?
Төл туут каналынан оңой чыкпагандай өтө чоңбу?
Жатын моюнчасынын ачыктыгын кантип аныктоо керек?
Колду кындын ичине салганда төлгө кол тийсе, анда жатын моюнчасы ачык. Эгер төлгө кол тийбесе, жатын моюнчасы дагы деле жабык.
Төл туура жайгашканын кантип аныктаса болот?
Эгерде буттарды сезсеңер, алдынкы же арткы бут экендигин айырмалагыла. Ал үчүн, биринчи туяктарды таап, кармап сезип көрүш керек. Эгерде биринчи 2 муун бир жакты көздөй ийилсе, анда алдынкы буттар болот. Эгерде биринчи 2 муун тескери жакка бүгүлсө, анда арткы буттар болот. Алдынкы буттар менен келсе, анда баш эки буттун ортосунда болуш керек, андай болбосо төл туура эмес жайгашкан болот. Ушундай эле эки арткы бут менен келип, куйрук табылбаса, анда дагы төл туура эмес жайгашкан болот.
Төлдүн туура жайгашкан абалы


Көп төлдөр алдынкы буттары жана башы менен биринчи келет. Бирок арткы буттары менен куйругу бирдей келип калса деле туулат.



Эгерде төл мындан башкача жайгашкан болсо, МСКК аны туула турган туура абалга жылдыруусу керек.
1-Көйгөй. Жатындын моюнчасы ачык жана төл туура жайгашкан, бирок эне мал тууй албай жатат.
Мындай көйгөй төл туут каналынан өтө чоң болуп калганда, эне мал түртө албай калганда, сыйгалак кылуучу суюктук кургап калганда же ушул себептердин баарынан улам болушу мүмкүн.
Жардам кылуу:
Төл жылмакай болгондой болсун (керек болсо, самын колдонгула).
Буттарын жип менен байлагыла (күрмө кылып).
Жипти (өзгөчө энеси ыйынганда) төл туулганга чейин тарткыла.
2-Көйгөй. Жатын моюнчасы ачык, бирок төл туура эмес жайгашкан Төмөнкү сүрөттөр төл туура эмес жайгашкан негизги учурларды көрсөтөт.


Бир бут арта калган Эки бут тең артта


Баш арт жакта калган абал Аркасы менен келген абал Колдоо көрсөтүү: Төлдү тууралоодон мурун, төлдү жатынды көздөй акырын түртүп кыймылдаганга орун бошотуп алуу керек. Эскертүү: Төлдү оңдоп жатканда жатынды айрып албоо үчүн, төлдү жатынды көздөй энеси ыйынбай жатканда түртүү керек жана бутту жылдырып жатканда туяктын кырларын кол менен жаап алгыла. Төл туулгандан кийин, жатындагы инфекцияны алдын алуу үчүн антибиотик саюу керек.
Эскертүү: Төл туура жайгашмайынча эч качан төлдү тартпагыла. Болбосо, төлдү да энесин да өлтүрүп алышыңар мүмкүн! Төл туура келгенде да, өтө катуу тартпагыла. Эгерде эки чоң киши уйдун же буйволдун баласын тартып чыгара албаса, анда токтоп, төл туура келгенин дагы бир жолу текшергиле.

Ар түрлүү жагдайларда туутка жардам берүү 1-Мисал. Башы жана бир буту менен келген учур Бутуна жип байлагыла, бирок тартпагыла.
Колду башка каптал жагына салып, артта калган бутту тапкыла.
Туякты алакан менен жаап, жатынды кесип кетпеш үчүн, кылдаттык менен туура жайгаштыргыла.
Туура абалга келгенден кийин төлдү тартып чыккыла.
2-Мисал. Башы алдыда, эки бут тең артта калган учур Колду тереңирээк салып буттарды кармагыла.
Жатын жабыркабаш үчүн алакан менен туяктын кырларын жаап, буттарды туура жайгаштыргыла.



Туура абалга келгенде төлдү тартып чыгаргыла.

Кой, эчкилердеги окшош мисалдар



3-Мисал. Алдынкы бут алдыда, башы артта калган учур

Мындай жайгашууну оңдоо эң оор. Кээде моюн дагы буралып калышы мүмкүн, башты өйдө, ылдый же капталдарга бураш керек болот.

Биринчи келген буттар алдынкы буттар экенин текшергиле.
Алдынкы буттарга жип илгиле, бирок тартпагыла.
Башын издегиле.
Башты тапкандан кийин, ооздон, көздүн чанагынан же кулактан кармап акырын туура абалга жайгаштыргыла. Биринчи моюнду оңдоо зарыл. Эскертүү: Башты алдыга тартып жатканда, жатынды кесип кетпеши үчүн төлдүн тиштерин алакан менен жаап алгыла.
Туура жайгаштырып алгандан кийин, жипти тартып төлдү чыгаргыла.

Белгилөө: Кээде тарта баштаганда баш кайра баштапкы абалына келип калат. Эгерде ушундай боло турган болсо, жипти башына байлагыла жана тартып жатканда жипти катуу кармагыла. Төлдү жабыркатпай алып чыгуунун эки жолу бар:
Жипти илмек түйүн кылып алдынкы жаактан байлагыла.
Ээктин алдына илмек кылып байлагыла, төлдүн башы чыкканда түйүндү бошотуп төлдү дем алдыруу керек.
Мисал4. Арткы буттары кайрылып, куйругу менен келип калган учур Кээде куйрук эле табылып, арткы буттар дененин алдында басылып калат. Мындай учурда төл туут каналына кысылып,,кыйынчылык туудурушу мүмкүн.
Колду төлдүн тонуна салып, акырын каналды көздөй түрткүлө, арткы буттарды оңдоо үчүн орун бошоткула. Муну энеси ыйынбай турган учурда этияттык менен жасагыла.
Колду салып арткы буттун бүгүлгөн жерин тапкыла.
Бутту бүгүлгөндөй кылып тарткыла.
Колду эки буттун ортосуна салгыла жана тизени сыртка түрткүлө. Туякты алдыга ортону көздөй тарткыла (же ичке), ошол эле маалда өзүңөрдү көздөй да тарткыла. Эскертүү: Эгерде туякты сыртты көздөй тартса, жатынды кесип же бут сынып кетүүсү мүмкүн же экөө тең болушу мүмкүн!
Экинчи бутка да ушундай эле кылгыла, эки бут жана куйрук туут каналында болсун.
Төл чыкканга чейин буттан тарткыла. Кээде жип менен байлап тартууга туура келет.









3-Көйгөй. Жатын моюнчасы жабык Жатын моюнчасы төмөнкү себептерден улам жабык болушу мүмкүн:
Туут мезгилине жете элек учурда;
Жатын моюнчасы ачылып, энеси тууй албай койгондо, жатын моюнчасы кайра жабылып калат (мындай учурда кындан аябай сасык жыт жана суюктук чыгат);
энеси ыйынганга алсыз болуп калганда (ыйынуу жатын моюнчасын ачканга жардам берет).
Жардам: 2 сааттан кийин жатын моюнчасы ачылганын кайра текшергиле.
Эгер жатын моюнчасы ачылып (кеңейип) баштаса:
Жатын моюнчасына колду салып, акырындык менен манжаңарды ачкыла, ошондо жатынга басым болуп жатын моюнчасы толук ачылат. Мындай кылуу энени да ыйынганга стимуляция кылышы мүмкүн.
Эгерде ушундай кылганда жатын моюнчасы ачылса, төлдү тартып чыккыдай кылып жылмалап самын сүйкөгүлө. Төлдү туура жайгаштыруу үчүн оңдоо же тартып чыгаруу үчүн жип байлаш керек болот.
Жыйрылууну стимуляция кылуу үчүн окситоцин сайгыла.
Эгер жатын моюнчасы ачылып баштабаса:
Жатын моюнчасы аркылуу антибиотик куйгула (мүмкүн болсо).
Антибиотик сайгыла.
Эстроген бергиле (ийне же таблеткаларды).
Жатын моюнчасынын ачылышын жума аралыгында күткүлө.
Ар бир 2 күн сайын ачылганын текшерип тургула, ачылганда өлүк төлдү алып чыккыла, энесин калган тонун чыгаруу максатында дарылагыла.
4-Көйгөй. Жатын буралып калып, кол киргизүү кыйын болгон учур Жатын өзү буралып калса, туут каналы туура ачылбайт. Муну “буралган жатын” (жатындын буралуусу) деп аташат, көбүнчө буйвол жана уйларда кездешет, кичинекей жаныбарларда аз кездешет.
Белгилери

Мал эс ала албайт, жатын чыңалып турат.
Адаттагыдай эле колду ийинге чейин самындап жуугула.
Колду кынга салганда, тар жана буралгандай болот. Төлдү кол менен кээде сезесиң, кээде сезбейсиң.
Жардам берүү

Эгер жатын моюнчасы кол киргизгендей жетиштүү ачык болсо, төлдү кармап, жатындын ичинен бурап, түздөгөнгө аракет кылып көргүлө. Муну кылуу оор, көп күч керек. Эгерде андай кыла албасаңар, анда төмөндөгүдөй кылгыла:
4-5 күчтүү эркекти жардамга чакыргыла.

Таза, кургак, түз жерге энесин жаткыргыла. Эгерде жатын оң жакка буралган болсо (саат жебелеринин айлануусу боюнча), анда эне малды оң жагына жаткыргыла. Эгер жатын сол жакка буралган болсо, анда эне малды сол капталына жаткыргыла.

Буралган туут каналы аркылуу кол салып, төлдүн бир жеринен кармагыла. Төлдү кармаган боюнча энесин чалкасынан жаткыргыла, анан кайра башка жагына оодаргыла.
Эгерде төлдү кармаганга мүмкүн болбосо, анда малдын алдынан устун өткөргүлө (устундун бир учу жерде болсун) анан малды курсагынан басып экинчи жагына устун менен оодаргыла. Энесин оодарып жатканда устун төлдү ордунда кармап турат, ошону менен жатынды ордуна бурайт.
Эскертүү: Эгерде жатын ого бетер тыгыз буралып калган болсо, анда малды тескери жакка оодаруу керек болот. Мындай учурда колду жатындын ичинде калтырып, энесин баштапкы жагына оодаргыла. Анан колду чыгарып малды баштапкы абалдан тескери жагына жаткырып, кайра карама-каршы жагына оодаргыла. Бул жолу жатын бошураак болуп калыш керек. Кайсыл жактан баштап оодарыш керек экенин билгенден кийин, 4-5 жолу жатын толугу менен ордуна келгенге чейин кайталоо зарыл.
Жатын ордуна келип кын түз абалда болгондо, жатын моюнчасы жабык болот. Мындай учурда, манжалар менен ачкыла же 1-2 саат өзү ачылганга чейин күткүлө.
Жатын моюнчасы ачылгандан кийин, төлдүн туура жайланышканын текшергиле, керек болсо оңдогула.
Этияттык менен төлдү тартып чыккыла.
5-Көйгөй. Күмөн энесинин ичинде өлүп шишип кеткен учур Бул көйгөй жатынды аябай алсыратып, оңой айрылып кетүүсүнө шарт түзөт.
Жардам берүү:
Колду жууп полиэтилен кол капты кийгиле. Жылмакай болуш үчүн самын сүйкөп койгула.
Жатындын айрылганын же айрылбаганын текшергиле. Эгер айрылган болсо, силерди күнөөлөбөш үчүн малдын ээсине айткыла. Мындай учурда ага малды союуга кеңеш берсе болот. Эгерде ээси эне малды сактагысы келсе, төлдү чыгарып жатканда жатындын айрылып кетүүсү мүмкүн экендигин алдын ала эскертүү керек.
Төлдүн жайгашуусун текшергиле. Эгер туура эмес болсо, тууралап, жатынды айрыбай төлдү алып чыкканга аракет кылгыла.
Эгер төл шишип кеткен болсо, аба чыгып кетүүсү үчүн курч бычак менен этияттап ичин жаргыла. Анан ичеги карынын, жүрөгүн, өпкөсүн, сөөктөрүн, ж.б алып чыккыла. Кээде баары бир эле чыгат.
Эскертүү: Жатынды кесип албоо үчүн бычакты алакан менен жаап киргизгиле.
Төлдү чыгара албасаңар, анда фетотомия кылуу керек (кийинки бөлүмдө), бул - төлдү энесинин ичинен бөлүк-бөлүк кылып кесип алып чыгуу ыкмасы.
Төл чыккандан кийин, жатынды жууп жана калган тонуна жараша дарылагыла.
Эмбриотомия (Фетотомия)
Кээде өлүк төлдү бөлүк-бөлүк кылып кесмейинче чыгаруу мүмкүн эмес болот. Бул үчүн атайын эмбриотом же фетотом деген курал бар. Максаты өлүк күмөндү энесине зыян келтирбей бөлүп кесүү. Темир түтүкчөгө окшош же эки темир түтүкчө бириктирилип ширетилген аспап. Фетотомду колдонуу оңой эмес жана бардык учурга бирдей ыкма колдонулбайт.
Фетотом түтүктөрү аркылуу атайын зым (эмбрион же мүйүз кескен зым) өткөрүлөт. Түтүктөр жатынды зымдан коргойт. Фетотомдун учунан чыккан илмек силер кесе турган жерге илинет (мис. баш). Кармагыч зымдын эки учунда болот. Бир адам фетотомдун илмегин өлүк төлгө басып кармап турат, экинчи адам алдыга артка кылып жатынга зыян кылбай аралайт. Эгерде фетотом куралы жок болсо, учу курч эмес түтүктү жатынга киргизип, ичи аркылуу зымды илмек кылып өткөрүп, ошол эле ишти аткарса болот.

Өлүп калган төлдү жатындын ичинде кесип алып чыгууга колдонулуучу Фетотом Кээде мал тууту оор болуп, узакка созулганда ордунан тура албай калат. Мунун себептери шайы кеткенден, булчуңдар же нервдер жабыркагандан болот, эгер кальций жетишпегендиктен болсо аны “тууттан кийинки жыгылуу” деп коюшат. 70-бетти карагыла.
Жардам: Эгерде малда “тууттан кийинки жыгылуу” болсо мындай кылгыла. Тура албай жаткан мал сергек болуп, тоют жей алса, анда жакшы болуп кетишине мүмкүнчүлүгү бар. Эгер мал башын көтөрө албай, тоют жей албай жатса (дарылагандан кийин дагы), анда калыбына келүүсү кыйын, ээси малды этке союуну ойлоно берсе болот.

Турбай калган мал үчүн төмөнкүдөй кам көрүлөт:
1. Малды катаал аба ырайынан (ысыктан, күндөн, сууктан, шамалдан, жамгырдан) жана башка жаныбарлардан коргогула.
2. Малды жумшак, таза, кургак, түз жерге койгула. Алды жумшак болушу өзгөчө чоң мааниге ээ, ал өзүнүн оор салмагы менен этине, терисине олуттуу зыян келтирип албашы керек.
3. Булчуңдары жана териси жаракат албашы үчүн, бир күндө, жок дегенде, төрт жолу алмаштырып жаткырып туруу керек.
4. Жакшы тоют жана таза сууну да бир күндө төрт жолу бергиле.
5. Чымындар, курттар жана жумуру курттарга каршы дарыларды зарылчылык болсо колдонууга болот. 316-бетти карагыла.
6. Эгер мүмкүн болсо, бир нече киши чакырып, күнүнө бир жолу көтөрүп тургузгула. Жер түз, коопсуз жана сыйгалак эмес болсо малды бастыргыла, болбосо мал жыгылып бир жерин жабыркатып алат.
Эгер эки жумадан кийин да калыбына келбесе, малдын ээси этке кетирүү чарасын мерчемдей берсе болот.