Жатындын жана туут каналдарынын жабыркоолору
10.7.3 Жатындын жана туут каналдарынын жабыркоолору (Кындын, жатындын сыртка чыгып калуусу(пролапс), Вульвадан суюктуктун чыгышы, чөбү түшпөй калуусу, метрит)

Бул кын вульвадан сыртка чыгып калган абалды айтат. Мындай учурда топтошкон кызыл эт көрүнөт, мал чыңалып, тууп жаткандай болуп тез-тез ыйынат. Бул бооз учурдун акыркы айларында, төл чоң болгондо байкалат. Мал жатканда, чоң төл кынды сыртка түртүп чыгарат.
Жардам берүү Малдын башын ылдый каратып тургузгула. Зарылчылык болсо алдынкы бут жагындагы жерди бир аз казып жибергиле ( 1 фут тереңдикте).
Малды ылдый кылып тургузган боюнча, топтошуп чыгып калган бөлүгүн таза самын менен жылмакай кылып жуугула (эгерде кандайдыр бир жараат же курт болсо, аларга карата чара көрүү керек.)
Акырындык менен сыртка чыгып калган кынды ичине түрткүлө.
Кын ичти көздөй түртүлүп киргенден кийин, 5-10 мүнөт акырын кармап тургула, болбосо кайра сыртка түртүп чыгарып салат. Вульванын сыртынан кол менен жаап кармап турса болот.
Мал чыңалбай калгандан кийин, колду коё берип, жарым сааттай көңүл коюп байкап тургула. Бир нече саат жаткырбагыла, болбосо кайра чыгып калат.

Фермерге бир күндүк тоютту аз-аздан бөлүп, көп жолу берүүнү сунуш кылгыла. Мындай жол менен тоюттандырганда, тоют карындын ичинде көп орун ээлебейт.
Эгер мал кайра ыйынып баштаса, аны карап, бир нече саат жаткырбагыла.
Эгер малдын кыны сыртка чыгып кала берсе, анда аны жип менен байлап же тигүү керек (пролапс болгон жатындын диаграммасын карагыла). Бирок бул кооптуу, анткени жипти туут башталаар менен дароо алып салуу керек болот.

Бул жатындын ичи сыртка түйрүлүп кындын сыртына чыгып калган учур. Мындай абал, адатта, туугандан кийин бир сааттын ичинде болот. Сүт көп берген уйларда бул сүт безгеги (кальцийдин жетишсиздиги) менен байланыштуу болот. Бул буйволдордо да көп кездешет.
Жардам:
Тез арада көңүл буруу керек. Эгер жатын 8 сааттан ашык сыртта чыккан боюнча калса, мал көп учурда өлүмгө дуушар болот. Ошол эле учурда, тез арада жардам көрсөтүлгөн малдын 80%ы жашап кетет.
Жатынды жакшылап тазалап ичти көздөй киргизгиле. Бирок мындай кылуу оор болот, анткени көбүнчө мал кайра эле сыртка түртүп чыгара берет! Жатынды мал жатканда же туруп турганда түртүп киргизсе болот.
Жаткандагы абал: Малдын алды жагын эңкейтип жаткызгыла (мүмкүн болсо), ошондо ал артка катуу түртө албагандай болот жана табигый гравитация сизге жардам берет. Мындай кылуу үчүн тайыз чуңкур казып, алдынкы бөлүгүн ошол жакка койгула же, арт жагын көтөртүп саман төшөгүлө же арткы буттарын арканы көздөй сундуруп жаткызгыла (сүрөттөрдү карагыла).




Турган абал: Малды дөң жерге ылдый каратып тургузгула.
Жатын сырткачыгып калганда ирети менен жардам көрсөтүү Жатынды жакшылап тазалагыла. Жатынды толугу менен чакага салып алып самындап жууса болот.

Чөбүн мүмкүн болсо алып салгыла.
Ылдый отуруп (же мал турган абалда болсо туруп) артынан жатынды акырын көтөргүлө.
Жатын жылмакай болуш үчүн самын колдонгула.
Акырындык менен жатынды вульва жана кынга түртүп киргизгиле. Жатынды жылмакай кылуу үчүн кошумча самындоо керек болуп калышы мүмкүн.
Түртүп жатканда жатынды манжаңар менен тешип албоо үчүн этият болгула.
Бул ишти аткаруу бир саат же андан дагы көп убакытты алышы мүмкүн.
Жатын малдын ичинде туура абалда жайгашканын текшергиле, болбосо кайра түртүп чыгарып салат.
Эгер жатын шишип кеткен болсо, анда ал ичкери кирбейт, муздак суу (жана мүмкүн болсо шекер) колдонуп шишикти азайткыла. Эң маанилүүсү жатынды жылмакай кылууну жана малдын алды жагын ылдыйышка коюуну унутпагыла.

Тетрациклин же фуразолидон сыяктуу курамында күкүртү бар антибиотик болустарын жатындын ичине салгыла. Эгерде болустар жок болсо, 500 мгр тетрациклин таблеткаларынан (адамдар үчүн) 6 даана койгула.

Пеницилин, ампицилин же тетрациклин каражаттарын сайгыла.
Текшерип, анан зарыл болсо малды парезге дарылагыла.

Жатын кайра сыртка чыгып калбашы үчүн төмөнкү ыкмалардын бирин колдонгула:
жатын кайра чыкпашы үчүн вулванын айланасына “шакекче” байлап койгула;

3 же 4 жерден, калың материал менен вулваны жаап тигүү керек. Бирок 3 күндөн кийин тиккен жиптерди алып салуу керек.
Окситацин чыгып, жатын жыйрылып кайра чыкпашы үчүн төлдү эмизгиле. Эгер төл эме албаса, анда малга окситацин дарысын сайгыла.
Эгер эне мал жатып калган болсо, бутуна тургузганга аракет кылгыла. Көтөргөнгө 5 же 6 адамдын жардамы керек болушу мүмкүн. Эгер ал жатынын дагы деле сыртка түртүп чыгарайын деп жатса, анда алды жагын ылдыйыш жакка тургузгула.
Төмөндө вульвадан чыккан ар кандай суюктуктуктардын түрлөрү жана маанилери жөнүндө түшүндүрмөлөр:
Күүгө келгендеги тунук, жылмакай суюктук – малдын күүгө келгендигинин белгиси.
Кан аралаш суюктук – күүлөп бүткөндөн бир аз убакыт өткөндөгү табигый белги (куудурганга кеч болуп калган).
Туугандан кийин, бир жума бою кызыл түстөгү келген суюктук: уй тоют жеп, дене табы жок болсо, бул адаттагы эле көрүнүш.
Вулвадан чыккан сасык суюктук – метриттин (жатындын инфексиясы) белгиси.
Көбүнчө туугандан көп өтпөй байкалуучу, кан менен ириңдин аралашма суюктугу малды катуу оорутуп же өлүмгө дуушар кылышы да мүмкүн.
Өнөкөт болуп калганда көбүнчө ириң чыгат жана катуу оорутпайт, бирок тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.
Метритти дарылоо боюнча 154-беттен карагыла.
Туугандан бир нече саатан кийин (плацента) чөп толук түшпөй калса, демек, тууттан кийин чөптүн түшпөй калуусу деп эсептесе болот. Бул көйгөй азыктын жетишсиздигинен, инфекциялык ылаңдардан, оор тууттан же башка факторлордон улам болот. Калып калган плацента “метрит” деп аталган жатындын инфекциясына алып келиши ыктымал. 154-бетти карагыла. Метрит малды катуу ылаңдатып коюшу мүмкүн.

Дарылоо:
Туугандан кийин 6-12 сааттын ичинде, сыртка чыгып турган чөптүн бөлүгүнө таш байлап көргүлө. Таштын салмагы чөптүн толук түшүүсүнө көмөк болот. Дагы бир жолу, салаңдап жүргөн чөптү суу менен толтуруп көргүлө. Эгер 12 сааттын ичинде чөбү түшпөсө, жардам берүүнүн эң жакшы жолу, жатындын ичине антибиотик куюу, кошумча метриттин алдын алып антибиотик саюу керек. Бирок алыскы аймактарда дары табуу кыйын болсо, кол менен алып салуу керек. Кол менен чөбүн алып салууда жатындын жабыркоо тобокелчилиги болот, бирок убагында алып салуу оор метриттин, токсемиянын, керек болсо өлүмдүн алдын алат.
Бээлердин өзгөчөлүктөрү: Бээлерде калып калган чөп, башка малга караганда өтө олуттуу болот, анткени бээлер метритке өзгөчө сезгич болушат. Туугандан кийин 3 сааттын ичинде плацента түшпөсө, ар саат сайын 10 мл окцитоцинди булчуңга чөбү түшкөнгө чейин сайып тургула. Алты сааттан кийин дагы түшпөсө, антибиотик (мис. пеницилин) сайгыла жана 5 күн уланткыла. Кол менен албагыла, бул кансыроого дуушар кылуусу мүмкүн.
Чочколордун өзгөчөлүктөрү: Эгерде чочконун плацентасы калып калса, бир күн бою, ар эки саат сайын, 10 мл окситацин сайып тургула. Эгерде экинчи күнү плацента түшпөсө, окситоцинди токтотуп, олуттуу метрит болбошу үчүн антибиотик сайгыла. Антибиотикти берүүнү 3-5 күн уланткыла.
Малдын туутан кийин түшпөй калган чөбүн кол менен уйдан, буйволдон, койдон жана эчкиден алуу 1. Малдын ээсине куйругун карматып же байлап койгула.
2. Вулваны жана айланасын самын суу менен аябай жакшылап жуугула.

Целлофан кол кап (болсо) кийип, самын менен жылмакай болгуча жуугула.
Эскертүү: Бала салып койгон малга кол капсыз эч качан жардам көрсөтпөгүлө. Жумуш бүткөндөн кийин да дайыма колду самындап жуугула. 139-бетти карагыла.



Колду жатынды көздөй болушунча терең салгыла. Эгер жатын моюнчасы жабык болсо, силердин колуңар кындан ары кирбейт.
Өтө кылдаттык менен чөбүн чыгаргыла. Жылмакай болгондуктан, жакшылап кармап тартыш үчүн манжага бир нечежолу ороп алгыла.

Жатынды 1-2 литр таза, жылуу самын суу менен же Поташ, Савлон йод же хлор сыяктуу дезинфектант менен тазалагыла. Жатынды жууш үчүн 1 метр узундуктагы, учу жылмакай ичке түтүкчө же шланга керек болот. Эгер жатын моюнчасы ачык болсо, шланганы жатынга салгыла. Эгер жабык болсо, шланганын бир учун моюнчага такап, экинчи учуна куйгуч кийгизип суюктукту куйгула. Мал бүт суюктукту сыртка түртүп чыкканга чейин бир нече мүнөт күткүлө.



Жатынга антибиотик болустарын салгыла. Жатын моюнчасы жабык болгон күндө да, болустарды бөлүп-бөлүп, моюнча аркылуу түртүп киргизсе болот. Тетрациклин, сульфа же фуразолидон сыяктуу бардык эле антибиотиктер жарайт, 151-бетти карагыла. Болустар жок болсо, 500 миллиграммдык адамдар үчүн даярдалган тетрациклинден 6 таблетканы колдонсо болот.
8. Антибиотикти да сайгыла.


Алдын алуу Төлдү туулар замат эмизгиле. Эмизгенде окситоцин бөлүнүп чыгып, жатын жыйрылып чөбүн түртүп чыгат. Окситоциндин бөлүнүп чыгуусу жатындын сыртка чыгып калуусунун алдын алат. Кээ бир мал доктурлар окситоцин ийнесин сайып коюшат.
Метрит бул жатындын инфекциясы. Ал эки формада өтөт:
Курч метрит – бул тез өрчүйт (адатта тууттан кийин) жана малды катуу оорутат.
Өнөкөт метрит – көп убакытка чейин созулат жана катуу оорутпайт, бирок тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.
Метрит бир нече себептерден козголот:
1. Бруцеллез же лептоспироз сыяктуу бала салдыруучу инфекциялар. 161-бетти карагыла.
2. Чөбү түшпөй калганда.
3. Жатындын булганышы, көбүнчө туут маалында тазалык эрежелери сакталбагандан (колдор, жабдуулар кир болгондон) болот.

Белгилери:
Ириң же вульвадан чыккан башка суюктуктар.
Ичтин оорушу (өзгөчө курч метрит болгондо).
Дене табынын жогорулашы (өзгөчө курч метрит болгондо).
Тоютту жакшы жебей калат (өзгөчө курч метрит болгондо).
Тукумсуздук (өнөкөт болгондо).
Диагноз: Белгилерине жараша.
Дарылоо: Инфекция кирген жатын “инфекция болгон жараатка” окшош. Аны тазалоо керек, антибиотик инфекцияны дарылоо үчүн колдонулат. Жатындын ичине колдонулган антибиотиктер жөнүндө 151-бетти карагыла.
Курч метрит – туугандан көп өтпөй болот, чөбү түшпөй калганда кандай дарыласаңар, бул учурда да ошондой дарылоо керек (жатынды тазалагыла, ичине антибиотик салгыла жана антибиотикти сайгыла).
Өнөкөт метрит – туугандан көп убакыт өткөндөн кийин болот: жатындын ичине узун түтүкчө менен антибиотик салгыла (жасалма уруктандырган адистер муну кандай кылууну билишет); же МСКК жөн гана антибиотик сайса болот.
Башка жолдору: Метритке каршы натыйжалуу жана табигый альтернативалык жолу болуп простоглан эсептелет (131-бетте). Бул малды айыкканча кайталап күүгө (“кыска цикл”) келтирет. Простогландинди мурдагы күүсүнөн 11 күн өткөн сайын кайталап сайып туруу керек. Тез-тез келген күү малдын өзүнүн метриттен коргонуусун камсыз кылат.
Байкоо: Эгер малдын вульвасынан коюу ириң суюктук чыгып турса, анда “пиометра” болушу мүмкүн, бул жатын ириңге толгон учур, муну дарылоо абдан оор болот. Айыктыруунун бир жолу “эстроген” деп аталган гормонду колдонуп күүгө алып келүү, 131-бетти карагыла. Күүгө келгенде, пипетка колдонуп жатындын ичине антибиотик куйгула. Дагы бир жолу бул простогландинди колдонуп, малды “кыска циклге” алып келүү керек болот.
Эскертүү: Эстроген менен простагландинди этияттап колдонуу керек, анткени алар бооз малды (адамдарды дагы!) бала салдырат (бойдон түшүрөт).
Мастит бул – желиндин сезгенүүсү. Мастит болгондо, адатта, желин шишип, ысыйт жана кызарат. Сүт өндүрүмдүүлүгү азаят. Негизги таасирлери желинди жабыркатат же бактериялык инфекцияны пайда кылат.

Курч маститтин белгилери: желин шишийт, ысыйт жана оорутат. Мал ылаңдап, тоют жебей калышы мүмкүн. Мастит болгон малды антибиотик менен дарыласа, андай сүттү бир нече күн ичпеш керек. Эгер малдын ээси сүттү баары бир колдоном десе, анда сүттү жакшылап кайнатуу зарыл.
Желиндин сезгенүүсүнө (маститке) шек болсо эмне кылуу керек?

1. Сүттү текшергиле Сүттөн алаканга, идишке же жалбырака куюп алып жакшылап карагыла. Суюкпу, жыты жаманбы, бүртүкчөлөр, ириң же кан барбы текшергиле. Ушулардын баары маститтин белгилери.
Белгилөө: Сүттүн бүртүкчөлөрү кара түстүү идиштен жакшыраак көрүнөт (мис. кара түстү кагаз же кочкул жашыл жалбырактан).
Дагы бир атайын “мастит кошулмасы” деген кошулма менен дагы текшерсе болот. Бул кошулма көбүнчө көк түстө болот. Бир нече миллилитр сүт менен бир нече миллилитр кошулманы аралаштырат. Аралашма коюуланып калса, маститтин белгиси болот.
2. Малдын дене табын текшергиле

Таблица: Желиндин сезгенүүсүн (Маститти) дарылоо
| Сүт нормалдуу | Сүт нормалдуу | Сүт нормалдуу эмес (суюк, жыты жаман, же бүртүкчө, кан, же ириң бар) | Сүт нормалдуу эмес (суюк, жыты жаман, же бүртүкчө, кан, же ириң бар) |
|---|---|---|---|
| Малдын дене табы нормада | Малдын дене табы жогору | Малдын дене табы жогору | Малдын дене табы нормада |
| Көбүнчө желин жабыркаган. | Мастит + токсемиа. | Желинде бактерия +токсемиа | Желинде бактерия бар токсемиа жок |
| Дарылоо | Дарылоо | Дарылоо | Дарылоо |
| Тез-тез сааш керек (желиндинканюлясын колдонуу керек). | Тез-тез сааш керек (желиндинканюлясын колдонуу керек). | Тез тез сааш керек1 | Тез-тез сааш керек1 |
| Жылуу ным сүлгү койгула.3 | Жылуу, ным сүлгү койгула.3 | (желиндин канюлясын колдонуу керек). | (желиндин канюлясын колдонуу керек). |
| Желиндин жараатын дарылагыла.4 | Желиндин жараатын дарылагыла.4 | Жылуу, ным сүлгү койгула.3 | Жылуу, ным сүлгү койгула.3 |
| Тоют жана суу бергиле. | Тоют жана суу бергиле. | Желиндинжараатын дарылагыла.4 | Желиндин жараатын дарылагыла.4 |
| Антибиотикти (булчуңга же теринин астына)сайгыла. | Тоют жана суу бергиле. | Тоют жана суу бергиле. | |
| Антибиотик (булчуңга же теринин астына)сайылат. | желиндин ичине антибиотик берилбесе;булчуңга же теринин астына сайыш керек. | ||
| Мүмкүн болсо желиндин ичине куйган антибиотик колдонгула. | Мүмкүн болсо желиндин ичине куйган антибиотик колдонгула. |
1Тез- тез саагыла (жок дегенде, 1 күндө 4 жолу), бул басымды азайтат (жана ылаңды) ошондой эле желинди тазалайт. Эгер сүт чыкпай жатса, сүт чыгарыш үчүн таза желин канюлясын кийгизиш керек.
2158-бетти карагыла, 'желин канюлясын колдонуу менен.' Эскертүү: ЭЧ КАЧАН жыгач же куурайды желиндин тешигине сүт чыгарам деп сайбагыла! Канюля иштебей калганда алып салгыла!
3Шишикти жана ооруну басаңдатуу үчүн, желинге жылуу, ным чүпүрөк койгула.
4 Антибиотик желиндеги бүт микробдорду өлтүрөт.
Желиндеги жарааттарды дарылоо,желинди каптап кете турган бактериялардын баарын өлтүрөт. Чимиспрей, антибиотик мазь, вазелин, же тамак майын колдонгула.
Алдын алуу:
Төмөнкү жолдор менен маститти алдын алса болот:
Малды таза кармоо, өзгөчө саандан кийин (желиндин тешиктери ачык болгон учурда).
Саардын алдында желинди жууп кургатуу.
Саап бүтөөрү менен желинди дезинфектант менен тазалап чыгуу.






Кунаажындарды туушуна бир нече ай калганда желинин ушалап, сылап-сыйпап сааганга көндүрө бергиле. Бул желиндин жабыркоосун алдын алат.
Желини жакшы (салаңдаган, начар желиндерди эмес), күчтүү малдын төлүн тукумдукка тандагыла.
Белгилөө: Сапатсыз сүттү адамдар да, жаныбарлар да ичпеши керек. Сүттүн өңү жакшырмайынча төгүп тургула.
| Желиндин ичине антибиотиктерди кантип колдонуу керек |
|---|
| Жабыркаган желинди толук саагыла. |
| Желиндин учун дезинфектант менен сүрткүлө. |
| Пластмасса канюляны (антибиотик менен чогуу келет) желиндин тешигине киргизгиле. |
| Антибиотиктин тюбигин канюляга сайгыла. |
| Болгон антибиотикти сыгып, желиндин ичине киргизгиле. |
| Канюляны алып, желиндин тешигин жаап кармап тургула |
| Дарыны акырын ушалап жогору карай киргизгиле. |
| Белгилөө: Булчуңга же теринин астына антибиотик сайганга караганда желинге дары саюу кыйыныраак болот. Эгер муну кылганды билген адам жок болсо, анда териге же булчуңга ийне эле сайгыла. |
| Эскертүү: Желинге бериле турган дарынын сунуштамасын окуп, колдонгула. Кээ бир желинге колдонулуучу антибиотиктердин курамында стероид болот, алар малды бала салдырып коюшу мүмкүн. |
Желиндин канюлясын кантип туура колдонуу керек Эгер канюля туура колдонулбаса, желиндин ичине бактерия кирип инфекция кылат.
1. Канюля, жок дегенде, 10 мүнөт дезинфектантта малынып туруусу керек. Эгер дезинфектант болбосо, арак же спиртти дагы колдонсо болот. Канюля менен бирге кебез да дезинфектантка малынышы керек.
2. Эгерде мал желинин кармаганда тээп жатса, анда аны аштоого байлагыла. Анда деле турбай кыймылдай берсе, буттарын теппегендей кылып байлагыла. 23, 26, 27-беттерди карагыла.
3. Колду жууп жана манжаларды (тырмактын алдын дагы) дезинфектант менен тазалагыла.
4. Желинди капталды көздөй тартып кармагыла. Желинди дезинфекцияланган вата менен толук тазалагыла.
5. Анан канюляны түбүнөн кармап (УЧУНАН ЭМЕС!) желиндин ичине киргизгиле.
6. Эгерде канюля кокусунан териге же малга тийип калса, анда канюляны тазалап кайра башынан аракет кылгыла.
7. Сүт агып бүткөндөн кийин канюляны алып салгыла.

Кээ бир учурларда малда айыкпаган мастит дартына чалдыгат. Мал ылаңдагандай көрүнбөйт. Бирок сүт өндүрүмдүүлүгү азайып, сүттүн көрүнүшү дагы башкача же суюк болуп калат. Мунун себеби антибиотиктер таасир бербей калган микробдор болушу мүмкүн.
Дарылоо:
Эгер мүмкүн болсо, сүттү лабораторияга текшертип, кайсы антибиотик жардам берүүсү мүмкүн экенин билгиле. Антибиотик колдонуудан мурун текшерткиле.
Эгер лабораторияда текшерүү мүмкүнчүлүгү болбосо, мурда колдонгондон башка антибиотик колдонгула. Желиндин ичине куйган антибиотиктер эң жакшы, бирок андай дары жок болсо, булчуңга жана теринин астына колдонулчу дарыны сайгыла. Сунуштамадагы көрсөтмөлөрдү аткаргыла, көбүнчө 4 күн катар берилет. Эрте токтотуп койбогула, бул микробдорго дары таасир бербей калышына шарт түзөт.
Тукумсуздук бул - малдын тукум улоого жөндөмсүздүгү. Мунун ар кандай себептери болушу мүмкүн. Тукумсуздук көйгөйлөрү жана малды уруктандыруу боюнча 164-беттен толугураак көрсөңөр болот.
Текшерип, анамнезин жазып туруу абдан маанилүү. Анткени ошол аркылуу мал ууланганын, дене табын, кандайдыр бир дарынын таасирин, эмдөө же начар тоюттанганын көрсө болот.
Тукумсуздук ургаачы малда же эркек малда экенин алгач аныкташ керек.
Эгерде ургаачы мал башка бир нече эркек мал менен уруктандырылып, бирок дагы деле боозубаса, анда ургаачы мал тукумсуз.
Эгер бир нече ургаачы мал бир эркек мал менен уруктандырылып, көпчүлүгү боозубай калган болсо анда эркек мал тукумсуз.
Ургаачы малда тукумсуздуктун эки негизги түрү бар:
Күүгө келбейт. Ургаачы мал күүгө келгенинин эч кандай белгиси көрүнбөйт.
Кууууруу жана бала салуу кайталана берет. Ургаачымал күүгө келип уруктандырылгандан кийин, бооз болбой калса, кайталап уруктандыруу деген термин колдонулат. Ошол мал кадимкиден дагы көбүрөөк күүгө келиши мүмкүн. Же бооз болуп, бирок эч качан аягына чейин көтөрбөйт. Төл жатында өлүп калганда же жашап кетиш үчүн эрте туулуп калганда “бала салуу” деп коёт. “Тукумсуздуктун жана бала салуунун негизги себептери:
Жугуштуу ылаңдар Начар тоют же организмдеги мите курттар Кээ бир дарылардын же вакциналардын терс таасири Дене табынын жогорулашы Уулануу Малдын күүгө келбегенинин себептери эмне болушу мүмкүн?
Бооз учурунда! Мындай учур ургаачы мал үчүн эң негизги себеп болот. Балким малдын ээси анын уруктандырылып калганын билбей калгандыр (мис. бошоп кетип эркек мал менен байланыш болгон же эркек мал келип кошулган).
Эмне кылуу керек: Биринчи малдын бооз же бооз эместиги аныкталганга чейин күткүлө. Мүмкүн болсо, ветеринарды же техникалык адисти чакырып,,ректалдык текшерүү жүргүзгүлө. Ошол эле учурда, энелик бездерди жана жатында дагы сезгенүүлөрдүн жоктугун текшерүү керек.
Малдын күүгө келип жатканын байкоо кыйын болгон учур. Малдын ээси менен кантип жана качан мал күүгө келээрин байкоо керектигин кайталап кароо маанилүү. 135-бетти карагыла.
“Тынч күүлөө” кээде мал күүгө келип, бирок адаттагы белгилерди көрсөтпөйт. Мындай көбүнчө эркек мал жакын арада жок болгондо болот.
Эмне кылуу керек: Куут маалында ургаачыны эркек мал менен чогуу же жакын кармагыла. Малдын ээси мал күүгө келгенин байкай албаса да, эркек мал аркылуу биле алат.
Картаң мал: Малдын тиши аркылуу жашын болжолдоп билгиле. Мал өтө картаң болсо ээсине түшүндүргүлө.
Эмне кылуу керек: Карыган мал үйүрдөн алынып, жаш мал менен алмаштырылышы керек. Бир убакытта жалаң картаң мал топтолуп калбашы үчүн муну маал-маалы менен алмаштырып туруу керек. Мисалы, чочколордун үйүрүнүн 20 пайызы 1/5 жыл сайын алмаштырылып туруусу керек. Ошондо жаш жана картаң малдардын катнашы туура болот.
Азыктын жетишсиздиги: Кээ бир малдын күүгө келбегенин бир себеби тоютунда керектүү заттардын жетишсиздиги болуусу мүмкүн. Көбүнчө, тоют жетишпегендиктен тоюттун кубаттуулугу аз болот (мал арыктайт). Эгер малдын ичинде көптөгөн мите курттар болсо, анда абал ого бетер начарлайт. Тропикалык өлкөлөрдөгү топурак жана өсүмдүктөр фосфор минералына жарды болот. Фосфор жетишпеген малдын тукум улоосу начарлайт.
Эмне кылуу керек: Мал арык, оорукчан болбошу үчүн кубаттуу, тең салмактуу тоюттандыргыла (106-бетте). Буга кошумча, мите курттарга каршы дарылагыла.
Белгилөө: Мамлекеттик кызматкерлерден жалпы аймакта минералдын жетишсиздиги барбы деп сурагыла. Бар болсо, жергиликтүү адистин кеңеши менен кошумча минералдарды берүүнү ойлонуштургула. Кымбат баалуу фосфор же витаминдерди сайууга ишенбегиле. Андан көрө, витамин минералдарды жемге кошуп бергиле.
Эскертүү: Көп мал ээлерин сатуучулар витаминдерди саюуга жана минералдардын продукциясына көндүрүп коюшкан. Кээ бир учурларда, жергиликтүү кымбат тоюттар керектүү витамин минералдар менен камсыз кыла алат. Көбүнчө, мите курттар жана тоюттагы кубаттуулуктун жетишсиздиги чоң көйгөйдү жаратат.
Өтө семиз: Өтө семиз ургаачы мал күүлөбөгөндүктөн уруктанбайт. Эгер уруктанса, туутта кыйналат же төлү алсыз болот.
Эмне кылуу керек: Жакшы, тең салмактуу даярдалган тоютту аз көлөмдө, мал арыктагыча бергиле.
Инфекция: Метрит ылаңы да тукумсуздукка алып келиши мүмкүн, 161-бетти карагыла.
Энелик бездердеги же жатындагы көйгөйлөр: Жогорудагы себептер жок болгондон кийин да күүгө келбесе, анда энелик бездерде күүгө келтирбей жаткан көйгөй бар. Тукум улоо органдарында көйгөй болгон мал уруктанбайт же дароо бала салат. Уй бирөөсү ургаачы, бирөөсү эркек эгиз музоолорду тууганда көбүнчө ушундай болот. Эгиз туулган ургаачы музоолордун 95 пайызынын тукум улоочулук органдары өспөй калат жана тукумсуз болот. Америкада бул эгиздердин ургаачыларын “фри-мартин” деп аташат.
Кайталап уруктандыруу жана бала салуунун себептери окшош болот, ошондуктан экөөнү чогуу караса болот.
Малдын начар тоютануусу (жетишсиздиги)
Бул тоюттун начарлыгынан же мите курттардын себебинен болот. 51, 125,176, 196-беттерден карагыла.
Энелик бездердеги киста Киста –бул энелик бездерде өскөн суюктук толгон шишиктер. Кисталар малдын күүгө келүү циклин буза турган гормондорду бөлүп чыгарышы мүмкүн. Ургаачы мал дайыма күүлөп жаткандай, башкаларга секирип же таптакыр күүлөбөй, өзгөчө жүрүм-турумдарды көрсөтүшү ыктымал. Төмөнкү кисталардын эки түрү эң көп кездешет:
Фолликулярдык кистасы Белгилери:Мал күүлөйт, анан кайра өз мөөнөтүнө жетпей кайра күүгө келет.
Диагноз:Белгилерине жараша (тажрыйбалуу адис тарабынан) коюлат. Ректалдык текшерүүдөн кийин аныкталат.
Дарылоо:Курамында хориондук гонадотропин бар гормонду сайгыла.Эгер бул дарылар жеткиликтүү болбосо, эскиче жол менен, 5% йоддун аралашмасынан 10мл, жатынга пипетка менен куйгула.
Алдын алуу:Энелик бездерде киста пайда болушунун себептери, эстроген гормондорун сайгандан же курамында эстроген көп болгон тоюттарды жегенден болот. Силер жайгашкан аймакта энелик бездердеги кисталар чоң көйгөй болгонун байкасаңар, тажрыйбалуу адистен кеңеш алгыла. Энелик бездеги киста өнөкөт болуп калса, андай малды жок кылууну ойлонуштуруш керек (көйгөй көп жолу кайталанган болсо), анткени бул анын тукумуна да өтүүсү мүмкүн.
Лютеалдык киста Белгилери:Мал такыр күүгө келбейт.
Диагноз:Белгилерине карап коюлат.
Дарылоо:Простогландин дарысын сайгыла. Эгерде дарылоо натыйжалуу болсо, мал 3 күндүн ичинде күүгө келиши керек. Эгерде простогландин жеткиликтүү болбосо, жогоруда сүрөттөлгөндөй кылып йодду колдонгула.
Алдын алуу: Энелик бездеги киста өнөкөт болуп калса, мындай малды жок кылууну ойлонуштуруш керек (көйгөй көп жолу кайталанган болсо), анткени бул анын тукумуна да өтүүсү мүмкүн.
Инфекция Метрит (жатындын сезгенүүсү) буга чейин жатындын ылаңы катары 154-бетте каралган. Тукумсуздуктун дагы негизги себептеринин бири метрит болот. Метриттен башка дагы ар кандай микробдор инфекция кылып, тукумсуздукка жана бала салуугаалып келет. Кайсы микроб козгоп жатканын, лабораториянын жардамы менен да айтуу кыйын. Бирок төмөнкү микроорганизмдер метриттин негизги себепкерлери болот:
Уйларда “трихомонос” деген микроорганизм тукумсуздукту пайда кылат, же күүгө келүүнүн ыраттуулугун бузат. Бука башка уйга секиргенде ага дагы жугузат.
Чочколордо “парво” деген вирус тукумсуздукту, бала салууну же ылаңдаган торопойлорду туудурат.
Төмөнкү бөлүктө бала салууга алып келген эки негизги инфекция тууралуу маалымат берилет.
Бруцеллез Бруцеллез Бруцелла деген бактериянын кесепетинен келип чыгат жана бала салууга, тукумсуздукка алып келет, уй, буйвол, эчки, кой, чочко жана иттердин жумурткаларын сезгентет.
Бруцеллез ошондой эле жалпы саламаттыктагы олуттуу ылаң, анткени ал адамдарда дагы “толкун сымал” же “малталык” лихорадканы пайда кылат. Адамдардагы белгилерине– дене табынын көтөрүлүп кайра ылдый түшүшү, баш оору жана жалпы алсыроо кирет, 281-беттен карагыла. Адамдарга малдын чөбүн кармаганда, сүттөн, же малды этке сойгондо (өзгөчө чочколорду) жугат.
Малга оозу аркылуу, ылаңы бар тоюттан же суудан же ылаңдаган малдан, өзгөчө чөбүнө оозу менен тийген болсо жугат. Бактерия жатынга келип, мал тууганга аз калганда бала салдырат. Бала салгандан кийин, чөбү түшпөй акыры тукумсуздукка алып келет. Бруцелла бактериясы ылаңдаган малдын сүтүндө да болот.
Диагноз: Диагнозду малдын канын же бала салган төлдү же плацентаны текшерип, аныктайт.
Дарылоо: Мүмкүн эмес.
Алдын алуу жана көзөмөлдөө:
Көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик бийликтен канды текшерүүнү талап кылышат, ылаңдаган мал чыкса сойдуртат.
Кээ бир өлкөлөрдө бруцеллездун вакциналары лицензиядан өтүп жеткиликтүү болот, бирок МСКК сунуштамадагы көрсөтмөлөргө жана мамлекеттин эрежелерине ылайык туура колдонуусу керек.
Бала салган малдын чөбү көмүлүүсү же өрттөлүүсү керек. Башка малды жана адамдарды аларга жолотпоо шарт.
Бруцелла менен кошо башка дагы зыяндуу организмдерди жок кылуу үчүн, сүттү кайнатып анан ичүү зарыл.
Эскертүү: Бала салып чөбү түшпөй калган малдын ичине целлофан кол кап кийбей туруп эч качан колуңарды салбагыла. Бүткөндөн кийин ар дайым колуңарды жуугула. Эгерде кокустан Бруцеллез менен байланыш болуп калса, 500 миллиграммдык тетрациклинден күнүнө төрт жолу, эки жума бою ичүү керек.
Лептоспироз Лептоспироз малда да, адамдарда да ылаң козгойт, 287-бетти карагыла. Ит, чочко, уй, келемиш жана жапайы жаратылыш инфекциянын булагы болуп эсептелет. Микроорганизм малдын заарасы аркылуу чыгат. Мал жана адамдар булганган сууну ичкенде же инфекция болгон малдын заарасына байланыш болгондо жугат.
Белгилери: Жаш малдын дене табы жогорулап, сасык жыт пайда болуп, кан сийип (гемоглобинурия) катуу ылаңдайт, 246-бетти карагыла. Кан аздуулук болуп, акыры өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бооз мал бала салышы мүмкүн, же сүтү азайып, коюу, сары, кан аралаш болуп калат, желини сезгенбейт. Кээде өзгөчө чочколордо жана сүт бербеген чоң малда белгилери билинбейт.
Диагнозу: Клиникалык белгилеринин негизинде коюлат. Канын текшерип тастыктаса болот.
Дарылоо: Тетрациклин менен дарылайт же жаңы башталышында стрептомицин дагы жардам берет.
Алдын алуу/Көзөмөлдөө: Стрептомицин менен чогуу эмдөө эрте болсо, эпидемияны көзөмөлгө алганга жардам болот. Стрептомицин ылаңдын козгогучунун организмден заара менен бөлүнүп чыгуусун токтотот. Келемиштерди көзөмөлдөө да жардам берет.
Кээ бир дарылар жана вакциналар бала салдырат.
Кайсы бир дарылар менен вакциналар бала салдырат. Ошондуктан колдоноордон мурда бардык дарылардын сунуштамаларын окуп чыгуу маанилүү. Маалыматтарды түшүнүү кыйын болсо башка бирөөдөн жардам сурагыла. Малды бала салдырган негизги дарылар булар:
Дексаметазон сыяктуу стероиддер.
Эстрогендер (малды күүгө келтирүүгө колдонулат).
Простогландиндер (ургаачы малды күүгө келтирет).
Көмүртек тетра хлорид (КТХ) –боордун мите куртуна каршы колдонулат.
Малдын дене табынын жогорулашы же ашыкча ысыктык бала салуунун себепкери Ашыкча ысык же кандай гана малдын дене табын көтөргөн абал болбосун, малды бала салдырып же куудурганда уруктандырбайт. Малдын дене табын жогорулаткан жана бала салдырып же уруктандырбаган ылаңдарга холера, чочконун африка чумасы жана чочко кызамыгы, бодо малдардагы шарп жана Сибирь жарасынын бардык түрлөрү кирет.
Дарылоо: Ысык климатта, өзгөчө чочколорду эртең менен же кечине куудуруу туура болот. Күндөн жана өтө ысыктан коргогула. Ташыганда, бычууда, эмдөөдө же мите курттарды түшүрүүдө ашыкча ысытпагыла. Малды кечкисин гана ташууну ойлонуштургула. Китептин 62-бетинен ашыкча ысыганда, же малдын дене табы жогорулаганда эмне кылуу керектигин карагыла.
Оор жараат алган же стресс болгон мал бооз эмес же эрте эле бала салган болот. Стресс же оор жараат кокустуктан же жыгылгандан болушу мүмкүн, жаракат башка малдан (мүйүз менен сүзгөндөн), катуу кармагандан, узак жолдон, тыгындан, же сууктан, чыладан, шамалдан жана күндөн корголбогондон болот.
Уулануунун кесепетинен бала салуу Кайсы бир өсүмдүктөрдүн курамында бала салдыруучу же тукумсуз кылуучу уу заттар болот. Мисалы: Люцена деген бак “мимозин” деген уу зат бөлүп чыгарат. Люценанын жалбырактары көп болот, эгер бул жалбырактарды мал көп жеп алса, кээ бир малдын түрлөрүн тукумсуздукка же бала салууга алып келет.
Жем туура сакталбаса же ным болуп калса көгөрүп кетет. Бул көк “микотоксин” деген уу бөлүп чыгарат, ал тукумсуздукка же бала салууга алып келет.
Маститтин кайсы бир түрлөрүн же башка инфекцияларды козгогон микро организмдер малды ууландыра турган токсиндерди бөлүп чыгуусу ыктымал.
Тукумсуздук убактылуу же түбөлүктүү болот. Эркек мал механикалык себептерден улам дагургаачы малды куудура албай калышы мүмкүн, мисалы буттары ооруп жатканда, көлөмүндө чоң айырмачылыктар болгондо, же тукум улоо органдарында кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгондо. Ошондой эле уруктардын санында жана сапатында да көйгөй болуусу мүмкүн.
Кээ бир жагдайларда, кыска убакыттын ичинде эркек мал көптөгөн ургаачыларды куудурууда ашыкча пайдаланылып калат. 165-бет.
Өтө семиз мал жакшы куудура албайт.
Куудура турган эркек чочко бөлүнүп багылганда да куутка жакшы жарабай калат.
Жумурткалардын шишүүсүнүн эң көп кездешкен эки себеби, инфекция жана жабыркоо. Инфекциянын себеби бруцелла, ал жумурткаларды шишитип кайра кичирейтип жатып тукумсуздукка алып келет. Шишик жумурткаларды адаттагыдан чоңойткон учур сейрек болот.
Белгилери/Диагнозу: Жумурткалар чоңоюп кетет, оорутуп, сезгенгендиктен кызарып калат. Өнөкөт инфекциялар жумурткада ириңдерди пайда кылуусу мүмкүн.
Дарылоо: Жумурткаларды муздак сууга малгыла. Эгерде малдын дене табы жогору же инфекциянын башка белгилери болсо, пенициллин же тетрациклин антибиотиктерин бергиле.
Көзөмөлдөө/Алдын алуу: Жумурткалары бирдей эмес, кичинекей, же шишиген малды сатып албагыла. Жумурткалар менен көйгөйлөр болгон фермалардан да малды сатып албагыла.
247-бетти карагыла.
Ургаачы малдын уруктандырууга даяр болгон жашы, анын өсүп жатканда жеген тоютуна көз каранды болот. Ургаачы малды өзгөчө, мал кичирээк болсо биринчи күүлөгөнүн өткөрүп жиберүү керек. Болбосо туут оор, төл кичинекей жана алсыз, өзгөчө чочколордун төлдөрү кичинекей болуп калат.