Жаңы туулган төлгө кам көрүү

10.6 жаңы туулган төлгө кам көрүү Төлдүн дем алуусун карагыла, жылуу жана кургак кармап, 6 сааттын ичинде ууз эмсин. Бирок жардам керек болбосо, эне менен балага кийлигишпей эле койгула. Эгер кийлигишүү керек болсо, эне малдан этият болгула, ал өз баласын корогойм деп зыян келтирип койбосун.

Дем алуу: Төл туура дем алгыдай кылгыла. Мурду жана оозундагы суюктукту кол менен алып салуу керек же башын ылдый каратып, суюктук түшкөнгө чейин бир нече секунд салаңдатуу керек. Ошондой эле төшүнөн басып же сүртүп дем алууну стимуляция кылуу зарылчылыгы да болуп калышы мүмкүн.

Жылуу жана кургак: Эгерде энеси жалап тазалап, кургатпаса, МСКК төлдү таза чөп менен же чүпүрөк менен кургатса болот. Эгер туулган жери суук же ным болбосо, колдон келсе төлдү башка жака жылдырбагыла.

Ууз – алгачкы сүт Ар бир жаңы туулган төл алты сааттын ичинде ууз эмүүсү өтө маанилүү. Ууздун маанилүүлүгүнүн себептери:

Жаңы туулган төлдү ылаңдан коргоо үчүн иммунитет менен камсыздайт.

Анын ич алдыруучу таасири төлдүн “меконий” деп аталган биринчи туңгагын чыгарууга жардам берет.

Ууз абдан аш болумдуу болот.

Маанилүү көрсөтмөлөр: Антителаларды сиңирүү үчүн, уузду туулгандан 6 сааттын ичинде берүү керек. Эгерде ууз кеч берилип калса, антителалар туура сиңирилбей калат.

Төлдү эмизсе, энесине дагы жардам болот, анткени желинди соргондо эне малдын организминде окситациндин бөлүнүп чыгышына жардам болуп:

Жатынды жыйрылтат жана тон менен суюктуктарды сыртка чыгарат.

Image undefined
Image undefined

Сүттүн чыгуусун камсыздайт

Image undefined
Image undefined

Уузду 6 сааттын ичинде эмизүү керек, болбосо жаңы тунгуч ылаңдап калуусу мүмкүн.