Бооз малга кам көрүү
10.4.1 Бооз малга кам көрүү Коргоо Мал бооз учурда стресс болбошу керек. Ошондуктан, өтө ысыктан, күндөн, шамалдан, сууктан эттияттап, башка жаныбарлар да зыян келтирбеши үчүн өзүнчө атайын жайга муктаж. Жаңы тууган ургаачы малды адамдарга көндүрүп жакшы мамиле кылгыла, ошондо туут маалында жана сааган учурда адамдар жардам кылганда көп стресс болбойт. Бооз мал өтө арык же өтө семиз болушуна жол бербегиле.
Таза суу жана тоют Бооз малга иче турган таза суу, ошондой эле “толук кандуу тоют” да (бооз малдын өзгөчө азык муктаждыктары боюнча бөлүмдү карагыла) дайыма жеткиликтүү болушу керек. Жергиликтүү тоюттун бардык түрүн колдонгула, өзгөчө көк чөптү. Ошондо тоютта витамин, минералдар жетиштүү болот.
Эч качан бир түрдүү эле тоютка көз каранды болбош керек! Кээ бир жерлерде бооз малга бир түрдүү эле тоют берилген учурлар да бар. Буга жол бербөө зарыл, анткени бул азыктын жетишсиздигине алып келет.
Малдын төлдөөсүнө бир нече жума калганда Туутка бир нече жума калганда желин чоңоёт, кандын курамында прогестерон төмөндөп, эстроген жогорулайт. Бул кындын айланасындагы булчуңдарды бошотот. Тууттун алдында мал башкача кыймыл-аракетте болушу мүмкүн. Мал тынчсызданып, жатып, кайра туруп же бир жери ооруп жаткандай болуп капталын карап калат. Желини аябай чоңоюп, шишип кетет. Туутка чейинки акыркы 24 саатта, жылкылардын эмчегинин учунда мом сымал коюу зат пайда болуп калат.
Туутка даярдоо Ушул белгилер байкалганда, мал тууй турган жай даяр болушу керек. Тууй турган жай тынч, таза, кургак, жылуу (ысык эмес) болушу шарт. Эне жатканда баткыдай ыңгайлуу орун болушу абзел. Тууй турган жай кожоюнга көрүнүп тургандай жакын аралыкта болсун. Малдын жүнү жана желини таза болушу керек, ээн-эркин жата алышы үчүн байланбай бош болуусу зарыл.
Туут башталганда Туут башталганда, окситоцин деген гормон жатынды жыйрып, эне мал төлдү түртө баштайт. Эки аракет тең жатын моюнчасы ачылып (жайылып), төлдүн (же төлдөрдүн) туулушуна жардам берет. Толгоо маалында тон жарылып, андагы суюктук сыртка агып чыгып, туут каналын сыйгалак кылат.
Керектүү убакыт: Жатын моюнчасы толгоо башталгандан бир саат ичинде ачылышы керек. Ал ачылмайынча күмөн туулбайт. Толгоо башталгандан туутка чейин, адатта, 2-3 саат убакыт кетет. Эгерде толгоо убактысы 8 сааттан ашып, эч ким кийлигишпесе, күмөн өлүп калышы мүмкүн. Эгер толгоо 24 сааттан ашып кетсе, эне мал дагы өлүп калышы мүмкүн. Эгер толгоо 48 сааттан ашып кетсе, мал өлбөсө, ичтеги өлүк күмөн шишип баштайт. Мындай учурда, туут өтө кыйындап, жатын айрылса, мал да өлүмгө дуушар болуусу толук мүмкүн.
Күмөндүн жайгашкан абалы:
Бирден тууган (уй, буйвол, кой, эчки, жылкы, топоз, лама жана төө сыяктуу) малда төл төмөнкү эки абалда гана туулат:

Алдынкы 2 буту жана башы чогуу келет;же

2. Арткы 2 буту менен куйругу бирдей келет.
______________________
Окситоциндин эки функциясы бар. 1-жатындын жыйрылуусуна, экинчиси сүт ийишине жардам берет. 263-бетти карагыла Эгерде төл мындан башка абалда болсо, МСКК аны туура жайгаштыруусу керек.
Көптөн тууган (чочко, коён, ит жана мышык сыяктуу) жаныбарларда, баштын, буттун жана куйруктун жайгашуусу анчалык маанилүү эмес. Бирок төл жатында капталынан келип калса, МСКК оңдоосу керек. Буга кошумча, жатын жыйрылып төлдү жатын моюнчасын көздөй түртүшү керек. Эгерде жатын туура жыйрылбаса, төлдүн убактысы узаргандыктан, жатын жыйрылышы үчүн кошумча окситоцин керек болот. Чочколордун тууту 30-60 минута кечиксе, МСКК эне чочконун эмчегин сүртүш керек (бул денеде табигый окситациндин чыгуусун козгойт), же окситоцин сайыш керек. 213-бетти карагыла.