Ылаңды козгоочулар
1.3 ЫлаңДЫ КОЗГООЧУЛАР Ылаң малдын өнүмдүүлүгүн төмөндөтөт.
Бирок ылаңды эмне козгойт?

Музоо жакшы дем ала албай жана тура албай калды. Буга эмне себеп болду? Жергиликтүү адамдар малдын ээси туура эмес бир нерсе кылды десе, жергиликтүү табып келип, анын ичиндеги жиндерди кууп чыгарыш керек дейт. Мал боюнча кеңешчи болсо, музоо караңгы, ным жерге кармалып, таза аба жетпей калыптыр дейт.
Мал дарыгер болсо музоонун өпкөсү сезгенгенин айтат. Коомду өнүктүрүү кызматкери жайыт жок болгондуктан музоо жетиштүү тоюттанбай калды дейт.
Ар кандай билим алган жана ар башка окууну аяктаган адамдардын көз караштары ар башка болуусу мүмкүн.
Ошондо кимдики туура? Чындыгында, бул музоонун ылаңын бир нече жагдайлар козгогон. Музоонун өпкөсүндө инфекция болгондуктан ылаңдап калган. Аны ным, караңгы, кир жерде кармагандыктан жана тоют жетишсиз болгондуктан өпкөсү тез эле сезгенип калган.
| Эсиңерде болсун, малдын ылаңы көбүнчө бир нече жагдайдагы себептерден улам келип чыгат. |
Бул китепти керектүү маалымат алуу менен дарыларды коопсуз колдонуу үчүн улантып окугула Китептен керектүү маалымат алуу менен дарыларды туура пайдалануу үчүн, бул бөлүмдөн ылаңдар жана алардын себептери жөнүндөгү негизги принциптерди түшүнүп алуу үчүн окугула.
Ылаңдар МӨӨНӨТҮНӨ, кайсы ТУТУМДУ жабыркатуусуна жана негизги СЕЗГЕНТҮҮЧҮЛӨРҮНӨ жараша топторго бөлүнөт