Ылаңды алдын алуу ылаңды дарылоодон артык

1.2 Ылаңдын АЛДЫН АЛУУ ылаңды АЙЫКТЫРУУДАН алда канча артык!

Эмне үчүн?

Ылаңдаган мал жакшы эт, сүт, кык өндүрө албайт же жумуш аткара албайт. Өндүрүмдүн жоготуулары айыктырууга, алдын алууга кете турган чыгымдан алда канча көп болот. Ылаң малдын өсүүсүн жана сүт өндүрүмүн, айыккандан кийин деле жайлатат жана азайтат жана оңдоого мүмкүн эмес болгон зыян келтириши да мүмкүн. Ылаң малды өлүмгө дуушар кылуу менен чоң чыгымга учуратышы ыктымал. Малдын кээ бир ылаңдары адамдарга да жугат. Эң жакшы алдын алуу иш-чаралары аткарылган учурда да, баары бир мал ылаңдаган учурлар болуп турат. Ошондуктан көп кездешкен ылаңдардын алдын алуу жана айыктыруу маанилүү.

Дарылоодон баштагыла: Малдын саламаттыгы боюнча программаларды баштап жатканда, коомчулук көбүнчө алдын алууга караганда айыктырууга көбүрөөк кызыгышат. Малдын саламаттыгына кам көрүүчүлөр ылаңдаган малды туура дарылай алса, анда ал ишенимге кирет, ошондо коомчулуктун да алдын алуу маселесин кабыл алуусу оңоюраак болот. Буга убакыт талап кылынат. Коом акырындап малдын саламаттыгы боюнча көбүрөөк нерсе үйрөнгөн сайын, алдын алуу эң маанилүү экенин билип калат.

Ылаңды алдын алуунун жолдорун жайылтууга мүмкүнчүлүктөрдү колдон. Малдын саламаттыгынын мыкты кызматкери, кайсы убакта унчукпай эле ылаңдаган малды айыктырууну, кайсы убакта алдын алууну талкуулоо мүмкүнчүлүгүн колдонуу керек экенин жакшы билет. Мисалы, музоодогу курттарды дарылап жатып, фермердин башка малын курттардан алдын алуусун талкуулаганы туура болот. Жылкыдагы селейме ылаңын дарылап жатып, мыкты адистер башка жылкыларды бул дартка каршы эмдеш керек экенин эскертишет. Малдын саламаттыгына кам көрүүчүлөр керек болсо, фермердин балдары курттарга каршы дары ичип, эмделүү үчүн жакынкы бейтапканага баруусу керектигин дагы айтып өтөт.

Image undefined