Ылаңдарды мөөнөтүнө жараша айырмалоо

1.3.1 Ылаңдарды мөөнөтүнө жараша айырмалоо Мөөнөт - ылаң канчалык тез башталып жана канча убакытка чейин созулгандыгын билдирет.

Курч формада өтүүчү ылаңдар Курч формада өтүүчү ылаңдар тез башталып анан жалпысынан узакка созулбаган ылаңдар. Курч формада өтүүчү ылаңдар менен ылаңдаган малды мүмкүн болушунча тез арада сакайтууга арекет кылуу керек, болбосо ал өнөкөт ылаңга айланып кетүүсү мүмкүн. Курч ылаңдар гемморагиялык септицемия (ГС), рожа, Сибирь жарасы, ящур. Ящур ылаңы туура дарыланбай жана малдын буттарына дагы инфекция түшүп кетсе, өнөкөткө айланып кетүүсү мүмкүн. Малдын бутун айыктырыш үчүн бир жылдан ашык убакыт сарпталышы да ыктымал.

Өнөкөт формада өтүүчү ылаңдар Өнөкөт ылаңдар узак убакытка созулат. Өнөкөт ылаң менен ылаңдаган мал жакшы чоңойбойт жана жакшы өндүрүм бере албайт. Өлгөнгө чейин акырындап алсырай берет же дарынын күчү менен же өзүнөн-өзү жакшы болуп кетиши да мүмкүн. Өнөкөт ылаңдары бар мал алсыз болуп, башка ылаңдарга сезгич болуп калат. Өнөкөт ылаңдардын себептери начар тоют жана ички курттар болуп эсептелет.

Image undefined
Курч формада өтүүчү ылаңдар да, өнөкөт формада өтүүчү ылаңдар да мал ээлеринин көп каражат сарпташына алып келет!

Курч формада өтүүчү ылаңдар малдын өлүшү, бала салуусу, эт жана сүт өндүрүмүнүн азаюусу менен коштолуп, көптөгөн чыгымдарга алып келет

Image undefined

Өнөкөт формада өтүүчү ылаңдардын клиникалык белгилери байкалбай, акырындан өндүрүмдү азайтуу менен чыгымга учуратат. Малдын сүтү азаят, өсүүсү жайлап калат, эт аз берет, төлү токтойт, кара жумушка тартылган мал болсо алсыз болуп калат жана ылаңдабаган малдай узак жашай албайт.

Image undefined
Image undefined

Дарылоо башталгандан кийин, малдын өнөкөт ылаңдан калыбына келүүсү, курч ылаңга салыштырмалуу узакка созулат.

Ылаң малдын кайсыл тутумунун жабыркатканын аныктоо Малды дарылоонун баштоодо, биринчиден, ылаң кайсы дене тутумун жабыркаткандыгын билүү керек. Мисалы:

Бул малдын ичи өтүп жатат. Ич өтүү, көбүнчө, тоют сиңирүү тутумун жабыркатуучу ылаңдар тарабынан козголот. Ошондуктан МСКК тоют сиңирүү тутумун жабыркаткан ылаңдарга көңүл буруусу керек.Бул малдын мурдунан суу агып, туура дем ала албай жатат. Демек, анын дем алуу тутуму ылаңдаган болуш керек. Ошондуктан МСКК дем алуу тутумун жабыркаткан ылаңдарга көңүл бурушу керек.
Image undefined
Image undefined

Бирок бир нерсени эстен чыгарбаш керек!

Кээ бир ылаңдар бир учурда бир нече тутумду жабыркатат!
Кээ бир мал бир учурда бир нече ылаңдан жабыр тартуусу мүмкүн!

Мисалы, өгүз арыктап, ичи өтүп жатат. Ал начар тоюттан жана ички курттардан жабыркап жатышы мүмкүн, мындай учурда экөөнө каршы дарылоо керек.

Ушул себептерден улам малды кылдат текшерип, бардыгын аныктап, андан соң бардык ылаңдарды дарылоо зарыл!

Ылаңдар козголушуна карата негизги эки бөлүккө бөлүнөт, жугуштуу(инфекциялык) жана жугушсуз (инфекциялык эмес). Инфекциялык ылаңдар дагы экиге бөлүнөт, контагиоздук жана контагиоздук эмес.

Image undefined

Жугуштуу ылаңдар Инфекциялык ылаңдар тирүү организмдер болгон бактериялар, вирустар жана курттар тарабынан козголот. Тирүү организмдер тери аркылуу же дененин ачык жерлери аркылуу денеге кирип зыян келтирет. Инфекциялык ылаңга дуушар болгон малды жугуштуу дарт менен ылаңдады дешет. Кээ бир инфекциялык ылаңдар бир малдан экинчи малга түздөн-түз өтөт. Мындай ылаңдарды “контагиоздук” оорулар дешет. Башка инфекциялык ылаңдар малдан-малга жукпайт, ошондуктан “контагиоздук эмес” инфекциялык ылаңдар болуп эсептелет.

Контагиоздук ылаңдардын мисалдары:

Кара тумоо – шилекей аркылуу бир малдан башкаларга түз жугат.

Геммагориялык Септицемия – шилекей жана мурундун суусу аркылуу жугат.

Котур кенелери – көбүнчө түздөн-түз, физикалык жол менен жугат.

Контагиоздук эмес ылаңдардын мисалдары:

Селейме таякчалары топуракта жана адамдардын заңында кездешет. Ушул организмдер бар болгон топурак же заң ачык жараатка тийгенде, жыйынтыгы селейме менен бүтүшү мүмкүн.

Боордун фасциоласы малга үлүл аркылуу гана өтүп жугат.

Image undefined

Зооноздук ылаңдар инфекциялык ылаңдар болуп эсептелет (жугуштуу же жугуштуу эмес), малга да адамдарга да жугат (мис. Кутурма)

Image undefined

Инфекциялык эмес ылаңдар Инфекциялык эмес ылаңдар тирүү организмдер тарабынан козголбойт жана бир малдан экинчи малга жукпайт.

Инфекциялык эмес ылаңдардын мисалдары:

- дене мүчөлөрүнүн начар иштеши (жүрөк көйгөйлөрү, рак, жаралар, артрит);

- жарааттар же сезгенүүлөр (сөөктүн сынуусу, жарааттар, жаралар, артрит);

- аллергиялар;

- уулануу.

Ылаңдын инфекциялык же инфекциялык эмес экендигин айырмалоонун маанилүүлүгү?

МСКК туура дарылоо үчүн инфекциялык жана инфекциялык эмес ылаңдардын айырмасын билүүсү абзел!!

Айылдагы адамдардын көбү малы ылаңдап калганда себебин тактабай эле ийне саюуну талап кылышат. Бирок начар азыктануу сыяктуу инфекциялык эмес ылаңдарды кымбат инфекциялык оорулардын каражаты менен дарылоонун кажети жок. МСКК аларга бул жөн гана акча коротуу экенин, анан калса, бул тансык дары болушу мүмкүн экенин түшүндүрүүгө жана ынандырууга аракет кылышы керек.

Бул бөлүмдү жалпылоо Ылаңдардын түрлөрү Ылаңдын өнөкөт же курч формада экенин аныктоо Эсиңерде болсун! Өнөкөт ылаңдар узак убакытка созулуп, дарылануусу да көп убакытты талап кылат.

Курч ылаңдар тез башталып тез айыгуусу, өлүмгө дуушар болуусу же өнөкөткө айланып кетүүсү мүмкүн.

Кайсы дене тутуму жабыркаганын аныктоо Эсиңерде болсун!

Бир нече дене тутуму бир убакытта жабыркоосу мүмкүн, ошондуктан кылдат текшергиле!

Ылаң инфекциялык же инфекциялык эмес экенин аныктоо.

Эсиңерде болсун! Курч жана өнөкөт ылаңдар инфекциялык же инфекциялык эмес болушу мүмкүн. Инфекциялык ылаңдар жугуштуу жана жугуштуу эмес болот. Малдан адамдарга жугуучу ылаңдар инфекциялык болуп эсептелет, (жугуштуу же жугуштуу эмес) мындай ылаңдар адамдарда да, малда да болот.

Малды матоо, кармоо жана малдын жашы, салмагы