Суюктук үчүн

4.7.2 Суюктук үчүн Чочкодон башка мал үчүн суюк дарыны берүүнү “дренчиң” деп коет. Муну ичке, оозу жылмакай бөтөлкө же чоң (ИЙНЕСИ ЖОК) шприц менен кылат.

Бөтөлкөнү же шприцти оозго, тиш жок жерге салып, малдын башын бир аз көтөрүп, бөтөлкөнү көтөрүп же шприцтен берүү керек.
Пистолет жок болсо, таблеткаларды сууга ээритип ушундай жол менен берсе болот. Бөтөлкөнүн мойнун мал тиштеп тешип салбашы үчүн, скотч менен же башка сактай турган нерсе менен ороп коюу керек.
Атайын "дренч пистолети” кээ бир өлкөлөрдө жеткиликтүү, ал көп малды тез, тыкан дарылоого пайдалуу. Бул автомат шприц сыяктуу, ар бир бергенде кийинки доза кайра даяр болот.
Дренч пистолеттин жылмакай учу малдын оозуна капталынан киргизилип, тилдин артына салынат. Илмегин басканда, дары оозго кирип, мал жута алат. Пистолет автоматтык түрдө дарынын бөтөлкөсүнө салынган түтүк аркылуу кайра толот.

ЭСКЕРТҮҮ!!! Суюк дары берип жатканда малдын башын өтө чалкалатып жибербегиле. Ошондой эле дарыны өтө тез куюп жибербегиле. Болбосо дары кызыл өңгөчкө кирбей, кекиртекке жана өпкөгө кирип (чакатып же пневмония) малды какатуусу мүмкүн. Өзгөчө жаш малдарда ушундай коркунуч жогору.

Image undefined

Карынга түтүк киргизүү (Суюктук берүү же ичи көөп кеткенде желди чыгаруу)

Кепшөөчү малдын карынына түтүк өткөрүү үчүн, узун, ийилчээк (резина же пластмасса) шланга жана кыска, катуу темирден же бамбуктан жасалган түтүк (спекулум) керек болот. Малдын оозун же тамагын жабыркатып албоо үчүн, шланганын да, түтүктүн да учтары жылмаланган болушу шарт. Мал шланганы тиштеп жана чайнап албашы үчүн, түтүктү малдын оозуна кылдаттык менен акырындап салуу туура болот. Ошондой эле мал түтүктү толук жутуп албашы үчүн бекем кармоо керек! Түтүк кекиртекке такалып калганга чейин түрткүлө. Мал жутуп жатканда, шланганы акырындык менен малдын тамагы аркылуу карынына түшүргүлө. Түтүктү малдын мойнунун сол тарабынан ылдый жылганын көрсө болот.

Түтүктү кекиртекке кетпегенин текшергиле! Түтүктү киргизип жатканда, мал кыйналып жөтөлүп баштаса, шланганы чыгарып алгыла, анан кайра салгыла (себеби түтүк кызыл өңгөчкө эмес, кекиртекке кирип кеткен болушу мүмкүн). Түтүк ашказанга киргенден кийин, жел чыгып жатабы же жокпу, жыттап текшерип көргүлө. Ичи көөп жаткан болсо, жел чыгат. Түтүктү жел толгон бөлүккө киргизүү үчүн, аны бурап же малдын капталын басуу керек болот. Түтүк аркылуу дары берерден мурун, түтүктү үйлөп, башка бирөөнү малдын капталынан күрүлдөгөн добушту тыңшатуу керек (кепшөөчүлөрдөн). Эгерде түтүктүн карынга киргендиги күмөн болсо, дароо чыгарып алып, малды эс алдырып, анан кайра аракет кылгыла. Түтүк карынга киргенден кийин, куйгучту шланганын бош учуна киргизип, суюк дарыны куйгула.

Image undefined

Куйгуч шланга түтүк(спекулум)

Түтүктү алуу үчүн үйлөп же башка эч нерсе калтырбоо керек. Анан дароо бармак менен оозун басып, сууруп алуу керек. Түтүктү желди чыгарып бүткөндөн кийин кайра тартып алыш керек.

Түтүктүн өлчөмү: Бодо малдар үчүн түтүктүн узундугу 25 сантиметр, диаметри оозго ыңгайлуу баткандай болушу керек. Ийилчээк шлангдын узундугу, жок дегенде, эки метрдей, диаметри кызыл өңгөчтүн ичинен өткөндөй болушу шарт. Кой жана эчкилер үчүн катуу түтүктүн узундугу 12 сантиметр, диаметри оозго ыңгайлуу киргендей болуш керек. Ийилчээк шланг болсо, жок дегенде, узундугу бир метр, диаметри кызыл өңгөч аркылуу өткөндөй болуусу абзел.

Жылкылардын ашказанына түтүктү өткөрүүдө этият боло турган жагдай:

Жылкылардыкы деле негизинен окшош болот, бирок түтүктүн кереги жок болот жана шланг таноонун астыңкы бетинен киргизилип (үстүңкү жагы менен эмес, болбосо мурун канайт!), тамактан ылдый карай ашказанга түшөт. Жылкылар менен өтө этият болуу керек, анткени шланганын кекиртек аркылуу өпкөгө кирип кетүү тобокелчилиги жогору.