Таблеткалар үчүн
4.7.1 Таблеткалар үчүн “Болус” деп аталган чоң таблеткалар үчүн “пистолетти” малдын тиши жок жеринен АКЫРЫН киргизсе болот. Этияттык менен пистолетти бүйлөлөрдөн жана тилден өткөргүлө. Пистолетти эч качан ооздун ичине катуу урбагыла же тамагына чейин түртпөгүлө, анткени олуттуу жараат алып, инфекция болуп кетүүсү мүмкүн. Пистолет киргенден кийин, таблетканы акырын тилдин аркасына түшүргүлө.

Белги: Эгерде пистолет болбосо, учу жалпак катуу түтүктү пистолеттей эле кылып оозго киргизгиле. Анан таблеткаларды трубканын ичи аркылуу, тилдин арт жагына салгыла. Түтүк тилдин арт жагына жеткендей узун болуусу керек.