Oоз аркылуу бере турган антибиотиктер
29.2.6 Оозу аркылуу берилүүчү антибиотиктер СУЛФАДИАЗИН + ТРИМЕТОПРИМ (Трибриссен)
Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "сульфа тобун" карагыла. Бул дары сульфамет-оксазол менен триметопримдин айкалышы. Бул кеңири спектрдеги антибиотик сыяктуу иштейт жана ампициллинге караганда арзаныраак болот.
Доза жана берүү жолу:
Жылкыларга - 30 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 2-3 жолу Бодо малга - 30 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө бир жолу Койлорго - суткасына 75 мг/кг ооз аркылуу Иттерге - 15-30 мг/кг ооз аркылуу күнүнө 1-2 жолу Мышыктарга - 30 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 2 жолу Организмден чыгуу мөөнөтү: Бодо мал - эттен 3 күндө, сүттөн 7 күндө Чочко - эттен 10 күндө Кой - эттен 14 күндө СУЛЬФАДИМИДИН (сульфамез)
Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "сульфа тобун" карагыла.
Дозасы жана берүү жолу:
Бодо малга - 110 мг/кг суткасына ооз аркылуу Чочколорго - күнүнө 110 мг/кг ооз аркылуу Койлорго - суткасына 110 мг/кг ооз аркылуу Эчкилерге - 110 мг/кг суткасына ооз аркылуу Организмден чыгуу мөөнөтү Бодо мал - эттен 15 күндө, сүттөн 3 күндө Чочко - эттен 15 күндө Кой - эттен 15 күндө Эчкилер - эттен 15 күндө, сүттөн 3 күндө СУЛФАМЕТАЗИН Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "сульфа тобун" карагыла.
Дозасы жана берүү жолу:
Бодо малга - 200 мг/кг ооз аркылуу бир суткага, андан кийин 100 мг / кг күнүнө бир жолу Чочко - 200 мг/кг ооз аркылуу бир күн бою, андан кийин 100 мг / кг күнүнө бир жолу Койлорго - 30 мл 12,5% эритме ооз аркылуу бир күн, андан кийин күнүнө 15 мл Иттерге - 50 мг/кг ооз аркылуу күнүнө 2 жолу Мышыктарга - 50 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 2 жолу Коёндорго - 2 г/л суу менен Тоокторго - 1 г/л суу менен Организмден чыгуу мөөнөтү:
Бодо мал - эттен 10 күндө, сүттөн 4 күндө Чочко -эттен 14 күндө ОКСИТЕТРАЦИКЛИН Көрсөтмөлөр: Жогорудагы "тетрациклин тобун" карагыла.
Доза жана берүү жолу:
Бодо малга - 10-20 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 4 жолу Чочколорго - 10-20 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 4 жолу Койлорго - 10-20 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 4 жолу Эчкилерге - 10-20 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 4 жолу Иттерге - 22 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 3 жолу Мышыктарга - 22 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 3 жолу Организмден чыгуу мөөнөтү:
Бодо мал ооз аркылуу- эттен 5 күндө, сүттөн 4 күндө Чочко - эттен 21 күндө Кой - эттен 21 күндө Cактык чаралары: Жылкыларга колдонбогула. Сүт менен же башка антибиотиктер менен чогуу бербегиле. Бул ашказан ылаңдарды козгоосу ыктымал. Эгерде дары чоң көлөмдө болсо, аны бир нече жерге бөлүп сайуу керек.
НИТРОФУРАНДАР
Антибиотиктер катары жана кокцидиянын көбөйүүсүн жайлатуу үчүн колдонулат. Ал суюк, майда дары, май же чоң таблетка түрүндө кездешет. Жөнөкөй ич өткөктө жана протозойдук кан аралаш ич өткөндө пайдалуу.
a. Жаныбар: Кепшөөчү эместерде, ич өткөк болгондо.
б. Дозасы: Фуразолидон 2г/кг рацион 2-4 жумага.
Нитрофуразон 10мг/кг тирүү салмакка, ооз аркылуу 3 күн.
в. Берилүүсү: Күнүнө бир жолу (нитрофуразон үчүн)
г. Кантип: Жемге (фуразолидон) же сууга аралаштыргыла.
КАНАТТУУЛАРДЫН ИЧ ӨТКӨГҮНӨ КАРШЫ ДАРЫЛАР
Тооктордо ич өтүүгө каршы дары-дармектердин көп түрлөрү (көбүнчө сульфалар же ампролийлер) бар. Сунуштамадагы дозаны колдонгула же ылаңга жараша бул жерде жазылгандарды карагыла.