Оорутуу

29.2.5 Оорутуу АСПИРИН Көрсөтмөлөр: Аспирин сезгенүүнү, шишикти, дене табынын жогорулоосун жана ооруну дарылоо үчүн колдонсо болот.

Эскертүү:

Аспирин ашказан ылаңына жана ашказан жарасына алып келиши мүмкүн. Тоют менен берген жакшы. Өтө жогорку дозада ал ооруга жана өлүмгө алып келиши мүмкүн. Мышыктарга өтө этияттык менен колдонгула. Бооз жаныбарларга колдонууга болбойт. Балдардан алыс кармагыла!

Суусаган малга бербегиле.

Кансырап жаткан же шок абалындагы жаныбарга бербегиле.

Операция жасала турган жаныбарга бербегиле.

• Эгерде жаныбардын тезеги кара же кан болсо, дарылоону токтоткула.

Дозасы:

Жылкыларга - 15-100 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 2-3 жолу Бодо малга - 15-100 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 2-3 жолу Чочколорго - 10 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 4 жолу Иттерге - 10 мг/кг ооз аркылуу, ысытмага күнүнө 2 жолу ооз аркылуу; же 25-35 мг/кг ооз аркылуу, ооруганда жана муундардын шишигинде күнүнө 3 маал Мышыктарга - 6 мг/кг ооз аркылуу, ысытма үчүн 2-3 күн сайын; же 10 мг/кг оозу аркылуу, ар 2 күндө (48 саат) ооруу үчүн (КӨП БЕРИЛСЕ УУЛУУ БОЛОТ)

ФЕНИЛБУТАЗОН (Буте, Бутазолидин)

Көрсөтмөлөр: Фенилбутазон көп жылдар бою ийгиликтүү колдонулуп келе жаткан аспиринге окшош күчтүү дары. Ал сезгенүү, дене табы жана оору менен күрөшөт. Бул жаталак ылаңын дарылоодо натыйжалуу эмес. Дарынын толук таасирин көрүү үчүн бир нече күн дарылоо керек болушу мүмкүн.

Эскертүү: Узак убакыт бою жогорку дозада колдонулса, тоютка табити жоголуп, ооздо жара пайда болушу мүмкүн. Ашыкча дозалар өлүмгө алып келиши мүмкүн. МЫШЫКТАРГА БЕРБӨӨ КЕРЕК.

Дозасы жана берүү жолу:

Жылкыларга - 2,4-4 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 1-2 жолу Бодо малга - 4-8 мг/кг ооз аркылуу; же Чочколорго - күнүнө 4-8 мг/кг ооз аркылуу Ламаларга - күнүнө 2-4 мг/кг ооз аркылуу Иттерге - 14 мг/кг ооз аркылуу, күнүнө 3 жолу. Максималдуу доза 1 күнгө 800 мг Организмден чыгуу мөөнөтү: Бодо мал - эттен 14 күндө, сүттөн 5 күндө