Бир эле дарынын – бөлөкчө аталыштары
28.6.1 Бир эле дарынын бөлөкчө аталыштары Бренд (соода) аталышы жана жалпы аталышы Дары-дармектердин аталыштары кээде чаташтырып жиберет, анткени бир эле дары үчүн ар кандай аталыштар болушу мүмкүн. Бир этикеткада, адатта, эки аталышы болот:
Жалпы аталышы: Жалпы аталышы - дарынын химиялык аталышы. Көбүнчө этикеткада кичинекей тамгалар менен жазылат. Жалпы аты дүйнө жүзү боюнча таанылган. Бул жалпы тил сыяктуу. Мисалы: Левамизол (Levamisole).

Соода (бренд) аталышы: Бренд (же соода маркасы) ишкана же өндүрүүчү тарабынан берилген аталыш жана көбүнчө этикеткада чоң тамгалар менен жазылат. Ар бир ишкана белгилүү бир дарыга өз атын коет. Мисалы, levamisole (жалпы аталышы) өндүрүүчүгө жана ал өндүрүлгөн өлкөгө жараша Levasole, Citarin, Ripercol жана Tramisol сыяктуу көптөгөн бренд аттары бар.
Ар башка аталыштагы бир эле дары Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени кээде бир эле дары башка бренд аты менен жеткиликтүү болушу мүмкүн. Бул китепте негизинен жалпы аталыштар менен берилген, бирок бренд аты да кээде колдонулат. Бренд аталыштар жазуу түрүндө жазылып, баш тамга менен башталат. Мисалы, окситетрациклиндин жалпы аталышы – Террамицин деп аталат.