Ваннаны кайра толтуруу
26.7.6 Ваннаны кайра толтуруу Акарициддер кир сууда натыйжасы жакшы болбогондуктан, малды дарылаган эритме “кир” болуп калганда мезгил-мезгили менен төгүлүп (же сордурулуп) анан кайра толтурулуп турушу керек. Эритмени алмаштыруу ваннанын көлөмүнө, топурактын түрүнө, жаан-чачынга жана сууга түшүүчү эритмени таза кармоо чараларына жараша болот. Чопо топурактуу жана/же катуу жаан-чачындуу аймактар кумдуу топуракка жана/же кургак климатка караганда дарынын ээритмесин тезирээк булгайт.
Бул жерде жалпы колдонмо көрсөтүлгөн:
9 000ден 13 000 литрге чейинки көлөмдөгү ваннаны 20 000ден 25 000ге чейин бодо малды дарылагандан кийин агызып, жаңы эритме менен толтуруу керек.
•Көлөмү 13 000ден 18 000 литрге чейинки ваннаны 30 000 ден 35 000 бодо малдан кийин агызып, жаңы эритме менен толтуруу керек.