Ваннаны иштетүүнү көзөмөлдөө
26.7.5 Ваннаны иштетүүнү көзөмөлдөө
| Чөмүлтүүчү эритме туура эмес аралашса, уулуу болуп калышы мүмкүн! |
Малды чөмүлтүү үчүн даярдалган эритменин концентрациясын туура даярдоо өтө маанилүү. Маанилүүлүгүнүн эки себеби бар:
Эгерде сууга акарицид көп кошулуп калса, уулуу болуп, мал ууланып калуусу мүмкүн.
• Эгерде суунун көлөмү үчүн акарицид жетишсиз болсо, анда кенелер өлбөй, даярдалган бүт ээритме, малды дарылаган убакыт, акча каржаты жана энергия текке кеткен болот.
Аны кантип даярдоо керек?
Ваннанын болжолдуу көлөмүн тактагыла.
Эсиңерде болсун: көлөмү = узундугу x туурасы x бийиктиги Ваннанын формасы башкача болгондуктан, эсептөөнүн оңой жолу:
Туурасын болжол менен орточо 0,85 метр (1 метр + 0,7 метр) дейли Ваннадан чыккан пандус 2 метр көлөмдүн жарымын ээлейт деп болжолдойбуз Мисал: Көлөм = узундугу x туурасы x бийиктиги Көлөмү = 6,0 метр х 0,85 метр х 2 метр = 10,2 метр3 (ваннанын сыйымдуулугу)
2 _________

2. Ар бир 5000 литр үчүн көлөмдүн деңгээлин ваннанын капталына же таякчага белгилегиле. Акыркы 5000 литрди 500дөн 1000 литр кылып бөлүп белгилеп көрсөтүлүшү керек. Суу каптоо көйгөйү болгон аймактарда 500 литрлик белги нормалдуу чөмүлүү деңгээлинен ашып, агып чыгуу деңгээлине чейин көрсөтүлүшү керек.

Таштандыдан тазалагыла.
Жергиликтүү аймакта натыйжалуу болуп эсептелген, наркы туура келген жана экологиялык коопсуз болгон ылайыктуу дарылоочу концентратты тандагыла.
Аралаштыруу жана колдонуу боюнча нускаманы кунт коюп окуп, аткаргыла.
Ваннаны керектүү көлөмдөгү суу менен толтургула.
Концентраттын өлчөмүн так жана туура кошкула. Ваннадагы сууну дары менен жакшы аралашканга чейин аралаштыргыла.

8. Дарылаган күнүн жана малдын санын, толуктоо үчүн колдонулган концентраттын мөөнөтүн жана көлөмүн, толук агызып жана кайра толтурулган күндү, ар бир жолу колдонулган концентраттын аталышын жана башка маанилүү байкоолордун же көйгөйлөрдүн маалыматын жүргүзгүлө.