Чочколорго суунун жетишсиздиги же туз менен уулануусу.....................................
Чочколорго суунун жетишсиздиги же туз менен уулануусу Рационунда туз болуп, бирок суусу жетишсиз болгон чочколор "туз менен уулануу" же "суунун жетишсиздиги" деп аталган ылаңга чалдыгышы мүмкүн. Акыркы аталышы ылайыктуураак, анткени чочколор, адатта, нормалдуу көлөмдөгү тузду, бирок жетишсиз көлөмдөгү суу ичкенде бул ылаңга чалдыгат.
Ылаң бир нече саат бою суу жок болгондо башталат. Туздан уулануу көбүнчө тоюттандыруу эрежеси өзгөргөндө, сууга жакшы маани бербегенден, суу келбей калгандан, сууда электр тогу болгондо, сары суунун же туздун курамы жогору болгон башка сүт кошумча азыктарын бергенде пайда болот.
Белгилери:
Чаңкоо жана ичтин катышы.
Өзгөчө кыймыларакет Сокурдук.
Титирөө жана конвульсия.
Капталына жатып калуу.
Эсин жоготуп, бир нече күндүн ичинде өлүмгө дуушар болот.
Эскертүү: “Суюктук жетишсиздигинин” белгилери кутурмага, чочко холерасына, африкалык чочко лихорадкасына жана шишик ылаңына окшош.
Диагноз:
Клиникалык белгилерине жана суюктук жетишпестик анамнезине негизделип коюлат.
Дарылоо:
Жакшы дарылоо жолу жок.
Суюктук жетишсиздигинин белгилери бар малга суу берүү көбүнчө абалды ого бетер начарлатат.
Кээ бир МСКК "валиюм" деп аталган дарыны колдонушат, ал "антиконвульсант", "Фуросемид" менен айкалышта, бул "диуретикалык" каражат. Диуретиктер организмди ашыкча суюктуктан жана айрым туздардан арылтуучу дарылардын түрүнө кирет. Кээ бир учурларда, мындай дарылоо жардам берет.
Алдын алуу:
Алдын алуу суу жетишсиз болгонун дароо билип көйгөйдү жоюуга көз каранды.
Суу жетишсиз болуп калган учурда, көйгөй чечилгенге чейин чочколорго туз же курамында туз бар жем бербөө керек.
2 Малдын бооз абалында болчу ылаңдар Гипокальциемия - "Тууттан кийинки шал (парез) ылаңы"
Гипокальциемия, айрыкча, сүттүү саан уйларда, буйволдордо, эчкилерде жана койлордо туутка чейин же туутан кийин пайда болот. Сүт өндүрүү үчүн көп өлчөмдөгү кальций жумшалганда, кандагы кальцийдин деңгээли өтө төмөн түшүп, булчуңдарды жана жүрөктү алсыратат. 90% кальций сөөктө сакталат, бирок сүт алгач чыга баштаганда кальцийди тез чыгара албайт. Парезди дарылабаса, тез өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Белгилери:

Алсыз, кээде ордунан тура албайт.
Дене табынын төмөн болуусу.
Ичтин катуусу (кээде).
Кекире албагандыктан ичтин көбүүсү (кээде).
Диагноз:
Анамнездин жана симптомдорунун негизинде коюлат.
Дарылоо:
Эгерде ылаң өтө оор болуп, мал өлгөн жатса, тамырга кальций глюконатын (б.а. өзгөчө, бул көйгөй үчүн жасалган эритмесин), бөтөлкөдөгү көрсөтмөлөргө ылайык куйгула.
Эгерде анча оор эмес абалда болсо (басып жүрсө, бирок алсыз болсо), анда кальций глюконатын теринин алдына, тери жумшак болгон 3 же 4 жерге (моюнга, алдынкы буттун арт жагына, ж.б) сайгыла. Дарынын көрсөтмөсүндө көрсөтүлгөн дозаны бергиле.
Тууттан кийинки парез айыкканга чейин уйду аз-аздан саап туруу керек, бирок толук эмес.
Эскертүү: Кальцийди тамырга жайдан куюу керек. Кальцийди куюп жатканда жүрөктүн согушун байкап туруу керек. Эгерде жүрөк бирдей эмес согуп баштаса, анда дароо кальцийди токтоткула. Жүрөк өз калыбында иштеп баштаганда, кальцийди кайра куя баштагыла, бирок жүрөктүн согушун көзөмөлдөп, жайдан куюу керек.
Алдын алуу:
Мал туурга жакын курамында кальций көп болгон тоюттарды бербегиле (мисалы, жаңы чабылган кара беде же кургак чөп).
Бодо малдын кетозу Кетоз тууттан кийинки ацетонемия диспепсия же жай ысытма деп да аталат. Көбүнчө тууттан кийин бир нече күндөн бир нече жумага чейин байкалат. Бул экинчи даражадагы ылаң, анткени мал башка себептерден улам (мисалы, мастит, метрит, парез болгондо, чөбү түшпөй калганда) тоют жебей калат. Бул кандагы канттын деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. Мындай учурда көп саан уйлар денесинде сакталган майдан арыла баштайт. Андан кийин аларда кетоздун белгилери байкала башташы мүмкүн. 253-бетти карагыла.
Белгилери:
Мал дем алганда же анын заарасынан кетон жыттана баштайт.
Анорексия (тоют жебейт) жана ичтин катуусу.
Сүт өндүрүүнүн кескин төмөндөшү.
Шалдыроо же кыжалат болуу жана титирөө.
Чайпалуу, ордунан тура албай калуу.
Негизги көйгөй тууттан кийинки шал ылаңы, мастит, метрит же жумурдун жылып кетүүсү да болушу мүмкүн.
Диагноз:
Белгилерине жана анамнезге негизделип коюлат.


Кетозду заара аркылуу тастыктай турган тест-таякчалар бар. Тестти заарага малганда дароо белгилүү бир түскө айланат.
Дарылоо:
500–1000 мл 40% глюкоза эритмесин тамырга куйгула.
Эгер мал жакшы болуп калса, анда кетоз болгон болуусу керек. Пропиленгликольду (200-500мл) күн сайын бир нече күн ооз аркылуу берүүнү уланткыла.
Башка негизги себептерин дарылоо керек.
Эгерде дарылоодо мал айыкпаса, анда малды кайра текшерип чыгуу керек.
Пропиленгликоль Алдын алуу жана көзөмөлдөө:
Бооз уйлардын ашыкча семиришине жол бербегиле, анткени бул кетоз болуу тобокелчилигин жогорулатат.
Бооз койлордун токсемиясы (бооз койлордун кетозу)
Бул “Эгиз козу ылаңы” деп да аталат, анткени ал көбүнчө эгиз же үч эм козуларды көтөргөн койлордо кездешет. Бооз токсемиясы, адатта, мал туутка жакындап калган учурунда түйүлдүк тез өсүп, глюкозаны энесинен көп ала баштаганда пайда болот.
Эненин канынын глюкозасы төмөндөп, денеси майларды иштетип баштайт. Ага кошумча канга кетондор топтолот. Бул көйгөй эне кой кандайдыр бир себептерден (мис. ылаңдан, капыстан көчүрүп же стресс кылгандан, бороон-чапкын) тоюттануусу бузулган учурда гана пайда болушу мүмкүн, 253, 254-беттерди карагыла.
Белгилери:
Дем алганда же заарадан кетондун жыты жыттанышы мүмкүн.
Алсыздык, мал ордунан тура албайт.
Анорексия (тоюттанбай калат).
Айланып басуу сыяктуу нерв белгилери, чыйрыгуу, сокурдук, башын кыймылсыз бир нерселерге такоо.
Диагноз:
Белгилерине жана анамнезге негизделет.
Дарылоо:
Шашылыш операция кылып козуларды алуу же дексометазон сайып тез туудуруу жолунан башка бир дагы дарылоо натыйжалуу эмес.
40% 200 мл глюкозаны тамырга куюу зарыл.

Ылаңдын башталышында койго глицерин же пропиленгликолду ооз аркылуу, жакшы болгонго чейин берүү туура болот.
Алдын алуу жана көзөмөлдөө:
Койлордун бооз учурунда өтө семирүүсүнө жол бербегиле.
Бооз койлорду дайыма жайып тургула.
Тууту жакындап калган койлорду жетиштүү углеводдор менен камсыз кылгыла.
Пропиленгликоль Эгерде бир же бир нече бооз кой токсемияга кабылса, бооз койлордун бардыгына жемдин көлөмүн көбөйтүү керек. Пропиленгликолдон бир доза (эгер бар болсо) берүүнү ойлонуп көргүлө жана дарылоону эрте баштоо үчүн белгилерин кылдат байкагыла.
ЖУГУШТУУ ЭМЕС БАШКА ЫЛАҢДАР
Гипомагнемия жана чөп тетаниясы Муну ошондой эле "чөп тетаниясы" деп аташат. Бул көк чөптө же буудай жайытында, өзгөчө, азот жана калий жер семирткичтери колдонулган жерлерде жайылган сүттүү уйларда кездешет. Мындай чөптүн курамында магний аз болуп, магнийдин жетишсиздигине алып келиши ыктымал. Кээде бооз саан уйлардын гипокальциемиясы менен да байланыштуу болот.
Белгилери:
Кетозго окшош белгилер.
Чайпалып басуу.
Мал жыгылып, буттарын катуу уруп алуусу мүмкүн (мис. Тетания).
Булчуңдардын титиреши байкалат.
Диагноз Белгилерге жана анамнезге негизделет (жана бул силердин аймакта көйгөй экенин билүү).
Дарылоо:
Курамында кальций жана магний бар коммерциялык минералдык эритмени тамырга куйгула (дарыдагы көрсөтмөлөргө ылайык).
Алдын алуу жана көзөмөлдөө:
Бул көйгөй жаралган аймактарда малдын рационуна кошумча магний берилиши керек. Мунун көп жолдору бар, мисалы, магний кычкылын же аралаш магний кошулмалары менен тоюттандыруу туура болот. Жергиликтүү ветеринардык кызматкер менен да кеңешип көргүлө.
Рак Рак – бул кээ бир дене клеткалары анормалдуу түрдө көбөйгөн абал. Бул анормалдуу клеткалар "рак клеткалары" деп аталат жана кан же лимфа тутуму аркылуу бүт денеге жайылышы мүмкүн. Дененин башка бөлүктөрүнө жайылып кеткен рак клеткалары "залалдуу" деп аталат. Жайылбаган рак клеткалары "залалдуу эмес" деп аталат. Залалдуу рак клеткалары боор, мээ, жүрөк жана өпкө сыяктуу органдарга кирип, акыры малды өлтүрүшү мүмкүн. Бир жерде чогулган рак клеткаларынын тобу көбүнчө "шишик" деп аталат.
Рак аномалдуу түрдө көбөйгөн клетканын түрүнө жараша ар кандай аталат. Мисалы, лейкоциттердин рагы лейкоз, лимфа бездери лимфома, сөөк клеткалары остеосаркома деп аталат. Рактын кээ бир түрлөрү малдын белгилүү бир түрлөрүндө, породаларында же тукумунда (кан тегинде), ошондой эле айрым географиялык аймактарда көбүрөөк кездешет. Буга кошумча, кээ бир вирустар рак ылаңына алып келиши мүмкүн.
Жалпысынан, малдын же жылкынын залалдуу рак ылаңын натыйжалуу жана арзан дарылоо мүмкүн эмес. Мал акырындап өлүмгө дуушар болот (өлтүрүүчү дары сайып же союп салса болот). Шишиктерди хирургиялык жол менен алып салууга болот, бул залалсыз ракты айыктырат же эрте жасалган болсо, залалдуу рак клеткаларынын жайылуусунун алдын алат.
Рак клеткаларынын көбөйүшүн токтотуу аракети рентген нурларын (“нур терапиясы” деп аталат) же белгилүү бир химиялык заттарды колдонуу менен ишке ашырылат (“химиотерапия” деп аталат). Бирок бул ыкмаларды малга колдонуу, адатта, чыгым жагынан актабайт.
Бодо малдын лейкозу (лимфома)
Кээ бир өлкөлөрдө бодо малдын лейкозу малдын рак ылаңынын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири болуп саналат. Аны вирус козгойт жана бир ийне менен көптөгөн жаныбарларга дары сайганда, үйүргө тарап кетүүсү мүмкүн. Белгилери көбүнчө бүдөмүк жана жалпы болуп, көйгөйдү аныктоону кыйындатат. Ылаңга чалдыккан малдын лимфа бездери чоңоюп, тез-тез ылаңдашы мүмкүн. Бул оорунун эч кандай дарысы жок.