Токсемия
Токсемия Токсин – организмде уу катары таасир берүүчү зат. "Токсемия" деген сөз көптөгөн дене тутумунда оор ылаңдарды пайда кылган жана кээде өлүмгө алып келген кандагы уулуу зат. Геморогиялык септицемия, метрит, мастит же киндик инфекциясы сыяктуу ылаңдардан келип чыгышы мүмкүн. 154, 196, 205-беттерди карагыла. МСКК токсемиянын себебин аныктоого аракет кылышы керек.
Белгилери жана диагнозу:
Кан айлануунун начарлашы, жүрөк жай согуп жатканы муну тастыктайт.
Тиштин бүйлөлөрү, кындын ичиндеги эти, же коньюнктива (б.а. көздүн айланасындагы ткандар) кочкул кызыл же кызгылтым түс болуп калат.
Кээде башында малдын дене табы көтөрүлөт, бирок токсемия күчөгөндө дене табы нормадан төмөн түшүп кетиши мүмкүн.
Тез-тез дем алат.
Эскертүү! Малга суу берүү керек, эгер мал суу ичсе бул жакшы жышаан болуп саналат, демек, уулануу анча күчөгөн эмес.
Дарылоо: Токсикемиядан мал өлүп калуу коркунучу бар. Малдын дене табынын нормадан төмөн түшүшү өзгөчө олуттуу болуп саналат.
Токсикемиянын негизги себебин аныктоого аракет кылгыла (мисалы, метрит, мастит ж.б.) жана аны дарылагыла.
Эгерде токсемияны пайда кылган негизги себеби так аныкталбаса, бирок мал дагы эле сергек жана канаттандыраарлык абалда болсо, антибиотиктердин чоң дозалары мисалы, тетрациклин же пенициллин менен дарылоо керек.
Токсемия менен ылаңдаган мал көбүнчө тез айыгып кетет же өлөт. Мал оңолуп баштаса, жогорку сапаттагы тоют жана сууну тез-тез берип тургула.
Дегидратация же суунун жетишсиздиги Суу эң маанилүү азык жана малдын салмагынын 50%га жакынын түзөт. Денедеги суу натрий хлоридди (туз) жана калий, кальций сыяктуу башка ("электролиттер" деп аталган) минералдар менен аралашат. Организм сууну жоготкондо (мисалы, ич өткөктөн, кусуудан, тердөөдөн) мындай учурда жакшы минералдардын бир бөлүгүн да жоготот, же алар бири-бири менен тең салмактуулугун жоготот. Бул тең салмактын жоктугу дене клеткаларынын иштешине, кан айланууга, жүрөктүн кагышына жана бөйрөктөрдүн иштешине көйгөй жаратышы мүмкүн. Бөйрөк иштебей калса, канга калдыктар чогулат. Андан кийин малда токсемия белгилери пайда болуп, өлүмгө дуушар болот. Жүрөктүн туура эмес согуусу өлүмгө да алып келиши мүмкүн.
Кээ бир мал сууну жеген тоюту аркылуу алат. Бирок малдын көп түрү жашоо үчүн дагы суу ичиш керек. Айрыкча, ылаңдаган, сүт берген жана жаш мал таза ичүүчү сууга муктаж.
Суу жетишпестиктин белгилери:
Мурундун жана ооздун кургашы.
Шалдыроо.
Зааранын түсү кочкул кызыл болуп кетет же заара азаят.
Терини чымчып тартып туруп кое бергенде, тери тез ордуна келбейт (б.а.“чоюлчаак” эмес, 49-бетти карагыла).
Көз чанагына кирип калат (катуу суусуздануунун белгиси).
Диагноз: Белгилерине негизделет.
Дарылоо:
Суу тартыштыктын негизги дарысы суу болуп саналат. Бирок денедеги кээ бир минералдар ич өткөндөн же тер менен чыгып кетиши мүмкүн. Ооз аркылуу бере турган Регидратация Суюктугу (ОРС) жардам берет, бул минералдарды алмаштырып, суу жетпей жаткан малдын ден соолугун калыбына келтирет. Эгерде ОРС жок болсо, таза суу бергиле.
Майда жаныбарлар үчүн ОРС пакеттери


Көп өлкөлөрдө, адатта, арзан "Ооз аркылуу бериле турган Туз Регидратация Суюктук” (ОРС) пакеттери санитардык пункттарда же дарыканаларда сатылат. Кээ бир өлкөлөр пакеттерди өздөрү жасашат. Башка өлкөлөр пакеттерде чоң тамгалар менен белгиленген UNICEF тарабынан берилген пакеттерди алышат. Бул пакеттерди малга да колдонсо болот. Аны көрсөтмөлөргө ылайык даярдагыла. Адатта, пакет бир литр таза сууга кошулат.
Эскертүү!! ОРСту эч качан аз сууга аралаштырбагыла. Ашыкча концентрациялуу ОРС малдын абалын начарлатышы мүмкүн.
ҮЙ ШАРТЫНДА ЖАСАЛГАН ЭЭРИТМЕ (өзгөчө бодо мал үчүн)
Эгерде ОРС пакеттери жок болсо, үй шартында даярдалган регидратация эритмесин бир литр таза сууга эки аш кашык шекер жана бир чай кашык туз аралаштырып даярдаса болот. Мүмкүн болсо, акиташ же лимон ширесинин бир нече тамчысын (калий менен камсыз кылуу үчүн) эритмеге кошкула.










Лимон Үй шартында даярдалган ОРС жакшыртуу:
Эгерде күрүч уну бар болсо, канттын ордуна 2 аш кашык кошкула. Күрүч уну, адатта, арзаныраак болот, бир аз кубат менен камсыз кылат жана ич өтүүнү токтотконго жардам берет.
Эгерде натрий бикарбонаты бар болсо, туз аралаштыргыла, мисалы 1/2 чай кашык бикарбонатка жана 1/2 чай кашык тузду кошууга болот.
Бериле турган суюктуктун көлөмү Канча ОРС берилиши керек? Теория жактан алганда, мал ич өткөк болгон учурда канча суюктук жоготсо, жок эле дегенде ошончо ОРС берилиши туура болот.
Суюктуктарды кантип берүүкерек:
Эгерде мал ичүүгө алы жок болсо, анда аны мажбурлап ичирүү керек. Майда мал же жаш малдарга (мисалы, улактар же козулар) суюктукту акырындап ичирсе болот. Мал суюктукту жуткудай кылып, кичинекей кашык же шприцти (ийнеси жок) колдонгула. Суюктук көп жоготкон мал көп учурда алсыз болуп калат жана ага аяр мамиле кылуу керек. Суюктукту акырындык менен берүү зарыл, бул малдын жутуусуна мүмкүнчүлүк берет. Чоңураак малга ашказан түтүгү аркылуу суюктуктарды мажбурлап берүүгө болот. 66-бетти карагыла.
Тамырга сайыла турган суюктукту сайганды билген адам болсо, андай суюктуктарды да берсе болот. Тамырга сайылуучу суюктуктарды акырындык менен, ошол эле учурда жүрөктүн кагышын көзөмөлдөө аркылуу берүү туура болот. Эгерде жүрөк туура эмес согуп баштаса, анда суюктукту берүүнү токтоткула. Жүрөктүн согушу нормалдашкандан кийин кайра берсе болот.
Дегидратациянын алдын алуу:
Малдын ичи өтүп кеткенде дароо суу же ОРС бере баштагыла.
Ылаңдаган же алсыз малдын суу ичүүсүнө жардам бергиле.
Малды иче турган таза суу менен камсыз кылгыла.