Отит
Отит Кулактын сезгенүүсү отит деп аталат, ал көбүнчө бактериялардан улам болот. Отит малда көп кездешпейт, жараат курт-кумурскалар чакканда пайда болушу мүмкүн. Кулак кенелери да айрыкча, коёндордо инфекцияларды пайда кылат. 257-бетти карагыла.
Белгилери:
Мал көбүнчө башын чайкап, кулагын кашыйт.
Оор инфекцияларда кулактан кан же ириң чыгышы мүмкүн.
Малдын дене табы жогору болушу мүмкүн.
Диагноз:
Белгилерине негизделет.
Дарылоо:
Кулакты таза суу же суюлтулган дезинфекциялоочу антисептик менен (суюлтулган суутек кычкылы да жакшы жардам берет) жакшылап жуу зарыл. Өзгөчө жылкынын, качырдын, эшектин кулагына суюктук куюуга болбойт.
Кебезди же таза кездемени колдонуп кулакты кургаткыла.
Антибиотик майын же бензилди колдонгула.
Эгерде малдын дене табы жогоруласа, антибиотик сайгыла.